Лос-Анжелесте "Алтын глобустун" ээлери аталды

Бен Аффлектин "Арго" фильми эң мыкты деп аталып, "Алтын глобусту" жеңди. 13-январь, 2013-жыл.

Жекшембиде Лос-Анжелесте “Алтын глобус” киносыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду. Бен Аффлек эң мыкты режиссер, анын "Арго" деген тасмасы эң мыкты фильм деп аталды. 70 жылдан бери ыйгарылган “Алтын глобусту” Оскардын алдындагы репетиция деп атап коюшат.
“Алтын глобус” 1944-жылдан бери Голливуддун чет өлкөлүк пресса ассоциациясы тарабынан тапшырылып келет. Айтылуу Оскар жана Британ киноакадемиясынын сыйлыктары менен катар “Алтын глобус” кинодүйнөсүндөгү эң абройлуу сыйлык деп саналат.

Бен Аффлектин Тегеранда 1979-жылкы ислам революциясы маалындагы окуяларды баяндаган “Арго” эң мыкты фильм деп аталды. Аффлек өзү эң мыкты режиссер катары сыйлык алды. Айтмакчы, "эң мыкты фильм" деген номинацияда режиссер Стивен Спилбергдин АКШнын киши колдуу болгон президенти Авраам Линколн жөнүндөгү “Линколн “фильми, “Арго” жана “Пинин жашоосу” (Life of Pi) ортосунда атаандаштык күчтүү болду.

- Бул кандай, эмне сыйлык экени анча маанилүү эмес. Сиздин атыңызды ушундай таланттуу адамдардын катарында атаганда, бул - жашооңуздагы өзүнчө бир чоң окуя. Талапкерлердин ар бири кайталангыс талант. Аларга кошулуу, мына жараткан көрүп турат - чоң сыймык. Бардыгына ыраазычылыгмды айткым келет, - деди буга чейин негизинен киноролдору менен таанылган Аффлек.

Авраам Линколндун ролун аткарган Дэниэл Дэй Льюиске эң мыкты актер деген категорияда сыйлык тапшырылды. Баса, Стивен Спилбергдин тасмасы менен АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон тааныштырды.

Жессика Честейн болсо “Номур биринчи бута” (Zero Dark Thirty) фильминдеги ролу үчүн эң мыкты актриса деген наамга ээ болду. Чет тилдеги фильмдер арасында австриялык режиссер Михаэл Ханекенин француз тилиндеги “Сүйүү” (Amour) фильми жеңди. Эң мыкты сценарий үчүн сыйлыкты “Эркин Жанго” (Django Unchained) фильминин режиссеру жана сценаристи Кветин Тарантино алды.

“Алтын глобусту” адатта Оскардын алдындагы репетиция деп атап коюшат. Бул ирет да, сыягы, салт бузулбачудай. Киноакадемиянын сыйлыгына көргөзүлгөн дээрлик бардык талапкерлер Лос-Анжелестеги жекшемби күнкү аземден куру кеткен жок. Эми Оскардын бактылуу ээлери 24-февралда сыйлык тапшырылганда белгилүү болмокчу.

Өткөн жумада Оскарга талапкерлер жарыяланган. Спилбергдин “Линколн” тасмасы Киноакадемиянын 12 Оскар сыйлыгына көрсөтүлдү. "Пинин жашоосу" (Life of Pi) 11 категорияда талапкер болду.

Эң мыкты фильм үчүн сыйлыкка дагы 7 тасма көрсөтүлдү. Алардын ичинде “Кордук көрүп, запкы чеккендер” (Les Miserables) мюзикл, "Арго",“Сүйүү” Усама Бин Ладенди табуу аракеттерин, аны жок кылуу операциясын баяндаган “Номур биринчи бута” деген жана башка фильмдер бар.

Ал эми британиялык ырчы Адель "Агент 007" Жеймс Бонд жөнүндөгү фильмде аткарган "Skyfall" деген ыры үчүн “Алтын глобусту” алды.