Дүйнөнүн каймактары Давоско чогулду

Дүйнөлүк экономикалык форум.

Швейцариянын Давос курортунда 48-ирет өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форум башталды. Уюштуруучулардын айтымында, төрт күндүк жыйын маалында күнүнө 100дөй жолугушуу, талкуулар өтүп турат.

Алтымыштан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, жүздөгөн алдыңкы компаниялардын жетекчилери, илимпоздор, жарандык коом өкүлдөрү, дүйнө экономикасын башкарган элита Давоско бет алды. Быйылкы салттуу форумдун темасы “Бөлүнүп-жарылган дүйнөдө орток келечек түзүү” деп аталат.

Жолугушууларда лидерлер кызматташуунун, туруктуу өнүгүүнүн жолун табыш үчүн өз ойлору, идеялары менен бөлүшмөкчү.

Клаус Шваб.

- Чырмалышкан, бири-бирине байланган, алдыга тез жылып жаткан дүйнөдө чогуу-чаран аракет кылуу зарыл. Ансыз бир да адам, бир да өлкө же бүтүндөй улут күн тартибинде турган глобалдуу маселелерди өз алдынча чече албайт, - деди форумдун негиздөөчүсү жана аткаруучу төрагасы Клаус Шваб.

Төрт күндүк жыйын учурунда жүздөй жолугушуу, талкуулар өткөрүлүп турат. Алардын катышуучулары экономикалык өсүш, айлана-чөйрөнү коргоо, терроризм, жасалма интеллект, Африканын келечеги, качкындарды абалы өңдүү маселелерди талкуулашат.

Байкоочулар бул жолку форум өзгөчө болорун азыртадан эле айтышууда.

Форумдун ачылышынын алдында Доналд Трамп Давоско барарын бышыктады. 18 жылдан бери алгачкы ирет АКШнын президенти бул форумга катышмакчы. Акыркы жолу бул жыйынга Билл Клинтон келген. Трамп 26-январда сөз сүйлөйт деп күтүлүп жатат.

Ал арада бир нече жерде АКШ президентине каршы майда акциялар өттү. 23-январда Цюрихте нааразылыгын билдирген кишилер чогулары айтылды. Трампты Давостон алыс болууга чакырган петицияга 16 миңдей швейцариялык интернет колдонуучу кол койду.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Давостогу форумда.

"Полиция коопсуздукту камсыз кылууга 4 миң 300 кызматкерин тартты. Америка президентинин катышуусуна карабай, коопсуздук чаралары кадимкидей кала берет", - дешти жергиликтүү тартип коргоочулар. Муну менен бирге Альпы тоосуна жааган калың кардан улам көчкү коркунучу бир нече күн бою калары эскертилди.

Быйылкы форумда аялдар менен эркектердин укуктары өзүнчө талкууланат. Голливуддагы терс көрүнүштөрдөн улам бул маселеге өзгөчө көңүл бурулмакчы.

"Аялдарды кемсинтүү күч алды" деген дооматтан улам форумда Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристин Лагард, Норвегиянын премьер-министри Эрна Солберг жана IBM компаниясынын башкы директору Жинни Рометти теңтөрайымдык милдетти аркалашат.

Ырчы Элтон Жондун Эл аралык валюта фондунун бөлүштүрүүчү директору Кристин Лагард менен жолугушуусу. 22-январь, 2018-жыл.

Салт боюнча Давосто “дүйнөнү жакшыртууга” кошкон салымы үчүн маданият жана искусство ишмерлерине сыйлыктар тапшырылып жүрөт. Бул жолу лауреат наамына америкалык актриса Кейт Бланшет, индиялык актер Шахрух Хан жана британ ырчысы Элтон Жон татыды.

Форумдун ачылыш аземинде Вивалди менен Пьяцолланын музыкасына коюлган “Жыл мезгилдери” балетинин дүйнөлүк премьерасы болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.