Кытайдын 70 жылдыгы жана Ирактагы кагылышуу

Сербиянын оюнчусу Новак Жокович Франциянын оюнчусу Лукас Пуйга каршы ойноп жатат. Жапония. 4-октябрь, 2019-жыл.

Түркияга чектеш жайгашкан жерде сириялык бала өтүп жаткан АКШнын аскердик транспортторун карап турат. Аль-Хашиша айылы. 4-октябрь, 2019-жыл.

Ирактагы демонстрант кыз өрттөнүп жаткан дөңгөлөктөрдү аралап чуркап баратат. Бийликке нааразылык билдирип чыккандардын Багдаддагы акциясы элдик каяшага айланган. 3-октябрь, 2019-жыл.

Кичинекей балдар Кашмирдин жана Пакистандын желектерин кармап Индияга каршы уюштурулган Лахордогу акцияларга катышууда. 3-октябрь, 2019-жыл.

Полициянын атайын кызматкери Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгында бийликке каршы митингге чыккан жаранды кармап кетип баратат. Гонконг. 1-октябрь, 2019-жыл.

Бээжинде Кытай Эл Республикасынын 70 жылдыгына арналган ири майрамдык иш-чаралар болуп өттү. 15 миң жоокер катышкан парадда эң алдыңкы аскердик техника, жаңы куралдын үлгүлөрү көрсөтүлдү. 

Өлкөдөгү коррупцияга жана начар мамлекеттик кызмат көрсөткөн уюмдарга каршы нааразылык акциясына чыккандардын атайын полиция кызматкерлери менен кагылышы. Багдад, Ирак. 

Ооганстандык бала Кабулдагы Надир Хан адырында жайгашкан суу ташыган контейнерде олтурат. 1-октябрь, 2019-жыл.

Омск шаарындагы базарлардын биринде Советтер Союзунун лидери Иосиф Сталиндин бюсту сатыкка коюлган.

Ооганстандын борбору Кабулда казанды аралаштырып жаткан ашпоздор. 1-октябрь, 2019-жыл.

Өткөн аптадагы дүйнө болуп өткөн орчундуу окуялар сүрөттөрдө.