Кытай деңизге көпүрө салды

Гонконг-Чжухай-Макао көпүрөсү

Узундугу 55 чакырым. Кытайда деңиз үстүнөн өткөн, туннель жана жасалма аралдарды камтыган көпүрө ачылды. Ал автономдуу башкаруудагы, бирок Кытай бийлигине баш ийген Гонконг менен Макаону бириктирет.

Гонконг менен Макао Кытайдын түштүгүндөгү, деңиз жээгинде жайгашкан атайын аймактар. "Бир өлкө, эки система" идеясынын негизинде тышкы саясаты менен коргонуу жагын Кытай көзөмөлдөйт. Жетекчилерин да дайындайт. Ал эми ички саясатын аймактар өзү чечет.

Узак жылдар Гонконг Британиянын, Макао Португалиянын колониясында болуп, анан Кытайдын таасирине өткөн.

Ортолорун Түштүк Кытай деңизинин булуңу бөлүп турат. Мына ушул булуңду кесип, эки аймакты жана Кытайдын өзүнүн Чжухай шаарын бириктирген көпүрө 23-октябрда ачылды. Ага өлкө президенти Си Цзинпин катышты.

Жалпы узундугу 55 чакырым. Анын жети чакырымы туннель. Ара жолдо эки жасалма арал да салынган.

- Мурда Гонконгго суу транспорту менен барчубуз. Бир сааттан ашык жүрүп, 160-180 юандык кымбат билеттерди алганга аргасыз элек. Эми барып-келишке 58 гана юань төлөйбүз, - деп сүйүндү Лю Ганг аттуу киши.

Көпүрөнү тиктеп турган Луо Феңжи аттуу айым да кубанычын жашырбады:

- Кытайдын экономикасынын кубаты артып баратат. Инфраструктура жакшыргандан жакшырууда. Буга абдан сыймыктанып турабыз.

Макао менен Гонконгдун ортосундагы кысык. Көк сызык көпүрөнүн ордун көрсөтүүдө

​Макао менен Гонконг туризм, оюн-зоок бизнеси, соода өнүккөн аймак. Миллиондогон турист, эл үчүн болуп көрбөгөндөй ыңгайлуулук түзүлдү дешет саясатчылар.

- Гонконг-Макао-Чжухай көпүрөсү Гонконгдун келечекте ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ириде бул атайын административдик аймактар – Гонконг менен Макону бириктирген жол. Эки аймактын багыттарын, эрежелерин, ийгиликтерин бириктирет. Экинчиден, Чжухайдын аэропортунан Гонконгго чейинки төрт сааттык жол кыскарып, 45 мүнөт болуп калат, - деди ачылыш аземдеги сөзүндө Гонгконг администрациясынын башчысы Кэрри Лам айым.

Инженерлер көпүрө заманбап курулуш материалдарынан салынганына, бышык экенине, бери дегенде 120 жыл кызмат кыларына кепилдик берүүдө.

Аны толук бүтүрүү үчүн дээрлик тогуз жыл жана 20 млрд доллар короду.

Дароо дүйнөдөгү эң узун көпүрө аталып, Кытай үчүн ары татаал, ары дагы бир ирет өз күчүн даңазалаган курулуш болуп калды.

1990-жылдардан тарта Кытай экономикасы дүркүрөп, ички дүң жыйымы АКШдан кийинки экинчи орунга көтөрүлдү.

Өз соода саясатын бекем карманып, Кошмо Штаттар менен тирешип турган учуру.

Ошол эле маалда буга чейин жабык саналган Кытай акыркы жылдары дүйнөгө ачылып, инвестиция жана насыяларынын арты менен таасирин арттырууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.