Жүз жыл мурдагы жашоо

"Лесли" журналынын сүрөтчүсү Дональд К. Томпсон (солдо) жана АКШ армиясынын капитаны Кингмора Орусиянын Екатеринбург шаарын сүрөткө тартышууда. 1919-жыл.

АКШнын мурдагы президенти Теодор Рузвельтти акыркы сапарга узатуу. Ойстер Бэй, Нью-Йорк. 8-январь, 1919-жыл.

Январда Берлиндеги Бранденбург дарбазасындагы көтөрүлүш учурундагы көрүнүш. Бул күнү коммунисттердин бийликти басып алуу аракети ишке ашпай калган. 1919-жылдын январь айы. 

АКШ армиясынын 69-бөлүгү Биринчи Дүйнөлүк согуштан кайтып келаткан учуру.  

Аррас темир жол вокзалынын согуштан кийинки көрүнүшү. Франция. Февраль, 1919-жыл.

Иосиф Сталиндин (солдо), Владимир Лениндин жана Михаил Калининдин Коммунисттик партиянын 8-конгрессиндеги жолугушуусу. Москва. Март, 1919-жыл. 

Актёр жана куудул Чарли Чаплин «Sunnyside» кыска метраждуу тасмасына тартылып жатат.

Вашингтондогу Улуттук зоопаркта 55 миң кишинин катышуусунда Пасха майрамы белгиленип жаткан учур. 

44-Кентукки Дербинин жеңүүчүсү, Сэр Бартон аттуу күлүктү сүрөткө тартып жаткан маал. 1919-жылдын май айы. Сэр Бартон үч тепкичтүү мелдештин жеңүүчүсү болгон. Ал биринчи сыйлыгын 1916-жылы уткан.

Бул сүрөт 1919-жылдагы Ооганстандагы жашоонун бир бөлүгүн көрсөтөт. Сүрөткө таандык маалыматтар жоголуп кеткен.

1919-жылдын 15-июнь күнү авиациянын пионерлери Жон Алкок жана Артур Уиттен Браун "Виккерс Вими" деп аталган учагын Клиф станциясынын жанындагы сазга кондургандан кийин тартылган сүрөт.
 

Көл жээгиндеги сүрөт. 26-июнь, 1919-жыл. Сүрөт кайсы жерде тартылганы белгисиз.

Түндүк Македониядагы "Кызыл чырым" уюмунун ооруканасынын жанында турган качкындар. Оң жактагы жылаңайлак киши жаңы эле мончодон чыккан, калгандары кезегин күтүп жатышат. Тиф оорусун алдын алуу үчүн качкындар мончого түшүшү керек деген талап болгон.

Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Ллойд Жорж (солдон оңго), Италиянын премьер-министри Витторио Орландо, Франциянын премьер-министри Жорж Клемансо жана АКШнын 28-президенти Вудро Вильсон Версалдагы жолушугуу учурунда. Дал ушул жолугушуунун соңунда Биринчи Дүйнөлүк согушка чекит койгон тынчтык келишими кабыл алынган. Париж. 27-май, 1919-жыл.

Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында талкаланган Пирот шаарына "Кызыл чырым" уюмунун жардам кутулары келген учур. Сербия. 1919-жыл.

Лев Троцкий Москвадагы Коммунисттик партиянын штабындагы жардыруудан каза болгондорго таазим кылууда. 1919-жылдын 26-сентябрында анархисттер Коммунисттик партиянын Москвадагы штабында жардыруу уюштуруп, 12 киши каза тапкан, 55 киши жараат алган.  

"Bodensee" дирижабли Берлинден Фридрихсхафенге күнүмдүк каттамын ишке ашырып жаткан учур. Октябрь, 1919-жыл.

Кызыл армиянын аскерлери 1919-жылы Орусиядагы жарандык согушка жөнөп бараткан учур. 

Украиналык дыйкандар коммунисттер өлтүргөн жакындарынын сөөгүн казып алып, тек жайын аныкташууда. Ноябрь, 1919-жыл. 

Түндүк Грециянын Кавалла көчө базарында кардар күтүп жаткан сатуучулар. Балкан аймагында азык-түлүк тартыш болгондуктан картошка жана башка жер-жемиштер бир-бирден сатылган. Ноябрь, 1919-жыл. 

 

40 жаштагы Альберт Эйнштейн Берлиндеги иш бөлмөсүндө сүрөткө түшүп жатат.

Бул сүрөттү "Кызыл чырым" уюму 1919-жылдын ноябрь айында Чакан Орусия деп аталган жерде тарткан. Сүрөттө Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда украиналыктар тарткан азап жана ачарчылык чагылдырылган.

"Кызыл чырым" уюмунун унаасы кышкы ызгаарда Бухаресттен Румыния жана Болгария аркылуу Сербияга бараткан учуру. Күн суук болгондуктан машиненин мотору иштебей, дыйкандар аны түртүп, ордунан жылдырууга аракет кылышууда. Ноябрь, 1919-жыл.  

"Eastman Kodak" компаниясынын негиздөөчүлөрү Жорж Истман (солдо) жана Томас Эдисон жаңы ойлоп тапкан фотоаппаратты элге көрсөтүп жатат. Декабрь, 1919-жыл. Эдисон кино жабдууну, "Kodak" түрмөктөлгөн пленка жана кутучадагы камераны ойлоп тапкан. 

АКШнын түрмөсүндөгү жаңы жылдык балаты.

Нью-Йорктогу Бешинчи авенюнун көрүнүшү. Декабрь, 1919-жыл.