Демонстранттар имараттагы Ирандын желегин кулатып, анын ордуна Ирактын туусун илип коюшту. Алар Тегеранды Багдаддын ички ишине кийлигишет деп күнөөлөштү.
Кербелада Иран консулдугуна 4-ноябрга караган түнү чабуул коюшкан. Жаалданган топ имаратка кирип барууга аракет жасап, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Кагылышта кеминде үч адам өлүп, ондон ашык киши жаракат алды.
Демонстранттардын бири Тегеранды Багдаддын ички саясий ишине кийлигишип жатат деп айыптады:
- Биз бүгүн Иран консулдугунун алдына каршылык акциясын өткөрөлү деп келдик. Биз Ирандын желегин кулатып, анын ордуна Ирактыкын илишибиз зарыл. Бул жактагы Иран менен байланышы бар ирандыктардын бизге кесепети тийип жатат. Биз бир дагы ирандыкка Кербелада калышына жол бербейбиз. Кербела шаарынын тургундары ирандыктарга каршы чыкты. Кербелада эле эмес, бүтүндөй Иракта коррупцияга баткан партиялар, ирандыктар болбошу керек.
Иран бийлиги бул чабуул тууралуу азырынча үн ката элек.
Саддам Хусейндин бийлиги кулагандан бери Иракта шиит мусулмандарынын өлкөсү болгон Ирандын таасири көбөйгөн. Тегеран Багдаддагы шиит багытындагы саясий топторду ар тараптан колдоп келет.
Буга чейин каршылык акциясына чыккандар Ирандын руханий көсөмү Али Хаменеи менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, генерал Касем Сулейманинин бети чиймеленген сүрөттөрүн да көтөрүп чыгышкан. АКШ Иракка саясий, аскердик жана каржылык жардам берип келет. Багдад мындан улам Вашингтон менен Тегеранга тең салмактуу карап, бирдей алака-катыш жасаганга аракет кылып жүрөт.
Ирактын премьер-министри 3-ноябрда каршылык акциясына чыккандарды сабырдуулукка чакырып, тоз-тополоңдун айынан өлкө экономикасы "миллиарддаган доллар" чыгымга учурап жатканын эскертти. Абдел Абдул Махди өзүнүн кайрылуусунда "саясий системаны олку-солку кылган" каршылык акциялары өз максатына жетти деп мойнуна алды.
Багдадда дем алыш күндөрү каршылык акциясына чыккандар негизги делген кан жолдорду буушту. Унааларын жолду тороп туурасынан токтотуп коюшту. Полиция аларга тоскоол кылып, күч колдонгон жок.
Иракта өкмөткө каршы нааразылык акциялары 1-октябрда башталган. Миңдеген адам көчөгө чыгып, коррупцияны тыюуну, жумушсуздукту азайтууну жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууну талап кылып жатат. Кагылыштарда ажал тапкандардын саны 250дөн ашты. Багдадда коменданттык саат да киргизилгени менен анын талабы сакталган жок.
Шиит мусулмандар кыймылынын ардагери болгон Абдел Абдул Махди бир жылдай мурун премьер-министр болуп дайындалган. Ал кызматка киришип жатканда натыйжалуу реформалар жүрөт деп кабелтең убада берген. Нааразылык акциялардын алгачкы күнүндө да Абдул Махди өз өкмөтүндө өзгөртүү жасарын айткан.
Аткаминерлердин маянасын кыскартып, жаштар арасындагы жумушсуздукту азайтууга убада берген. Бирок демонстранттар ал айткан убадасын аткарган жок деп айыптап, өткөн айдын аягынан тарта кайра көчөгө чыгышты.