Бакуда "Азадлыг" радиосунун кеңсесин прокуратура жапты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азадлыгдын" документтери, компьютерлердин дисктери конфискацияланды

26-декабрда Азербайжандын Башкы прокуратурасы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Бакудагы бюросунда тинтүү жүргүздү.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери кеңсени тинтүүнү аяктап, эшикти бекитип, мөөр басып кетти. Алар «Азадлыг» радиосунун документтерин, компьютерлердин дисктерин чыгарып кетишти. Прокуратуранын өкүлү мындан аркы тергөө иштери үчүн алар кеңсеге дагы келээрин эскерткен.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун башкы редактору Ненад Пейж Баку бюросун тинтүүнү айыптап, «Саясий режимдин биздин үнүбүздү басууга жасаган биринчи аракети эмес. Биз болсо азербайжан элинин эркин маалымат алуу укугун коргоого көмөктөшүп, угармандарга зарыл маалымат жеткирүүнү уланта беребиз» деп билдирди. Ошондой эле “Азербайжан өзүнө алган эл аралык милдеттемелери менен стандарттарды одоно бузууда” деп айтылат башкы редактордун билдирүүсүндө. ​

Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын башчысы Кенан Алиев Бакудагы тинтүүнү көз карандысыз медиага каршы чабуул деп мүнөздөдү:

- Бакудагы биздин бюронун иши толук токтоду. Азербайжанда медиа жана бейөкмөт уюмдар узактан бери талкаланууда. Биздин кабарчыбыз Хадижа Исмаилова да камалды. Биз муну көз карандысыз медиага каршы чабуул деп билебиз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бакуда "Азаттыктын" бюросу тинтилди

Кеминде 10дой куралчан полициянын коштоосунда келген прокуратура кызматкерлери “бюрону жабуу жөнүндө” соттун чечимин көрсөткөн. “Азаттык” радиосунун Азербайжан кызматы маалымдагандай, бюродо телефон жана интернет байланыштары өчүрүлгөн. Прокуратуранын айтымында, текшерүү “Азадлыг” чет өлкөдөн каржылаган радио болгону үчүн жүргүзүлүүдө.

Журналисттер бир бөлмөдө камалып отурушту

Азербайжан прокуратурасы кийинки жылдары башка дагы чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөттүк мекемелерге рейд жасап, АКШнын билим берүү жана маданий кызматташууну өнүктүрчү IREX уюмун жана Улуттук демократиялык институтту (NDI) жапкан.

Рейдге прокуратура өзү менен кошо алып келген күбөлөр да катышууда.

5-декабрда Баку шаарынын Сабаил райондук сотунун чечими менен "Азаттыктын" азербайжан кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова адамды өмүрүн кыйганга жеткирген деген айып менен эки айга камалган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бакуда "Азаттыктын" журналисти камалды

Исмаилованын адвокаты Элтон Гулиев козголгон кылмыш иши журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтып келет.

Хадижа Исмаилова Азербайжандын президентинин үй-бүлөлүк бизнесинин сырларын ачкан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана уюшкан кылмыштуулук менен коррупция боюнча долбоордун автору.