COVID-19: Индияда мектептер ачылууда

Индия.

Коронавирус жуккандардын катарына күн сайын 100 миң киши кошулуп турганы менен Индиянын айрым штаттарында 21-сентябрда беш айдан кийин мектептер кайра ачылууда. АКШдан кийинки экинчи орунда келаткан өлкөдө COVID-19га 5,4 миллион киши кабылды.

Дүйнө жүзүндө 21-сентябрга карай бул өлкөдө ушул оору менен инфекцияланган 31 миллионго жакын киши расмий катталды, өлгөндөрдүн саны бир миллионго чукулдады.

Индия бийлиги күнүнө бир миллиондой тест жасалып жатканын билдирүүдө. Ал эми адистер калкы бир миллиард 300 миллиондон ашкан өлкөдө вирус жуккандар жана каза болгондор алда канча көп деген пикирин айтып келишет.

Серологиялык изилдөөлөргө ылайык, индиялыктардын 25% бөлүгүндө коронавируска каршы антиденече бар болуп чыкты. Бул көптөгөн адамдар вируска чалдыккан дегенди билдирет.

Борбордук өкмөт 14-17 жаштагы окуучулардын мектептерге ыктыярдуу кайтышына уруксат берди. Бирок акыркы чечимди штаттардын жетекчилери кабыл алмакчы. Дели, Гужарат, Керала, Уттар-Прадеш өңдүү бир топ аймактар окуу жайларын ачуу азырынча эрте деп эсептешет. Жер-жерлерде сабактар онлайн уланууда, кайсы бир аймактарда мектептер жарым-жартылай ачылды. Бир катар учурларда ата-энелер балдарынын мектептерге кайтышына макулдук бергени тууралуу уруксат кагазын жазып бериши керек.

Дагы караңыз Индияда бир күндө 90 миң кишиден вирус чыкты

Март айында Индия өкмөтү карантин киргизгенде чоң шаарларда иштеген он миллиондогон жумушчу айыл жергесиндеги үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болгон. Саламаттык сактоо эксперттери бул фактор да вирустун жайылышын шарттаган болушу керек деп болжолдошот. Анткени инфекциялангандар эл санитардык эрежелерди сактабай жаткан алыскы айыл-кыштактарда өзгөчө көбөйүүдө.

Карантин элдин жакырчылыгын ого бетер күчөттү. Ансыз да кедей райондордо жашаган индиялыктар өлбөстүн күнүн көрүп жан бакчу.

Премьер-министр Нарендра Моди башка өлкөлөрдүн жолуна түшүп кайрадан чектөөчү чараларды киргизүүнү жактабайт.

Соңку айларда темир жол кыймылы, ички авиакаттамдар жанданды, базарлар менен ресторандар иштей баштады.

21-сентябрда жарым жыл бою жабык турган айтылуу Таж-Махал комплекси зыяратчыларга эшигин ачты. Бирок айрым чектөөлөр кала берүүдө жана санитардык нормалар киргизилди.

Дагы караңыз Австралияда үйдө отурбаган бейтап жазага тартылат

Жаңы Зеландия дүйшөмбүдө Оклэнд шаарынан тышкары бардык жерлерде чектөөчү чараларды алып салды.

Өлкө биринчилерден болуп вирусту ооздуктаганын билдиргенден кийин Оклэндде жаңы очок пайда болуп, августта кайрадан жарым-жартылай карантин киргизилген.

Испания, Франция жана Британия адистер экинчи толкун деп атаган көрүнүш менен күрөшүп келатышат.

Ал арада Кошмо Штаттар бир күндө бир миллион тест жүргүзгөнүн билдирди. Бирок айрым эпидемиологдор пандемияны ооздукташ үчүн күнүнө 6-10 миллион кишиден анализ алынууга тиийш деп эсептешет. АКШда бул инфекцияны 6,8 миллион киши жугузуп алды, 200 миңден көп киши илдеттен көз жумду.