Адам акчанын кулуна айланды

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (9-15-январь).

World Economic Forum интернет басылмасына Англиянын чиркөө башчыларынын бири, архиепископ Жастин Велбинин материализмге байланыштуу ой толгоосу жарык көрдү. Анда азыркы заманда акчанын адам жашоосундагы орду талданган. “Пул барган сайын адамдын жана дүйнөнүн жашоосун чеңгелдеп турган түшүнүккө айланды. Каржы системасы адамзатка эбегейсиз чоң кыйынчылыктарды алып келип, кайра эле аны чечүүдө да чоң роль ойноп жатат. Канткенде акчага кул болуудан арылабыз?” – деген суроону койот чиркөө кечили. Ал бул жаатта адам менен жараткандын ортосундагы мамиледеги акчага байланыштуу проблемаларды чагылдырган Филипп Боббиттин The Shield of Achilles аттуу китебин жогору баалай турганын, анда Кудай менен кишинин өз ара мамилеси барган сайын муздап бара жатканына дал ушул жашыл доллар себеп болуп жатканын билдирет. Китепте азыркы заманда мамлекеттер улуттарга бөлүнбөй эле, базарларга бөлүнүп калганын, жарандар канчалык көп буюм сатып алса, ошол өлкөнүн экономикасы оңолуп атканын кейиштүү көрүнүш катары бааланган. “Бул маселенин үстүндө ой жүгүртүп жана жазып жатканда акчанын жалаң эле негативдүү, жаман жактарына басым жасайын деген ниетти көздөгөн жокмун. Чиркөө кээде акчага ушундай көз карашты таңуулайт. Экономикалык бакубатчылык менен акчанын артынан сая түшүп, аны башкы максат кылып койгондун ортосунда чоң айырма болот. Акча Кудай эмес, андыктан ченемин билген дурус ”, - деген пикирде англис архиепискобу Жастин Велби.

Советтик уран калдыктарынын коркунучу

Кыргызстандын түндүгүндөгү уран калдыктары көмүлгөн жерлер Борбор Азиядагы экологиялык чоң коркунуч экенин The Diplomat журналына кыргызстандык журналист Рыскелди Сатке жазды. 22 миң калкы бар Майлуу-Сууда 1940-жылдары Советтер Союзунун алгачкы атом бомбасы дал ушул жерден казылган урандан жасалган деген имиш кептер айтылып жүргөнүн, андан калган калдыктар азыр бул жакта көмүлүү турганын жана кокус ал ачылып кетсе Фергана өрөөнү менен Тянь-Шань тоо кыркалары экологиялык кырсыкка учурарын жазып, радиоактивдүү аймактарды тазалоого Дүйнөлүк Банк убагында 11 миллион доллардан ашуун каражат бергени менен бул маселе дале актуалдуу экенин белгилейт.

“Майлуу-Сууда жашаган калктын саламаттыгында бир катар кыйынчылыктар жаралууда. Маселен The Diplomat журналына жергиликтүү аялдар комитетинин жетекчиси Минабар Умарова 2014-жылкы изилдөө боюнча, 24 миң калктуу калаада 180 майып бала бар экенин айткан. 240 миңдей киши жашаган коңшулаш Сузак районунда 165 майып бала катталган. Улуттук илим институтунун маалыматы боюнча, Майлуу-Сууда тубаса майып төрөлгөндөр 5,12 пайыз, бойдон түшкөндөр 12,1 процентти түзүп башка аймактардан жогору болгонун жазган журналист Фергана өрөөнүндөгү бул экологиялык көйгөй Европа Биримдигинде талкууланып жатканын кабарлайт.

Борбор Азия сууну эсепсиз коротот

Гарвард университетинин Harvard International Review журналына Лондондо иштеген экологиялык аналитик, илимпоз Алишер Илхамовдун Борбор Азиядагы суу кризисине байланыштуу изилдөөсү жарыяланды. Анда Дүйнөлүк ресурстар институту 2016-жылы суусу тартыш өлкөлөрдүн картасын чыгарганын, анда Монголиядан тарта Арабияга чейинки жерлер дүйнөдөгү эң эле суусу аз аймак катары белгиленгени маалымдалат. Борбор Азия чөлкөмү бул картада негизги орунда турат. Амударыя менен Сырдарыя сыяктуу ири таза суу каналдары бар чөлкөм алдыдагы 10 жылда суу көйгөйүн катуу тартат деп белгиленет изилдөөдө. “Аймактагы өлкөлөр мындай кризиске даярбы? Алардын баары көйгөйдү чечүүнүн туура жолун таба алышабы? Суунун аздыгы Борбор Азия үчүн коопсуздук маселесин да козгоп, айыл чарбасына да чоң сокку болот. Бирок аны туура нукка бурууда аймактын лидерлери чечкиндүү кадамдарга барып, чыр-чатактын алдын алууга жараган көсөм болушу керек”, - деген автор Түркмөнстандын бир атуулу дүйнөдөгү эң көп суу короткондордун башкы сабында турарына таң калат. Маселен, бир түркмөн жараны жылына 5 жарым миң метр куб суу коротот. Бул АКШнын бир жараны короткон суудан 4 эсеге, Кытайдыкынан 13 эсеге көп. Ал эми Өзбекстан менен Кыргызстандын ар бир жараны эки миң метр кубдан коротуп, дүйнөдөгү сууну эсепсиз төккөндөрдүн төртүнчү жана бешинчи сабында экенин маалымдайт. Бул ири изилдөө макалада суу көйгөйүнүн келип чыгыш себептери жана аны туура чечүүнүн жолдору кеңири берилген.

Диананын шакегине талап күчөдү

The Telegraph гезити британ ханзаадасынын маркум аялы Диананын турмушка чыкканда тагынган көк сапфирлүү шакеги орус жана кытай кардарлары тарабынан суроо-талапты көп жаратып жатканын жазып чыкты. Уэлс ханзаадасы колуктусуна 36 жыл мурда белекке берген бул шакегин уулу Уиллямс кийин колуктусу Кейт Мидлтонго белек кылган. Падышалык үй-бүлөнүн азем буюмдарын жасаган Garrard аттуу зергерлер үйү үч кылымдан бери иштеп келет. Дал ушул өнөркана акыркы жылдары көк сапфир жана ак жакуттуу Диана шакегине орустар менен кытайлар аябай көп буйуртма берип жатканын маалымдаган. Платинадан жасалган бул шакектин баасы кымбат болгонуна карабай, декабрь айында эле үч буйуртма алышкан. Азыркы тапта анын базардагы баасы 5 миң фунт стерлингден башталат. Бирок ханзаада Чарльз канчага сатып алганы жашыруун сыр бойдон калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.