«Economist»: Кыргызстан саясат сазына батты

Соттолгон саясатчылардын жакындары пикетте. 5-февраль, 2018-жыл.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (15-22-апрель, 2019-жыл).

Британиянын «Economist» журналы акыркы учурда Кыргызстандагы саясий кырдаал өлкөнү үчүнчү төңкөрүштүн босогосуна алып бара жатканын жазды. «Борбор Азиядагы демократиянын гүлү деген 6 миллион калктуу Кыргызстан аймактагы эң жакыр өлкө болуп эсептелет. Ал аз келгенсип өлкөнүн башкаруусу барган сайын ыдыроодо. Кыргызстандыктар «2005-2010-жылдардагы ыңкылаптарда авторитардык бийликти кулаттык» деп төш кагып келишет. Бирок бул эки революциядан кийин бийликке келген Алмазбек Атамбаев менен анын «мураскери» Сооронбай Жээнбеков деле демократиянын жолун бууду», деп жазат басылма. Журнал мурдагы жана азыркы президенттердин тирешине, ошондой эле 2017-жылы өлкөдөн кеткен саясатчы Өмүрбек Бабановдун жагдайына кеңири токтолуп, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктан улам саясатчылардын камалышына да кайрылат. Басылма кыргызстандыктардын кирешеси коңшу Казакстандагыдан он эсе аз экенин белгилеп, Кыргызстанды дүйнөдөгү эң жакыр Камерун, Папуа - Жаңы Гвинеядан өткөн кедей деп сыпаттайт. «Бирок мындай экономикалык оор кырдаалга карабай өлкө саясатчылары «жаңы революция» менен бири-бирин опузалаган ыкмага өтүштү. Эл тынчтыкты каалайт. Анткен менен бийлик талаш улам курчуп, саясатчылар дагы бир ыңкылапты эңсеп жатышат», деп жазган журнал.

Миллиондогон долларлык паспорт чыры

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөөчү борбор (OCCRP) Кыргызстандагы паспорт чыры боюнча көлөмдүү иликтөө макала жарыялады. Анда тендер чырына аралашкан фирмалардын коррупциялык таржымалы, жергиликтүү аткаминерлер менен болгон байланышы ачыкка чыгарылган.

Кыргыз паспорту.

«Кыргызстан - 17 өлкөгө гана визасыз кирип чыга ала турган, паспорту алсыз мамлекеттердин бири. Биометрикалык паспортко өтүү менен кыргызстандыктарга «башка өлкөлөрдүн визаларын алууну жеңилдетебиз» деген убада берилген. Жарандардын биометрикалык маалыматын чогулткандан кийин кыргыз өкмөтү жаңы муундагы жалпы жарандык паспортту киргизүүгө бет алды. Өткөн жылдын февралында мындай паспортту даярдоо тендерин уткан компания белгилүү болгон. Бирок дал ушул 940 миллион сомдук тендерди уткан компания коррупциялык чырдын очогуна түштү», деген борбордун талдоочулары «Гарсу Пасаулис» компаниясы аралашкан чырды кеңири баяндап, кийин бул ишкананын башка өлкөлөрдөгү коррупциялык иштерине да токтолгон. Аталган компания кыргыз аткаминерлерине пара бергенин танганы менен көз каранды эмес текшерүүдө тендердеги мүчүлүштүктөр аныкталды. Компания тендерди 2018-жылы уткан. Борбордун талдоочулары «Эмнеге комиссия «Гарсу Пасаулистин» таржымалын терең иликтеген эмес?» деген суроо коюшат. 2016-жылы литвалык бул ишкана Кыргызстандагы арак менен чылымдын акциздик маркасын чыгаруу тендерин уткан. Ошондо да анын утушу бир топ суроону жараткан. Компаниянын веб-сайтындагы маалыматтар боюнча, «Гарсу Пасаулиске» белгиялык Алберт Каразиван менен «Semplex Europe» фирмасы ээлик кылат. 2017-жылы «Semplex Europe» фирмасы Конго Демократиялык Республикасынын ошол кездеги президентинин тууганы Жозеф Кабиланын оффшордук эсебине шектүү сумма которуп, белгиялык укук коргоо органдарынын назарына түшкөнүн эске салган басылма Кыргызстанда бул компаниянын байланыштары күчтүү экенин белгилейт. «Анын Кыргызстандагы бөлүмүн ишкер Уран Тынаев жетектейт. Ал мурдагы тышкы иштер министри, учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул Жекшенкулов менен Бишкекте менчик оорукана ачкан. Беккул Жекшенкулов Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бектур Абдраев негиздеген дагы бир компанияны жетектейт» дешет авторлор. Иликтөөнүн авторлору тендер чырынан карапайым эл гана жапа чегерин, чыгымдын баары жарандардын чөнтөгүнөн паспорт акысы аркылуу өндүрүлөрүн белгилешкен.​

АКШ Евразиянын жемкорлорун ооздуктайт

Жемкорлукту иликтеген америкалык активист Гари Калман Евразиянын чириген байлары, коррупционерлери үчүн АКШ жашыруун фирма ачуунун жана арам акчаны адалдоонун «бейишине» айланганын «Eurasinet» интернет-басылмасына айтты. Вашингтондогу «Эл аралык коррупцияны изилдөө актысы» (FACT) уюмун негиздеген Калман АКШ Конгресси чет жактан келип жаткан жемкорлорду «улуттук коопсуздукка коркунуч» катары кабылдашы керек деген пикирде.

Вашингтон.

Калман «өз өлкөсүн карактаган евразиялык аткаминерлердин басымдуу бөлүгү Вашингтондо миллиондогон акчасын адалдап жатат. Америка эл аралык жемкорлорго каршы атайын мыйзамдарды иштеп чыкпаса коррупция терроризмдей эле өлкөгө коркунуч алып келет» деген пикирде. Вашингтондук адвокат, Евразиядагы коррупция боюнча белгилүү эксперт Томас Файрстоун глобалдык коррупциянын тамырын кыркыш үчүн көп иштер жасалып, арбын мыйзамдар кабыл алынышы керек деген ойдо. Мунун бир жолу катары ал чет жактагы коррупцияны ооздуктоо боюнча мыйзамды мисал келтирет. Азыркы тапта бул мыйзамга ылайык башка өлкөдө жемкорлукка илешкен АКШ жарандары менен фирмалар гана жазаланууда. Файрстоун эми бул мыйзамдын күчүн кеңейтип, чет жактан АКШга келип, пара берип фирма ачтыргандарды жана арам акчасын адалдагандарды да сот жообуна тартыш керек деп эсептейт. Макалада эл аралык спорттук иш-чаралардагы коррупцияны көзөмөлдөө маселеси да козголгон.​

Дүйнөдө 23 миллион аял тартыш

Францияда чыккан «Le Figaro» гезити дүйнөдө 23 миллиондон ашуун аял жетишсиз экенин маалымдады. 1970-жылдары башталган, түйүлдүктүн жынысына карай бойдон алдыруу адатынан улам кыз балдар кескин азайып кеткен. Бул көрүнүш калкынын саны боюнча дүйнөдө үстөмдүк кылган Кытай менен Индияда арбын. Ошондой эле Албания, Монтенегро, Вьетнам сыяктуу өлкөлөрдө да кыздар жетишсиз. Жакынкы келечекте Кытай менен Индияга 80 миллион аял тартыш болгону турат. Кытайдагы «бир бала саясаты» да демографияга тескери таасир тийгизген. Мындан тышкары ультраүндүк жабдуулардын чыгышы менен жынысына карай түйүлдүктү бойдон алдыруу жылына миллиондоп катталууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.