Ооганстандагы коогалаң, Москвага таарынган Лукашенко

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстанда куралдуу кагылышуулардан өлгөн адамдардын саны көбөйдү. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча былтыр теракт, куралдуу кармаштардан дээрлик 3,5 миң жөн-жай тургун мерт кеткен. Кеминде 8 миңге чукул адам жаракат алган. Жоочулар улам бир аймакты басып алышууда. Лукашенко Орусияга таарынды. Беларус Евразия экономикалык биримдигинен кандай пайда-зыян көрүп жатат? Биримдикке артылган үмүттөр акталуудабы? Кыргызстан Беларустай болуп биримдиктеги өз кызыкчылыктарын коргой алабы?