«Аукционго дайыма эле жакшы машине коюлбайт»

Оштогу машине базар.

АКШда сегиз жылдан бери жашаган журтташыбыз, Борбор Азия өлкөлөрүнө, Грузия жана башка мамлекеттерге автоунаа жөнөтүү менен алектенген Жеңиш Исаков “Азаттыкка” ой бөлүштү.

«Азаттык»: Жеңиш, сиз иштеген компания автоунааларды Кыргызстанга кандай жол менен жөнөтөт? Аукцион аркылуу сатып аласыңарбы?

Жеңиш Исаков: Аукциондон деле алабыз. Бирок биздин өзүбүздүн автоунаа жөнөткөн жолдорубуз бар. Азыр Кыргызстанга аукцион аркылуу автоунаа жиберүү бизнесин негизинен чет өлкөлүктөр жүргүзүп жатышат. Бирок алар сайттагы сүрөтүн көрүп эле автоунаанын баасын көтөрүп сатып жиберишет. Сапатына дээрлик көңүл бурулбайт.

Мен буга чейин АКШдагы ири автосалондо менежер болуп иштегем. Аукциондон башка жолдор менен деле машине алса болорун билем. Мисалы, жаңы машине саткан автосалондорго кардарлар эски машинесин тапшырышат. Биз алар аукционго коюла электе, жакшысын тандап алып кетип сатчубуз.

Калган катканы аукционго кетет. Баары деп айта албайм, бирок бул жактагы автосалондордун көбү машинени аукционго жеткизбей эле сатып жибергенге аракет кылат. Анткени аукционго алып чыкканда алардын убактысы кетет. Биз азыр деле ошол ыкма менен иштөөнү улантып жатабыз.

Дагы караңыз АКШдан машине аларда абайлаңыз

Бизге машинелер салонго кирери менен эле чалышат. Биз аларды кайра чакан автосалондорго сатабыз, чет жактарга жөнөтөбүз, аукциондорго чыгарабыз. Биз үчүн машинелердин тез жана көп санда өтүп кеткени маанилүү.

Кошмо Штаттарда жашаганыма сегиз жыл болду. Ушунча жылдан бери автоунааларга байланыштуу иш менен алек болуп келем. Буга чейин ири автосалондордун биринде эки жарым жылдай менежер болуп иштеп, тажрыйба топтодум. Азыркы тапта СТО иштетебиз жана Кытай, Украина, Грузияга машине жөнөтөбүз. Кыргызстанга ташылып барган автоунааларга бажы төлөмдөрү азайтылгандан бери мекенибизге жибере баштадык.

Жеңиш Искаков (ортодо)

«Азаттык»: Кыргызстанга былтыр жайдан тарта автоунааларды жөнөтүп баштадык деп айтып жатпайсызбы. Кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар? Мындай бизнес менен алектенгендер четтен чыкса керек, атаандаштык күчтүүбү?

Башка жактан келген жарандар кеңсе ачып, элдин акчасын жыйнап, аябай сапаты начар машинелерди жеткирип жатышат. Аларды көрүп жаның кейийт

Жеңиш Исаков: Жалпысынан чет жактарга жөнөткөндөн көрө, Американын ичинен сатып жиберген жеңил. Түйшүгү аз. Маселен, Кыргызстанга жөнөтсөң бир жарым ай жолдо болот, "кардарга кандай жетет" деп санааркайсың.

Бирок ошентсе да ар бир адам өз чөнтөгүн, ыңгайын ойлой берген болбойт деген пикирдемин. Колубуздан келип турганда кыргызстандыктар сапаты жакшысын алсын деген ниетте жөнөтө баштадык. Башкы себептерибиздин бири ушул болду. Анын үстүнө кыргызстандык эмес, башка жактан келген жарандар кеңсе ачып, элдин акчасын жыйнап, аябай сапаты начар машинелерди жеткирип жатышат. Аларды көрүп жаның ачыйт экен.

Дагы караңыз ЕАЭБ эки саясатчыны айтыштырды

«Азаттык»: ​АКШдан автоунаа сатып алам, буюртма берем деген Кыргызстандагы кардарлар эмнеге көңүл бурушу керек?

Жеңиш Исаков: ​Аукциондон тандаган машиненин кандай экенин карап берген кишиси болсо... Сүрөттө баары эле татынакай болуп көрүнө берет. Өз көзүң менен көргөндө гана кемчилигин байкайсың. Мисалы, биз өзүбүз кардарга сүрөт эле эмес, видеосун да тартып, канча жүргөн, эмнесин жасаш керек, кайсы жерин оңдош керек баарын айтып, кардар менен такташып анан жөнөтөбүз.

АКШдан чет жактарга жөнөтчү автоунаалар.

«Азаттык»: Кыргызстандан заказ бергендер көп эле болуп атабы?

Жеңиш Исаков: ​Биз атайын жарнама деле берген жокпуз. Бизден машине алгандар башкаларга айтып, алардан калган дос-туугандары угуп, заказ берип атышат.

«Азаттык»: Кандай автоунааларга суроо-талап күч? Кайсы маркадагыларды көбүрөөк заказ кылып жатышат?

Көбүнчө баасы 10-20 миң доллар турган машинелерди сурашат. Он миң долларга чейин заказ кылгандар да бар. 90 миң долларга чейин баадагы машине алгандар кездешет.

Жеңиш Исаков: Кыргызстандыктар "Лексус" менен "Тойотага" басым жасашат. Ушул машинелерди көп заказ кылышат. Андан тышкары азыр Кыргызстанда мурдагыдай эмес, чет өлкөлүк маркадагы машинени оңдой турган жайлар ачылып калыптыр, ошол себептүү BMW, "Мерседес", "Хонда", "Субару" сыяктуу машинелерге буюртма берип жатышат.

Көбүнчө баасы 10-20 миң доллар турган машинелерди сурашат. Он миң долларга чейин заказ кылгандар да бар. 90 миң долларга чейин баадагы машине алгандар кездешет. Бирок эми андайлар өтө сейрек.

«Азаттык»: Силер АКШдан автоунааны жакшынакай кылып жиберип, бирок баргыча жолдон бузулуп, чийилип калган учурлар болобу? Андайда эмне кыласыңар?

Жеңиш Исаков: Андай учурлар боло элек. Узун жолдо чийилип калган учурлар болот. Негизи биз "машинени камсыздандырып койгула" деген сунуш киргизебиз. Бирок көп учурда биз жиберген автоунаа чийилип калса, ошол жерден тосуп алган балдарга оңдоп берүүнү же оңдогонго кете турган акчасын төлөп берүүнү сунуштайбыз. Эптеп эле сатып жиберип, кутулалы деген оюбуз жок. Анткени эртеби-кечпи Кыргызстаныбызга кайтабыз, ошондо жүзүбүз жарык болушун каалайбыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.