Окуу жылынын башталышы баш ооруга айланды

Белгиядагы мектеп.

Пандемия токтобой жаткан кезде көпчүлүк өлкөлөрдө окуу жылынын башталышы менен балдар мектепке кантип кайтат деген маселе баш ооруга айланды.

Анткени бардык гигиеналык нормалар сакталган кезде да окуучулар вирусту үйлөрүнө ташып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Инфекция жуктургандар 4,7 миллион кишиден ашкан Кошмо Штаттарда окуу жайлары сабак өтүүнүн түрдүү варианттарын сунуш кылып жатышат.

3-августта өлкөнүн башкы инфекционисти Энтони Фаучи балдардын мектептерге кайтуусун колдой турганын айтып, бирок ар бир жерде эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу зарыл экенин белгиледи.

Энтони Фаучи.

«Балдардын коопсуздугу, саламаттыгы биринчи орунда турушу керек. Мугалимдерди жана ата-энелерди, COVID-19дун үй бүлөлөрдүн башка мүчөлөрүнө жайылбашын да ойлош керек. Инфекциянын тарашы, вирусту жугузуп алуу ыктымалдыгы төмөн болсо, анда окуу жайларын ача бергиле. Бирок вирустун жайылышынын алдын алган бардык чаралар көрүлүүгө тийиш».

Мектептерди ачууну жактаган президент Дональд Трамп да жактап жатат.

Анткен менен бардык санитардык эрежелер сакталган учурда да окуучулар вирусту үйүнө ташып келет деген коркунуч жогору болууда.

Жаңы окуу жылы үстүбүздөгү аптада Жоржия, Луизиана, Миссисиппи жана Теннесси штаттарында башталууда. Айрым жерлерде сабактар класстарда өтсө, башка жактарда окуу онлайн уюштурулат. Башка мектептер аралаш форманы сунуш кылып жатышат. Лос-Анжелес, Филаделфия жана Вашинтон штаттары жок дегенде окуу жылынын башында мектептерди ачпай турууну оң көрүштү.

Мектептердин азыркы абалда ачылышына каршы акция. Нью-Йорк, 3-август, 2020-жыл.

COVID-19 басаңдай электе мектептерге кайтуудан бир топ мугалимдер да чочулашат. 3-августта АКШнын ондогон аймагындагы окутуучулар окуу жайларын ачуу планына каршылыгын билдиришти.

Германияда мектептер ачылды, Италияда мугалимдер жетишсиз

Европада эпидемиянын экинчи толкуну камтама кылып жаткан кезде Германиянын түндүгүндөгү Мекленбург - Алдыңкы Померания облусунда дүйшөмбүдө жайкы эс алуу аяктап, түмөндөгөн окуучу класстарга кайтты. Өлкөдөгү бардык окуу жайлары марттын ортосунда жабылып, ошол бойдон ачыла элек болчу.

Италияда жүздөгөн мугалим сентябрда мектептер иштей баштаса, вирусту жугузуп алуу коркунучу жогору болот деп чочулап, жумуштан кетүүгө арыз тапшырышты. Билим берүү министрлиги бардык санитардык нормалар сакталарына убада бергени менен кесиптик кошуундар ошол эрежелер боюнча кошумча класстарды ачыш керек экенин, ага орун жетиштүү эмес экенин айтып келатышат. Мугалимдер тартыш болгондуктан, башталгыч класстарда диплом ала элек адистерге иштөөгө уруксат берилмекчи.

Мексика.

Боливия окуу жылын эрте бүтүрдү

Латын Америкасында окуу процесси онлайн уланууда. COVID-19 48 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен Мексикада 30 миллиондон көп окуучу 24-августтан тартып аралыктан окумай болду. Билим берүү министри Эстебан Моктезума Баррагандын айтымында, сабактар теледен, алыскы аймактарда радиодон окутулмакчы. Министр бир катар өлкөлөр мектептерди ачып, бирок инфекция кайра тарап жаткандыктан, жабууга аргасыз болушканын кошумчалады.

Ал арада Боливия өкмөтү окуу жылы эрте аяктап жатканын билдирди. Анткени айыл-кыштактарда Интернет жок болгондуктан, билим берүү процессин камсыз кылуу мүмкүн эмес. Окуу жылы өлкөдө февралда башталып, ноябрда жыйынтыкталат. Эки миллиондой окуучунун 80% жакыны мамлекеттик мектептерде билим алат. Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, боливиялыктардын 10% гана Интерентке байланышуу шарты бар, ал эми ЮНИСЕФтин изилдөөсү окуучулардын 40% эле онлайн билим алуудан пайдалана алганын көргөздү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​