Орусиянын мунайды кымбаттатуу аргасы

Мунай казып алуу.

Орусия мунай өндүрүштүн көлөмүн көбөйтпөй турганын билдирүүдө. Бирок талдоочулар Москванын дүйнөлүк базардагы баага таасир берүүнү көздөгөн бул аргасынан майнап чыгары күмөндүү экенин айтышууда.

Орусиянын ири мунай өндүрүүчүлөрүнүн баары казыла турган кара майдын көлөмүн көбөйтпөй турганын президент Путин кечээ өкмөт жыйынында жарыялады. Анын айтымында, бул өндүрүш көлөмү быйылкы жылдын январындагы деңгээлден ашпайт дегендик.

Маселе мунай өндүрүүчү компаниялардын негизгилери менен 1-марттагы жыйында макулдашылды.

Баа арзандагандан арзандап, киреше азайганына карабай, быйыл январда Орусияда мунай казуунун көлөмү постсоветтик доордогу дагы бир максимумду багындырып, күнүнө 10,8 миллион баррелге барабар болгон эле.

Баа эмес, базар үчүн күрөш

Путин мунай компаниялардын башчылары менен жолуккан учур. Москва, 1-март, 2016-жыл.

Кара май ансыз деле арзан болуп жаткан учурда өндүрүштү көбөйтүп, ага салым кошпоо зарылдыгын орус бийликтери мына ушундан улам көтөрүүдө.

Бирок, москвалык талдоочу, RusEnergy консалтинг компаниясынын өкүлү Михаил Крутихин “Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, дүйнөнүн ири мунай өндүрүүчүлөрүнүн баары өндүрүш көлөмүн бир учурда кыскартпаса, жалгыз Орусиянын чарасы майнап бербей турганы талашсыз.

Ал эми азыркы шарт-жагдайда өндүрүшчүлөрдү баадан мурда, базардагы үлүштү жоготпоо көбүрөөк камтамага салууда:

- Бул жерде маселе өздүк наркта (мунай өндүрүүнүн) эмес, базарда суроо-талапка караганда сунуштун көптүгүндө. Эгер базарга экспортчулардын бирөө же алардын тобу кара майдын кандайдыр бир көлөмүн чыгарбай койсо, бул боштукту алардан башкалары өз мунайы менен оңой эле ээлейт. Азыр базардан эч кимдин кеткиси келген жок. Базардагы үлүшүн эч ким кыскарткысы келбейт. Баары мунайдын баасы эмес, базардагы көлөм үчүн күрөшүүдө.

Өзү кара май казып, аны экспорттоо менен 200дөй өлкөнүн жүзгө жакыны алектенет. Бирок дүйнө керектеген мунайдын 65% жакынын негизи он өндүрүүчү эле берет.

2015-жылдын жыйынтыгында кар май казуунун көлөмү жагынан көч башына АКШ чыкса, экспорттун көлөмү жагынан биринчи жана экинчи орунда мурдагыдай эле Сауд Арабия менен Орусия турат.

"Күлкү келтирерлик" демилге

Өткөн айда Москва өндүрүш көлөмүн кыскартуу маселеси боюнча кара май казуучулардын ОПЕК уюмуна мүчө: Сауд Арабия, Катар, Венесуэла менен сүйлөшүү өткөргөн.

Орусия, Саудия, Катар, Венесуэла министрлеринин жыйыны. Доха, 16-февраль, 2016-жыл.

Орусиянын энергетика министри Александр Новак 1-мартта “өндүрүш көлөмүн турукташтыруу чечимин” он беш өлкө колдоду деп билдиргени менен, азырынча муну бекемдеген кандайдыр бир келишим түзүлө элек.

ОПЕКке мүчө жана эл аралык санкциялардан жаңы эле кутулуп, мунай сатууну көбөйтүүгө камынып жаткан Иран өндүрүш көлөмүн кыскартууга дароо эле каршы чыгып, мунай министри Бижан Зангане бул демилгени “күлкү келтирерлик” деп атаган болчу.

Өнүгүүгө мүмкүндүк бербеген өздүк нарк

Адистердин эсебинде, Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн кээ бир мунай кендеринде кара май өндүрүүнүн өздүк наркы баррелине 1-2 долларды түзөт.

Иран, маселен, жакында Европа үчүн мунайдын оор түрүнүн бир баррелин 17 доллардан да сата аларын ачык айтты.

Орусияда болсо мурда өздөштүрүлүп, узактан бери казылып жаткан кендерде кара майдын бир баррелинин өздүк наркы 5-10 доллардын ортосунда.

Когалымдагы мунай кен. 25-январь, 2016-жыл.

Москвалык талдоочу, RusEnergy консалтинг компаниясынын өкүлү Михаил Крутихиндин айтуусунда, буга транспорттук жана башка чыгымдарды, салыкты кошкондо баррелине 30 долларга жакындап барат. Андыктан, базардагы 35-37 доллардык баа бюджеттин гана кирешесин азайтпастан, орус мунай компанияларынын өнүгүүсүнө мүмкүндүк бербейт:

- Себеби, мындай баада өзүн-өзү актап, киреше бере турган долбоорлор дагы болгону менен азайгандан азаюуда. Азыр Орусиянын кендеринин дээрлик 70% казып алуу жагы татаал мунай. Анын өздүк наркы, албетте, кымбат болот.

Талдоочулар дүйнөлүк экономикадагы, базардагы бүгүнкү кырдаалды эске алганда кара май баасы бирде көтөрүлүп, бирде түшкөнү менен жакынкы жылдары мурдагыдай 80-100 доллардык чекке эч чыкпайт, деп болжолдошууда.

Мунун себептеринин бири - дүйнөнүн биринчи экономикасы АКШ өзү мунай өндүрүштү көбөйтүп, атүгүл экспорттоого киришсе, экинчиси - экономиканын Кытайда өсүү ыргагынын басаңдаганы.