СOVID-19 дүйнөнү аралыкты сактаганга үйрөттү

Чиркөөнүн короосуна тартылган гүлдөр сыйынууга келгендерге аралыкты сактоого жардам берет. Тбилиси. 25-март, 2020-жыл. 

Ирандын Лурестан аймагында жашаган аялдардын жолугушуусу. 

Эт жана азык-түлүк саткан дүкөндөргө келген жарандар аралыкты сактоо үчүн жерге сызылган шакекченин ичинде турушат. Пакистандын өкмөтү коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу үчүн жарандардан аралыкты сактоого чакырган. Исламабад. 25-март, 2020-жыл.

Карачи шаарынын жарандары кайрымдуулук уюмдары тарата турган азык-түлүктөрдү күтүп жатат. Жердеги сызыктар алардын бири-биринен алыс аралыкты кармап туруу үчүн сызылган. Учурда Пакистанда базарлар жана коомдук жайлар жабылып, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. 

Жаланхар шаарында жер-жемиш алуу үчүн кезекте тургандар. Индия. 

Баткендин борбордук базарында унга кезек күтүп тургандар. Кыргызстан 23-март, 2020-жыл. 

Бангкоктогу соода борборлорунун биринде салып кетчү тамак-ашка буюртма берген адамдар. Таиланд. 

Остин шаарындагы азык-түлүк дүкөнгө кезекке туруу үчүн коюлган белгилер.Техас штаты, АКШ. 

Нью-Йорктун тургундары "Trader Joe's" соода борборуна кирүүгө кезек күтүп турушат. 

Нью-Йорктогу Hell's Kitchen эс алуу багында "социалдык аралыкты сактоону" тажрыйба кылып жаткан жарандар. 

Окленд базарындагы бор менен жерге сызылган тегерекчелер. Калифорния штаты, АКШ. 

 

Сомервилле шаарындагы азык-түлүк саткан дүкөндүн кардары. Бул дүкөн өз кардарларынан колду жуушун талап кылып, ошол эле учурда эч нерсеге тийбей туруп сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. 

Хьюстондун эс алуу багындагы "социалдык аралыкты сактоо" деген белги. Жергиликтүү бийлик шаардын тургундарын COVID-19 вирусунун жайылып кетишинин алдын алуу үчүн үйдө калууга чакырган. 

Лондондогу ооруканалардын биринде жумуш башталар алдында тамак алуу үчүн кезекте турган медайымдар. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон социалдык аралыкты сактоону эскертип, жарандардын топ-топ болуп чогулуусуна тыюу салган. 

Лондондогу тез татым тамак-аш жайына кезекке тургандар. 

Азык-түлүк дүкөнүндөгү жерге сызылган белги. Лондон. 

Бухарест шаарындагы соода борборуна кезек күтүп тургандар. Румыниянын президенти Клаус Йоханнис 25-марттан баштап өлкөгө өзгөчө кырдаал режимин киргизген. 

Кезек күтүп турган жарандар бири-бириненен коопсуз аралыкта турушат. Барселона. 17-март, 2020-жыл.