Индуизмдин кудайы Кришна жана токойдогу өрт

Жанмаштами фестивалында индуизмдин кудайы Кришнадай болуп кийинип алган жаш бала. Дака шаары, Бангладеш.

Ооганстандын Жалалабад шаарында 19-августта болгон жардыруудан кийин жарадар болгон кишини жонуна көтөрүп бара жаткан ооганстандык жаран.

Чеченстандын Шали шаарында Европадагы эң чоң деп эсептелген мечиттин ачылышына чогулган адамдар.

Санкт-Петербургдагы өндүрүш имаратында чыккан өрттү өчүрүү. 

Бандар Аббас базарынан бут кийим сатып алып жаткан ирандык аял. 

Жөө жүргүнчүлөр Красноярск шаарындагы Виноградский көпүрөсүндө Орусиянын желек күнүн белгилешүүдө.

Испаниянын түштүгүндөгү токойдо чыккан өрттү карап турган кишилер.

Булактын суусунда отурган эс алуучулар. Босния.

Оогандык аял жакынынын сүрөтүп кармап турат. Кабулдагы Бакыт үйүндөгү жардыруудан 80 киши каза тапты. Ал үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

19-августта Санкт-Петербурда өткөн «помидор урушуу» фестивалынан кийин эзилген помидорлордун үстүндө жаткан киши.

Апта ичинде дүйнөдө болуп өткөн орчундуу окуялар сүрөттөрдө.