Назарбаевдин Олландга жапкан чапаны

Инстаграммдагы чепкенчен Франсуа Олланд

Эл аралык басма сөзгө баяндама. (1-7-декабрь)

Франция президенти Франсуа Олланддын казактын чепкени менен суусар тебетейин кийип, Нурсултан Назарбаев менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланып, бирок Франция расмийлеринин суранычы менен кайра алынды. "Ошентсе да сүрөт жарыяланып турган мезгил ичинде казак улуттук кийимин кийип алганы үчүн Олланд француздардын жаалданган сынына кабылды" деп жазат The Telegraph гезити.

Назарбаев Олландга жума күнү иш сапары менен Астанага келген учурунда сый катары улуттук кийим белек кылган. Француз Твиттер колдонуучулары чепкен, тебетейчен Франсуа Олландды британиялык актер Саша Барон казактарды келекелеп тарткан тасмадагы каарман “Боратка” салыштырышты.

“Франциянын заманбап тарыхындагы эң эле жагымсыз президент катары сындалган Олланд айрыкча акыркы бир жарым жылдын ичинде начар сүрөттөрү менен элдин сынына кабылды. 2013-жылдын сентябрь айында мектептеги иш сапарындагы ыңгайсыз сүрөтүн AFP агенттиги жарыялап, Елисей сарайынын өтүнүчү менен дароо алынган. Эми Назарбаевдин белегин кийип алганы француздарга жаккан жок”, - деп жазат The Telegraph.

Кыргызстан Бажы биримдигине эмнеге кирбеши керек?

Көптөгөн айга созулган талкуу жана талаштан кийин Кыргызстан Кремл башында турган экономикалык уюмга киргени турат. "23-декабрда өлкө президенти кол койо турган бул келишим ансыз да көзөмөлү бекем Москвага эки тизгин, бир чылбырды толугу менен бергенге барабар" деп жазат The Diplomat аналитикалык журналына Мигель Оропеза де Кортез Кабаллеро.

“Так ушул күнү, 1990-жылы Алматыда Советтер Союзунун 15 өлкөсүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган протоколго кол коюлган. Кыргызстан ошондон бери Борбор Азияда либерализм менен демократиянын аралчасы болуп келген. Кремлге өзгөчө жакындоо Атамбаевдин бийлиги учурунда башталды. Айрыкча Кыргызстандын табигый газ секторунун орустарга өткөрүлүп берилүүсү, АКШнын “Манас” транзиттик борборунун жабылуусу, өлкө ичинде Орусияны колдоочулардын барган сайын арбып жатуусу буга айкын мисал. Кыргызстан үчүн Орусия башында турган экономикалык биримдикке кирүүнүн эмне пайдасы бар? Атамбаев ишенгендей, социалдык-экономикалык өнүгүүсү алдыда турган коңшуларынан жардам ала албайт. Орусия Батыш санкцияларынан жабыркоосу кыргыз экономикасын да жарытпайт. Рублдун наркы түшкөн сайын сом да алсырап, бардык нерсе кымбаттоодо. Чын эле Атамбаев айткандай, Бажы биримдигине кирүүдөн башка жол жокпу? Кытайдын Жаңы Жибек Жолу долбоору Кыргызстан экономикасы үчүн абалдан чыгуунун жакшы варианты болмок. Кытай менен экономикалык ымала акыркы жылдары айрыкча өскөн. Кремлге көз каранды болгондун ордуна Борбор Азиядагы башка өлкөлөр жана Кытай менен мамилесин, байланышын арттыруу Бажы биримдигине альтернатива боло алмак”, - деп жазат Мигель Оропеза.

“Твипломасинин” топ бузарлары

The Washington Post гезитинде социалдык тармактагы эң көп окурманы бар дүйнө лидерлеринин тизмесин атады. Бул тизмени “Твипломаси” веб-баракчасы атайын изилдөө жүргүзүп даярдаган. Биринчи орунда 49 миллион 166 миң 434 катталган окурманы менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама турат. Экинчи орунда 16 миллиондон ашуун окурманы менен Рим Папасы, үчүнчү орунда 7 миллиондой окурманы менен Индия өкмөт башчысы Нарендра Моди жана Режеп Тайып Эрдоган турат. "Твиттер тармагы саясатчылар менен дүйнөлүк лидерлер эң көп колдонгон тармак болсо керек" деп жазат макаланын автору Адам Тейлор.

Грек айкелдери Британ музейинен алынат

New York Times гезити Лондондогу Британ улуттук музейинде турган байыркы грек айкелдери Орусиянын Эрмитаж музейине көчүрүлөрүн кабарлады. 19-кылымда Британиянын Лорд Элгин аттуу атуулу тарабынан Грециядан алынган Парфенондун айкели жана мармар түркүктөрдүн көчүрүлүшүнө Греция бийлиги нааразычылык билдирди. Бир нече жылдан бери Греция өзүнүн тарыхый мурастарын британдыктардан ала албай убара болуп келген. Бирок Британ музейинин жетекчиси Нейл Макгрегор айкелдердин Орусияга жиберилүүсүн эки музей ортосундагы кызматташтык катары баалады деп жазат New York Times.