Сыйкырдуу Венеция карнавалы

Венеция карнавалы

Карнавал – бул майрам, театр, музыка, маскалар, бай дасторкондор. Өткөн аптада аяктаган Венеция карнавалы жөнүндө окуңуз.
Карнавал деген сыйкырдуу сөздү укканда Рио-де-Жанейронун көчөлөрүндөгү самбаны, майрамдык жүрүштөрдү, байыркы Венециянын тар көчөлөрү менен каналдарын каптаган маскачан, кызыл-тазыл костюмчан актерлордун театралдык оюндарын элестетесиң.

Жылына февраль, март айларында католик өлкөлөрүнүн бир катар шаар-кыштактары шаан шөкөткө, майрамдык маанайга бөлөнөт. Улуу посттун алдында салттуу карнавалдар уюштурулат. Карнавал деген сөздүн өзү "carnem levare" - латин тилинен “эттен баш тартуу” деп которулат. Христиандар пасхага чейин ооздорун бекитип, эт, башка бир катар тамактарды жешпейт. Бирок кээ бир тарыхчылар чиркөө христиандарга чейинки майрамды өздөрүнө ылайыкташырып, пайдаланып алган дешет.

Эмнеси болсо да, карнавал – бул майрам, театр, музыка, маскалар, бай дасторкондор.

1928-жылдан бери өткөрүлүп келаткан Рио-де-Жанейродогу карнавалды көрүү үчүн жылына дүйнөнүн чар тарабынан миңдеген турист Бразилияга аттанат. Салт боюнча майрам пасхага 7 жума калганда башталат. Бий, музыка, түстүү кийим-кечелерди кийген аял, эркектер шаардын көчөлөрүн аралап өтүшкөндө, кайдыгер адам калбайт болуш керек. Майрамдын соңунда, адатта, самба боюнча мелдеш болот. 4 миңдей бийчи самба боюнча түрдүү мектептирдин намысын коргошот. Жеңүүчүнү адистерден куралган калыстар тобу аныктайт.

Ал эми эң байыркы жана көркөмдүүлүгү жагынан Риодон кем калбаган, а балким андан да ашкан карнавалды көрүү үчүн, албетте, Венецияга баруу керек.

Италиянын түндүгүндө орун алган айтылуу Венециядагы алгачкы карнавал жөнүндө маалымат 1094-жылга тиешелүү. 1296-жылы болсо Венеция жумуриятынын Сенаты пост алдындагы биринчи күндү расмий майрам деп жарыялаган.

7-кылымдын соңунан 1797-жылга чейин Венеция азыркы Италиянын түндүк-чыгышында орун алган көз карандысыз жумурияттын баш калаасы болчу.

Анда быйылкы карнавал жөнүндө анын көркөм директору Давиде Рампеллодон (Davide Rampello) уксак:

- Карнавалдын негизги атрибуту бул – маска. 1500-жылдары карнавал 6 айга созулган театралдык сезонго дал келчү. Ал өзгөчө бир заман болгон. Венецияда Вивалди, Марчелло өңдүү музыканттар, сүрөтчүлөр, Белотто, Каналетто, Пьяцетта алгачкы чыгармаларын жаратышкан. Ал кезде шаар дүйнөлүк театрдын борбору деген атка бекер жеринен конгон эмес. Венецияда улам жаңы театрлар ачылып, профессионалдык сахналардын саны саны 6, 7, 8 чейин жетип турчу.

Венеция – оюндун, тамаша-шакабалардын, жеңил-желпи сүйүнүн, Казанованын шаары катары белгилүү болчу. Мунун бардыгы маска кийүүгө өбөлгө түзгөн. Башка карнавалдардан айырмаланып, Венеция каалоочулардын бардыгына оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Маска тагынып, костюм кийип алып, Сан Марко аянтын, хан сарайларды аралай аласыңар. Ошентип, өзүңөрдү карнавалды көрүү үчүн келген туристтердей эмес, анын катышуучуларынын бири катары сезип каласыңар.

Быйылкы программа эмнеси менен айырмаланды? Кандай кызыктуу иш-чаралар менен коштолду?

- Карнавал ар кыл маданий иш-чаралар менен коштолот. Дүйшөмбүдө демейде саат 5ке чейин эле иштеген бардык музейлер түнкүгө чейин ачык болду. Марчана китепканасында, Кверино Стампальянын галереясында бир катар көргөзмөлөр, Бенедетто Марчелло атындагы консерваторияда, Кино үйүндө, чиркөөлөрдө концерттер уюштурулду. Бүтүндөй шаар искусствонун, өнөрдүн, маданияттын, өзгөчө бир атмосферанын кучагында калды.

Андан башка Сан Марко аянтында театралдык сахна курулду, каалоочулар 3 жума бою винофонтандан аккан ысык шараптын даамын татый алышты.

Жекшембиде эң мыкты костюм, маскалардын ээлерин тандадык. Голландиядан, Калифорниядан келген америкалыктар, француздар, испандар, немистер, Римден келген италиялыктар, кыскасы дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган адамдар костюм менен маскаларын көргөзүштү. Бул ирет германиялык бир киши жеңди. Акыркы жылдары оригиналдуу, суктандыруучу костюм жараткандардын ойлоп-табуучулугу, кол өнөрчүлүгү, көркөмдүк табити өсүп жатканы кайдыгер калтырбайт. Жарышка катышкан 60 костюм, маскалардын деңгээли өтө жогору. Бир жыл бою ойлонуп, анын үстүнөн иштеп келишкени байкалып турат.

Костюм, маскалардын баасы аябай эле кымбат экенин өз көзүм менен көргөм. Карнавал – жалаң байлар үчүн эле деп айтса болобу?

- Жок, бул – бай, кедейине карабай, бардык адамдар үчүн уюштурулган майрам. Кымбат маска алууга чамасы жетпесе да, беттерин боеп, жөнөкөй маска тагынып, плащ жамынып алып, карнавалга келе беришет. Себеби эч ким жалпы майрамдан четте калгысы келбейт, бардыгы ага аралашууну, катышууну каалашат.

Бул жолу карнавал “Жашоо – бул театр. Бардыгыбыз маска тагыналы!” деген ураан менен өтүптүр. “Маска кийгенде адам өзүнүн чыныгы жүзүн ачат” деген сөздү чечмелеп бересизби?

Бул ураан – “Бетиңди масканын артына кат, бирок жан-дилиңди жашырба, чыныгы ниеттериңди ачык калтыр” дегенди билдирет. Маска тагынганда адамдар өз кыялдарын ишке ашырып, түпкү, купуя сырларын ачыкка чыгара алышат. Ар бирибиздин ичибизде дагы бир адам катылган. Кээде ал карасанатай адам болушу мүмкүн, бирок көбү жамандыкка барбаган адамдар деп ишенем. Маска менен чүмбөттөлгөндө, күнүмдүк жашоодо аткара албаган ролду аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Карнавалдын коммерциялашып, туристтерди тартууну көздөгөн гана иш-чара болуп кетпөөсү үчүн, анын рухун сактоо үчүн эмне кылуу зарыл?

- Ал үчүн дайыма жаңы саамалыктарды киргизип, карнавалдын салттарын жаңыча чагылдырып туруш керек. Алсак, биз былтыр вино аткан фонтанды жанданттык, быйыл болсо унутта калган дагы бир салттуу иш-чараны кайра киргиздик. Өткөн чакты кайра сунуштай албайбыз, андыктан аны жаңыча окууну, ага жаңыча көз жүгүртүүнү гана тартуулоого болот. Анан ошол интерпретация бара-бара салт болуп калат. Салттарды унутта калтырбоо үчүн дайыма анын жандуулугун сактап туруу керек.

Жыл сайын ошончо көп адам, туристтер чогулат экен. Бир нече күн бою шаар дээрлик уктабайт. Венециялыктар карнавалдан тажаган жоксуңарбы?

- Ооба, бир аз чарчап-чаалыккандар да бар. Бирок карнавалды чыдамсыздык менен күткөндөр да көп. Себеби майрам соодагерлер, башка ишкерлер үчүн жакшы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Шаар болсо экономиканын өнүгүшүнө өтө муктаж. Биз жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүнү кармап турушубуз керек. Жыл сайын Венецияга жүз миңдеген турист агылат эмеспи.

Ошентип, карнавал аяктап, туристтер Венеция менен коштошуп өз мекендерине кайтышат. Бирок лагунаны бойлой жайгашкан романтикалык Венециянын өзү эле кыш, жай же жаз болбосун, ар дайым бир чоң майрамдай сезилет .


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Быйылкы Струмица карнавалы

Македониянын Струмица карнавалынын тарыхы кылымдарды камтыйт. Көчөдөгү жүрүштөн кийин маскачан жигиттер сөйкө салынган селкилердин үйлөрүн кыдырышат. Ар бир селки беткапчандардын ичинен өз сүйгөнүн таануусу керек.