Карысы кыйналган Кыргызстан

Бишкектин борбордук аянтындагы аксакалдар, 13-март, 2013.

Апта ичиндеги эл аралык басма сөзгө сереп (28-апрель - 4-май)

Кыргызстанда карыялардын саламаттыгын тейлөө аксоодо. Путиндин жаӊы СССри кандай болот? Кытайда үч өлчөмдүү принтерден үй чыкты.


Путиндин жаӊы СССРи кандай болот?



Moskow Times гезитинин 27-апрелдеги санында Владимир Фроловдун “Путиндин жаӊы Советтер Союзу кандай болот?” аттуу макаласы чыгып, ал интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууга татыды. Макалада Бажы биримдигинин мүчөлөрү Москвада жолугушуп, Кремлдин жүрөгү жаӊыча соккону турганы, Путин мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөргө экономикалык кысым жасоо менен аймакта Орусиянын таасирин арттыруучу кыйноо процессине жаӊы демде киришкени тууралуу сөз болот. "Крымдан кийин Путин стратегиясын кеӊейтиш үчүн Орусиянын коӊшуларга карата кескин аракет кылуусу пайдалуу экенин билди. СССР кулай электе эле эгемендик жарыялаган Балтика жээгиндеги өлкөлөр бул саясаттан узак. Беларус менен Казакстан болсо Орусиянын тырмак бастысына кирген. Арезбайжандын президенти Илхам Алиевге да Бажы биримдигине кирүү сунушу болгону менен ал аны кабыл алган жок. Орусия Арменияны биримдикке киргизип алып, Тоолуу Карабахты ички конфликт катары кармап туруу ниетинде. Грузия Түндүк Осетия менен Абхазиясыз Орусиядан алыста. Түркмөнстан ири энергетикалык запастарга бай, бирок бул өлкөдө славян улутундагылардын үстөмдүгү жок болгондуктан жаңы СССРге кирбейт. Өзбекстан Ислам Каримов бийликте турганда Орусиянын үстөмдүгүнө кабылбайт. Бирок Каримовдун бийлиги кулап, өлкөгө исламчылдар чагым салып жиберсе анда Орусия бул жакта да араанын ачышы ыктымал. Кыргызстан менен Тажикстан болсо эчак эле Орусияга көз каранды болгон. Анткени алардын калкынын жарымы Орусияда эмгектенет. Путин жаңы СССрди жаратып, өз өлкөсүнүн кубатын арттыргысы келип жатат. Бирок напсисин ооздуктай билгенди да унутпаса", - деп жазат Фролов.

Карысы кыйналган Кыргызстан


Кыргызстанда саламаттыкты сактоо системасы барган сайын аксап, атуулдар карыганда медициналык жардам ала албай, үйүндө кыйналып каза табышууда деп жазат антрополог, Кыргызстандын жашоосун изилдеген илимпоз Дэвид Жулиет EuroasiaNet онлайн басылмасында. Мыйзамда карыялар үчүн дарылануу, медициналык тейлөө бекер делгени менен дарылардын кымбаттыгы, адистердин жетишсиздигинен айрыкча карылар өтө катуу жабыркоодо. Өлкөдө орточо пенсия 4 жарым миң сом же 80 доллар.

2010-жылы болсо кыргыз бийлиги ар бир атуулдун саламаттыгы үчүн бюджеттин 10 процентин, же жылына 84 доллар караган. Бул сумма Орусияда жан башына 749, Америкада болсо 3 967 долларды түзөт. Мындай аз каржылоодон улам догдурлардын да маянасы төмөн болуп, жумушун жакшы аткара алышпайт. Медициналык аспаптар, дары-дармектердин жетишсиздигинен бейтапканалар айрыкча, тез жардам кызматы аксап турат.

Бул жагдайдын эң оор курмандыктары карыялар болууда. Жашы өйдөлөп, катуу ооруган адамдарды ооруканалар кабыл албайт, аларга өлүп бара жатканда жылуу-жумшак шарттар түзүлбөй, туугандарынын же коңшуларынын кароосунда калган.

Америкалык доктор Бартон Смит Кыргыз мамлекеттик медакадемиясынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштейт. Ал өзүнүн 12 жылдык иш тажрыйбасында ага көрүнүп келген бейтаптарды кайсы ооруканага жиберерин билбей, башы ооруган күндөрү көп болгонун айтат. Карыяларга жардам берүүчү атайын социалдык тейлөө кызматтары да жок деп жазат Дэвид Жулиет.


Кытай АКШны кууп жетеби?



“Кытай өнүксө эмне болот?” деген аталыштагы редактордун макаласы The Washington Post гезитине чыкты. Дүйнөлүк Банк бир нече айдан кийин Кытай дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикалык күч болуп, Америка Кошмо Штаттарын артта калтырат деди. Мындай сыпаттоо АКШнын аброюн дагы бир ирээт түшүргөнгө барабар. Дүйнөлүк Банк Кытайдын ички дүң өнүмү 2011-жылы 13,5 триллион АКШ доллар болгонун, бул АКШнын 15,5 триллион доллардык суммасынан 2 миллиардга гана ашыкча экенин атайын отчетто айткан.

Ошол эле отчетто Индия Жапонияны артта калтырып, экономикасы кубаттуу дүйнөдөгү 3-мамлекет болору да кабарланган. Бирок салыштыра келгенде Кытай менен Индия Американы кубалап жеткиче дагы көп бар. Маселен Кытайда бир атуулдун жылдык кирешеси орточо 10 миң доллар болсо, Америкада 49 800 доллар, Бразилияда 14 639, Оурсияда 22 502. Ал эми Индиядагы бир кишинин орточо кирешеси 4 700 доллар болуп, Жапониянын 34 миң доллардык суммасын кантип кубалап жетери белгисиз. Мындай аз акча менен кытайлык, же индиялык атуулдардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү да чектелүү дейт аталган басылманын редакторлору.

Үч өлчөмдүү принтерден үй жасап...



Кадимки эле кагазга тексттерди чыгарган принтерлер бара-бара үч өлчөмдүү үй куруучуга айланмай болду. Кытайда бир инженер күнүнө он үйдү куруучу үч өлчөмдүү принтерди ойлоп тапты. Анын бул жаңылыгын Британиянын The Independent гезити видеого тартып жарыялап, бул гезиттин веб-сайтында аптадагы эң эле киши көп көргөн видеого айланды.

Ар бири 5 миң долларга жетпеген баада салынуучу бул үйлөрдүн дубалы, пайдубалы үч өлчөмдүү принтерден даяр басылып чыгат. Ал үчүн принтерге металл жана цемент аралашмасын боёк катары куюш керек. Бирок үйлөрдүн айнеги, терезелери, эшик, чатыр жана ички боёктору кадимки эле салттуу материалдардан колго жасалат. Мындай чакан үйлөр жакыр жашаган аймактар үчүн өтө ыңгайлуу экени аталган видео тасмада айтылды.