Ким Чен Ындын аялдар армиясы

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөнүн түштүк-батышында жайгашкан Корея элдик армиясынын базасындагы 5492 аялдар ротасынын мүчөлөрү менен сүрөткө түшүүдө.

Ооганстандын президенттигине талапкер, башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын тарапташтарынын нааразылык митинги. Фонтандагы анын сүрөтү чагылышып турат. Алар 28-ноябрда «добуштарды саноодо бурмалоо болуп жатканын» айтып, президенттик сарайдын алдында нааразылык митингине чыгышкан. 
 

Пакистандын Карачи шаарындагы митинг учурунда куран окуп жаткан мусулмандар. 

Чилинин борбор шаары Сантьягодогу өкмөткө каршы нааразылык акциясында колго жасалган калканы менен полициянын суу чачкыч замбирегинен калкаланып жаткан демонстрант.
 

Ташкенттин четиндеги пахта тааласында пахта терип жаткан аял.

Нур-Султан шаарындагы «Байтерек» монументинин ичине Казакстандын желегин илип жаткан жумушчулар. 

Багдаддын түштүгүндө жайгашкан Кербела шаарындагы бийликке каршы нааразылык акциясына чыккан демонстрант күйүп жаткан дөңгөлөктөрдүн жанында колун көтөрүп турат. 
 

Кабулдагы бузулган үйлөрдү курчап турган дубалдын жанында турган балдар. Ооганстан. 

Лахор шаарындагы базарда помидорлорду иреттеп жаткан соодагер. 

Албаниянын Туман шаарындагы жер титирөөдөн жабыркаган адамга жардам көрсөтүлүүдө. 

Багдад шаарындагы бийликке каршы нааразылык акциясында демонстранттар полицияга карата фейерверктерди ыргытышууда. Ирак.

Өткөн аптада дүйнөдө болуп өткөн орчундуу окуялар сүрөттөрдө.