Куран сүрөт тартууга тыюу салбайбы?

Мухаммед пайгамбар Миражда, башкача айтканда жети кабат асманга көтөрүлгөн кезде башка пайгамбарлардын курчоосунда отурат. "Миражнааме" китебиндеги сүрөт. Бул азыр кезинде Осмон империясынын сарайы болгон Топкапыдагы китепканада турат.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (5-11-январь).

Newsweek журналына профессор, Ислам маданият таануучусу Кристиан Грюбердин "Куранда Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартууга тыюу салынган эмес" деген аталыштагы макаласы чыкты.

Париждеги “Шарли Эбдо” сатиралык журналына болгон кандуу окуялардан кийин окумуштуу пайгамбардын сүрөтү исламда чындап эле тыюу салынып-салынбаганын мисалдар менен иликтеген. Автор Курандан жана пайгамбардын хадистеринен сүрөт тартууну тыйган сапты таба албаганын жазат.

Мындан тышкары ал көркөм өнөр, каллиграфия маданиятына ислам дини өзгөчө көңүл бөлүп, орто кылымдагы Иранда жана Осмон империясынын учурунда Мухаммед пайгамбарды мактаган чыгармалар, ал тургай сүрөттөр тартылганын мисал келтирет. “Фирдоусинин “Шахнааме” чыгармасы улуу Жаратканды жана анын элчиси

"Шахнаамедеги" сүрөттөр. Мухаммед пайгамбар сахабаларынын коштоосунда

Мухаммедди мактаган каллиграфиялык кооздоолор, сүрөттөр менен шөкөттөлгөн. Осмон империясынын башкы хан сарайы болгон Топкапыда Мухаммед пайгамбарды курчап турган дагы башка пайгамбарлардын сүрөтү чагылдырылган “Миражнааме” китеби бар. Бул кезинде Тебриз шаарында тартылган. Исламда пайгамбардын сүрөтүнө тыюу салган түшүнүк 2001-жылы Ооганстанда талибдер Будданын калган айкелдерди кулатуусунан, ошондой эле 2005-жылы Мухаммед пайгамбардын карикатурасы тартылгандан кийин курчуп кетти. Жакында эле бардык мусулмандар Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган “Мевлид” кечесин майрамдашты. Буга карата Түркияда пайгамбардын аты кооздолуп, көркөмдөлүп жасалган “Хиляс” аттуу чакыруу баракчалар таркатылды. Эгерде исламдагы көркөм өнөргө берген маанини мына ушундай тарыхый сүрөттөр жана кооз каллиграфиялар менен заманбап дүйнөгө алып чыксак, Париждегидей сатиралык карикатура тартуу токтойт беле”, - дейт профессор Грюбер макаласында.

Кеп карикатурада эмес...

Дүйнөлүк прессадагы бардык басылмалардын аналитиктери “Шарли Эбдонун” журналисттери учураган кыргындын себептерин иликтеген макалаларды жазышууда.

Англиянын The Telegraph гезитинин сатириги Майкл Дикондун ою боюнча, террорчуларды сатира да, пайгамбардын карикатурасы деле кызыктырбайт. “Ал тургай алар пайгамбардын өзүн деле ойлобосо керек. Сатираны чыгарбаса террордук кол салуу болбойт эле деп ойлогон да туура эмес. Алар сатирачыларды өлтүрүү менен эле чектелбей, Батыш менен исламдын ортосуна от койгулары келип жатат. Батышта жашаган биз сыяктуу эл бул окуяга айыптууларды сындап, мусулмандарга карата жаман ой-пикирлерди айтуубузду каалап жатышат. Террорчулардын түпкү максаты адамдар арасында жек көрүүнү күчөтүү экенин унутпай, алардын оңой куралына айланбасак”, - деп жазган Майкл Дикон.

Фидель Кастро өлсө эмне болот?

Foreign Policy журналы 9-январдагы санында “Фидель Кастро өлдү, жашасын Фидель Кастро!” деген темадагы макаланы чыгарды. 88 жаштагы Фидель Кастронун өлүмү тууралуу кабар Diaro Las Americas гезитине чыгып кеткен. Бир нече мүнөт өтпөй бул кабарды британ жана немис басма сөзү “илип” алып, Твиттерде миңдеген колдонуучулар Кубанын аксакал лидеринин ролу тууралуу кызуу талкууну баштаган. Көп өтпөй Кубанын расмийлери кабарды төгүнгө чыгарышкан. Ошентсе да социалдык тармактын колдонуучулары Кансыз согуштун акыркы лидери Кастро өлсө Кубанын тагдыры кандай болот деген теманы улантышууда деп жазат Foreign Policy.

Жеки Чандын уулу соттолду

Time журналынын маалымдоосу боюнча атактуу киноактер Жеки Чандын 32 жаштагы уулу Жейси Чанга сот өкүмү чыкты. Ал былтыр август айында баңгизат менен Бээжиндеги батиринен кармалган эле. Атасы Жеки Чан 2009-жылы Кытай бийлиги тарабынан Баңгизатка каршы атайын кеңешчи катары дайындалганына карабай уулу эми өз үйүндө маңзат колдонгон үчүн алты ай абакта отуруп, 326 АКШ долларына барабар айып төлөмөкчү дейт Time журналы. Эскерте кетсек, Кытайда баңгизат менен кармалгандар өлүм жазасына тартылат.