COVID-19: Германиялык BioNTech компаниясы өз вакцинасын кошумча өндүрүүнү тездеткиси келет

Германиялык тургундар Pfizer-BioNTech вакцинасы менен эмдетүү үчүн кезекте турушат. Берлин. 2020-жылдын 26-декабры.

Быйыл дүйнө жүзүндө калк саны 7 миллиард 875 миллион кишиге жетиши мүмкүн. Ал эми BioNTech-Pfizer вакцинасы быйыл 650 миллион кишини гана эмдөөгө жетиши күтүлөт, ошондуктан BioNTech компаниясы өз дарысын кошумча өндүрүү аргаларын ойлонуштурууда.

Германиядагы дары-дармек жасоочу BioNTech компаниясы коронавирус илдетине каршы өзү ойлоп тапкан вакцинаны өндүрүү ишин кеңири жайылтууну ойлонуштурууда.

Дагы караңыз ДССУ Pfizer-BioNTech вакцинасын колдонууга уруксат берди

Азырынча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чукул кырдаалда колдонуу үчүн ылаажы катары BioNTech компаниясы иштеп чыккан вакцинаны гана дүйнө жүзүндө колдонууга сунуш кылды.

BioNTech компаниясынын кош негиздөөчүлөрүнүн бири жана аткаруучу директору Угур Шахин (Uğur Şahin). Майнц ш., Германия. 2020-жылдын 22-декабры.

Азыркы кырдаалды көңүлгө төп деп айтууга эч болбойт”, – деди BioNTech компаниясынын кош негиздөөчүсүнүн бири, доктор Угур Шахин (Uğur Şahin; 1965-жылы Түркиянын Хатай дубанына караштуу Искендерун ооданында туулган; 4 жашында Германиянын Көлн шаарына энеси менен көчүп келип, мындагы мигрант атасына кошулган).

Дагы караңыз Үмүт жандырган дагы бир америкалык вакцина

2021-жылы 1-январда “Шпигел” басылмасына курган маегинде Шахин өз сөзүн төмөнкүдөй улантты:

Мында боштук жаралды, анткени башка жактырылган вакциналар жок болуп жатат жана биз бул боштукту өз вакциналарыбыз менен толтурушубуз кажет”.

BioNTech компаниясы өз вакцинасын америкалык Pfizer компаниясы менен бирдикте кеңири өлчөмдө өндүрө баштаган. Бул вакцинаны Европа Биримдиги өткөн айда жактырган. Улуу Британия, Канада жана Кошмо Штаттар да бул ылаажыны колдоно башташты.

BioNTech компаниясынын тең негиздөөчүсү, доктор Өзлем Түрежи (Özlem Türeci). 2020-жылдын 18-декабры.

BioNTech компаниясынын экинчи негиздөөчүсү, доктор Өзлем Түрежи (Özlem Türeci; 1967-жылы Германияда туулган түрк тектүү айым; анын ата-энеси Стамбулдан Германиянын Ластруп шаарына көчүп келишкен жана ал дал ушул шаарда жарык дүйнөгө келген) – доктор Угур Шахиндин жубайы болуп саналат.

Дагы караңыз Индия вакцина өндүрө баштайт

Өзлем Түрежи айым “Шпигел” үчүн курган маегинде Европа Биримдиги оболу коронавируска каршы атаандаш бир нече вакцина өндүрүлүшү мүмкүн деп жоромол кылгандыгын белгиледи.

Бирок кайсы бир учурда башка көптөгөн вакцина жасоочулар өз өнүмдөрүн чукул арада өндүрө албай тургандыгы айкын болуп калды”, – деди Түречи айым.

Дагы караңыз БУУ: вакцина теңдикке жолтоо болбошу керек

Эми BioNTech компаниясы келээрки айда Германиянын өзүндө вакцина өндүрүү үчүн жаңы иш жайын ачууга камынууда. Бул иш жайында быйылкы жылдын алгачкы жарымында эле кошумча 250 миллион доза өндүрүлүшү күтүлөт.

Дагы караңыз COVID-19: ЮНИСЕФ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ажатын ачуу ниетинде

2021-жылдын 1-январынын кечине карата дүйнө жүзүндө дээрлик 84 миллион 215 839 киши коронавируска чалдыкты. Анын ичинен 59 миллион 569 003 киши айыгып чыкты. Жалпысынан 1 миллион 832 624 киши өмүрүнөн айрылды. Учурда 22 миллион 814 212 киши дарыланууда. Чыныгы кырдаал бул көрсөткүчтөн алда канча көп болушу ыктымал.

1-январда АКШнын Флорида штатында коронавирустун Улуу Британияда алгач байкалган түрү табылгандыгы маалымдалды. Түркия да 1-январда өз аймагында ушул түргө чалдыккан 15 учур тууралуу кабардады, анын бардыгы Улуу Британиядан келген кишилерден аныкталган. Он чакты өлкө Улуу Британиядан келчү каттамдарга убактылуу тыюу салды.

Дагы караңыз Коронавирустун жаңы штаммы Кытайда да аныкталды

Британдык окумуштуулардын ишениминде, коронавирустун бул жаңы түрү тезирээк жайылуу жөндөмүнө ээ болгонуна карабастан, аны башка түрлөргө салыштырмалуу калайыкты көбүрөөк өлүм-житимге алып келет деп айтууга болбойт. Андан тышкары, бул түр деле коронавируска каршы колдонулуп жаткан азыркы вакциналарга туруштук кыла алат деп тыянак чыгаруу деле жарабайт, дешет адистер.

BioNTech менен Pfizer биргелешип 2021-жылдын ичинде 1,3 миллиард ийнелик өлчөмдө вакцина өндүрүүгө камынып жатышкан. Бул дүйнөдө болгону 650 миллион кишини гана эмдөөгө жетет.

Дагы караңыз 2021: Ар бир кризистен кийин өнүгүүгө жол ачылат
Дагы караңыз Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгара баштайт

2021-жылдын алгачкы алты айында «Pfizer-BioNTech», «Модерна», “Sputnik–V”, кытайлык жана башка бир катар вакциналар атаандаштык негизде өндүрүлөөрү жана эмдөөдө колдонулаары күтүлүүдө.

Эгерде буга чейин дары-дармек өндүрүшүндө бир вакцинаны даярдоо иши 10-20 жылдык убакытты талап кылса, 2020-жылы COVID-19 илдетинин алааматтуу коркунучунан улам ага каршы вакцина түрлөрү болуп көрбөгөндөй кыска мөөнөттө сыноодон өткөрүлдү. Ушул тапта дүйнөдө (анын ичинде чакан өлкөлөрдө да) 320дан ашуун жаңы вакциналардын үстүндө илимий иштер улантылып жатат.

2021-жылда дүйнө жүзүндө калк саны 7 миллиард 875 миллионго жакын болушу күтүлөт.