Тарыхка жазылчу бир апта

Италиянын Генуя шаарындагы көпүрөнүн түркүктөрүн жардырган кезде асманга көтөрүлгөн чаң. 28-июнь.

Эки киши татарлардын улуттук Сабантуй майрамында кап менен урушуп, бири-бирин кулатууга аракет кылып жатышат. Орусиянын Сабинский аймагы, Мингер айылы.

Грузиядагы оппозициянын тарапташтары 27-июнда Тбилисидеги парламенттин имаратынын астына чыгып, ички иштер министрин демонстранттарга күч колдонгону үчүн кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

Махаража Ранжит Синхтин (Сикхтердин мамлекетин түптөгөн хан) өлгөнүнүн 180 жылдыгын белгилеп жаткан Лахордун сикхтери. 27-июнь.

Түгөйлөр Эйфел мунарасынын маңдайында жайгашкан Трокадеро фонтанында ысыктан сактанып жатышат.

Ирандык аялдар автобуста отурат. Тегеран шаары.

Иорданиялыктар Абдуллах II Хандын такка отурганынын 20 жылдыгын Иорданиянын борбору Амман шаарында белгилешүүдө. 25-июнь.

Евробиримдиктин желегин оронуп алган жигит Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылган митингге үстүнөн көз салып турат.

Оппозициячыл саясатчы Экрем Имамоглу жеңишке жетип, Стамбулдун мэрлигине кайтып келишин майрамдап жаткан жаштар. Түркия, 23-июнь.

Нева дарыясынын жээгине чогулгандар “Кызыл парус” деп аталган бүтүрүүчүлөрдүн майрамын белгилеп жатат. Бул майрам Санкт-Петербургда 18-25-июндун аралыгында белгиленет.

Индиянын Гуахати шаарындагы үй-бүлө чогулткан түшүмүн кургатып жатат.