Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: Робертино Лоретти

( Бала-гений тууралуу лирикалык чегинүү )
Италия - ырдын мекени, улуу музыканттардын, чыгаан композиторлордун жери экени бүт дүйнөгө белгилүү. Вивальди жана Керубини, Верди жана Беллини, Пуччини жана Россини, дагы толуп аткан атактуу музыканттар Италия жергесинен чыккан эмеспи. Ошондуктан Италиянын маданиятына, айрыкча музыкасына кызыккандар четтен чыгат.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Робертино Лоретти



...Даниялык телепродюсер Сайр Сёренсен да ошол Италия маданиятына аябай ынтызарлардын бири эле. Анын үстүнө продюсер деген жаңы таланттарды издеп, аларды элге чыгарып, ошонун эсебинен акча тапкан, керек болсо миллиондогон киреше тапкан адамдар эмеспи. Телевидениеде иштегендиктен жаңы иедяларды, темаларды таап, көрүүчүлөрдүн купулуна куп толо турган программаларды жасоо - анын милдети эле. Анын үстүнө 1960-жылы бул өлкөдө Эл аралык Олимпиада өтүп, “түбөлүк шаар” аталган Римге туристтер, күйөрмандар дүйнөнүн ар тарабынан суудай агылып келип жаткан убак. Музейлерге эл батпай, фотоаппарат көтөргөн адамдар шаарды, анын кафелери менен ресторандарын каптап кеткен кез болчу.

Италия маданиятын абдан жакшы көргөн Сёренсен кечке жуук шаардын борборундагы “Гранд-Италия” деген аянтта туш тараптан келген туристтер менен бирге музыка угуп отурду. Музыканттар биринен экинчиси жакшы эле. Бирок сахнага кичинекей тестиер бала чыгып, дүйнөгө белгилүү неополитан ырларын ырдап баштаганда, аргасыздан дүйнө түшүнөн чыгып, кантип “браво!” деп кыйкырып жибергенин өзү да билбей калды...

Бир эле даниялык продюсер эмес, башкалар да ордунан тура калып кол чабышып, жаш баланын адамдан башкача таза, ажайып үнүнө таң калып тыңшап отурушту. Кичинекей кара тору баланын ырдаганы, такшалган артисттерден бетер оркестр менен эриш-аркак жуурулушканы кимди да болсо таң калтырбай коймок эмес.

Сёренсен да дароо эле бул бала ким экенине, кайда жашаганына кызыкты. Эмне деген үй-бүлөдөн чыккан, ата-энеси ким, кайда окуйт деген өңдүү суроолорго жооп издей баштады. Көрсө, баланын аты Роберти, Римдеги эптеп-септеп оокат кылган 8 балалуу Лоретти деген шыбакчынын үй-бүлөсүнөн экен. Тырмактайынан ар кайсы ырчыны туурап ырдап, 6 жашынан баштап чиркөөдөгү хордо ырдай коюп жүрүптүр.

Ошол жерден анча-мынча музыкалык сабатын жоюп, кийин Римдин опералык театрында балдар хорунда ырдачу экен. Ал тургай бир операда кичинекей баланын эпизоддук ариясын ырдай коюп, аны көргөн Рим папасы ушунчалык жетине албай, баланы өзүнө чакыртып алып, кичинекей Робертинин бешенесинен сылаган экен.

Ошол арада кичинекей Роберти анча-мынча кинофильмдерге да тартыла коюп, ал гана эмес бир жолу басма сөз күнүнө арналган майрамда өмүрүндө биринчи жолу сыйлык да алыптыр. Тез аранын ичинде ага көп адамдардын мээри түшүп, сүймөнчүккө ээ боло баштаптыр. Адегенде ата-энеси жашаган көчөдө, андан соң айлана-тегеректеги кафелерде аты чыгып, кичинекей ырчы ошондон баштап Роберти эмес, эл эркелеткен Робертино атыгып кетиптир.

Ырчылыгы менен анча-мынча акча таап жаткан кичинекей уулуна ата-энеси жаны калбай сүйүнүшчү экен, себеби айлана-тегеректеги кафелер, ресторандар бизге келип ырдап бер деп биринен бири талаша баштаптыр. Кимдир-бирөөлөр Робертинону Италия радиосунда өтүп жаткан жаш ырчылардын конкурсуна да жетелеп барып, ал жерден бала алтын медаль алыптыр. Жогоруда аты аталган продюсер Сёренсен да Робертино Лореттини дал ошол убакта, “Гранд Италия” деген атактуу ресторанда, аянтта, Римде өтүп жаткан Эл аралык Олимпиада күндөрү биринчи жолу уккан тура.

Ошентип даниялык маэстро дароо эле кичинекей ырчынын уникалдуу музыкалык шыгын, периштеникиндей шыңгыр үнүн, табият берген талантын туура баалап, Робертинону өзү менен кошо Копенгагенге ала кетиптир. Ошентип профессионал менеджердин колуна тийген Робертино Лоретти кыска убакыттын ичинде Европага, андан соң бүткүл дүйнөгө таанымал бала ырчы, тагыраак айтканда бала-гений болуп чыга келген экен...

Чын-чынына келгенде дүйнөгө неополитан ырлары дегенди легендарлуу Энрике Карузо, Марио Ланца же Лучано Паваротти эмес, кичинекей Робертино таанытканын моюнга алуу керек. “О соле мио”, “Соррентого кайтып кел”, “Санта Лючия”, “Ямайка” сыяктуу азыр бүт дүйнө билген ырлардын чыныгы ажарын эң биринчи Робертино ачты. Америка менен Европада гастролдору укмуштуудай аншлаг менен өтүп, Парижде аны президент Шарль де Голь өзү чакырып, концертин укту. Робертинонун үй-бүлөсүнө акча да, атак менен даңк да келди. Бирок кичинекей ырчынын продюсерлери абдан шашып, аны аябагандай пайдаланды, себеби баарынын корккону Робертино балакаттан өтүп, өспүрүм куракка киргенде үнү бузулуп кетеби деген чочулоо бар эле...

Жаш ырчынын атак-даңкы айрыкча Советтер Союзунда укмуштуудай болду. Кедей-кембагал дегенде айрыкча боорукер советтик угармандар Италияга үстү-үстүнө кат жазып, конверттин ичине 5 сомун кошо салгандар миңдеп саналчу дешет. Ал эми СССРде Италиядан чыккан эң эле атактуу ырчы, массалык түрдө пластинкалары таралган эң алгачкы музыкант да Робертино Лоретти экенин кантип танууга болот? Аны өз көзү менен көрүп, үнүн уккусу келгендер миллиондоп саналчу.

Советтер Союзуна Робертино Лоретти эң биринчи жолу 1989-жылы гана келди. Бирок бул кезде ырчынын үнү мурунку керемет тембрин жоготуп, таптакыр башкача болуп калган кез эле. Себеби балакаттан өтүп, жигит курагына киргенден баштап, тилекке каршы, Робертинонун үнү да бузула баштады. Анын үнүн сактап калыш үчүн ким деген гана дарыгерлер, профессорлор, медиктер аракет кылды, бирок табияттын мыйзамын өзгөртүүгө эч бир мүмкүн эмес экен. Харьков шаарынын бир атактуу медик ага атайын кат жазып, эмне кылуу керектигин майда-чүйдөсүнөн бери айтып да көрдү, бирок Робертинонун керемет үнүн сактап калууга эч бир мүмкүн болбоду...

Лоретти азыр да ырдайт, бирок ал таптакыр башка Лоретти. Бала кездеги үнү “дискант” деп аталса, азыр үнү катардагы көп тенордун бири. Албетте, баягыдай кедей эмес, аты да, байлыгы да бар. Бирок баягы дүйнөнү дүңгүрөткөн үн жок. Ѳзү да үнү өзгөрүп кеткенден кийин аябай кайгыга батып, он жылга жакын таптакыр элге чыкпай коюптур. Дүкөн ачып, бизнес жасаганга да аракет кылыптыр. Бирок музыка каны-жаны менен бирге болгондуктан, акыры баары бир сахнага чыгып, ошондон бери колунан келишинче ырдап, бала кездеги тапкан атак-даңкынын көлөкөсү менен катардан калбай келе жатат.

Ошондой болсо да Робертино Лоретти вокалдык музыканын тарыхында түбөлүк калды. Кереметтүү Италиянын маданий мактанычтарынын бирине айланды. Энрике Карузо, Марио Ланца, Лучано Паваротти кандай белгилүү болсо, Робертино Лоретти да италия музыкасынын символдорунун бири болуп ар дайым кала бермекчи.