Евроэркектин эгоизми же маяна теңсиздиги

Тицинан. "Амурду тарбиялоо"

8-мартта Аялдардын эл аралык күнү майрамдала баштаганына 100 жыл толот. Европа Биримдиги да бул датаны чоң шаан-шөкөттөр, оюн-зооктор менен белгилөөгө камданууда.
Бирок Еврокомиссия майрамды утурлай жарыялаган маалыматтарга караганда, Биримдикке мүчө өлкөлөрдө аялдар эркектерге салыштырганда орточо 20 процент аз маяна алат экен. Бул Биримдикте аял менен эркектин эмгеги тең бааланбаганын айгинелейт.

ЕБ: Аялдын мээнети эркектен 18 процент аз бааланат
Француз Эраване Резайи айым "French Open" теннис чемпионатында. Париж, 28-май 2010


Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекетте аялдар менен эркектер иштеп тапкан маянанын айрымасы 17, 5 процентти түзөт. Еврокомиссия 4-мартта жарыялаган маалыматка караганда, бул ажырым же теңсиздик акыркы 15 жылда өзгөрбөй сакталууда. Бу деген, Евробиримдиктин юстиция жана жарандардын укуктары боюнча комиссары Вивиан Рединг айымдын сөзүнчө, европалык аялдар бир жылда эркектердей эле киреше табуу үчүн кошумча дагы 2 ай иштөөгө тийиш деген сөз. Редингдин өкүлү Матью Ньюмэн берегидей теңсиздик эмгек рыногундагы структуралык өзгөчөлүк менен түшүндүрөт:

- Көпчүлүк аялдар акчаны көп тапчу айрым кесиптерге барып иштешпейт. Аялдар жаш кезинде, тагыраак айтканда, билим ала баштаганда, алар көбүн эсе мугалим сыяктуу көп маяна төлөнбөгөн кызматтарга көбүрөөк барышып, ошо менен чектелишет. Алар инженер, компьютер илими жана менеджмент сыяктуу акча көп төлөнчү кесиптерге анчейин барышпайт.

Еврокомиссиянын докладына ылайык, Эстонияда аялдар менен эркектердин эмгек акысы ортосунда айрыма 30 процентке барабар. Бул Евробиримдикке кирген 27 өлкөдөгү эң чоң ажырым. Ал эми Италияда мындай айрымчалык 5 гана процентке тете. Себеби Ньюмандын айтышынча, италиялык аялдар башка Европа өлкөлөрүндөгү курдаштарындай аз маяналуу иштерге же кара жумушка барышпайт.

Еврокомиссия - аялдардын эл аралык майрамынын шарапаты менен - акы
Германиянын канцлери Ангела Меркель, Евробримдиктин Брюсселдеги саммитинде. 29-октябрь 2010
төлөөдөгү теңсиздикти токтотуу боюнча бир катар иш чараларды өткөрмөкчү. А кээ бир саясатчылар эзелтен келаткан теңсиздикти жоюу үчүн чечкиндүү мыйзамый демилгелер зарыл дешет.

Евробиримдик Норвегиянын жолуна түшүүдө

Ева-Бритт Свенссон Европа Парламентинин Аялдардык укуктары жана гендердик теңчилик боюнча комитетинин төрайымы . Анын айтымында, изилдөөлөр Евробиримдиктин аялдар жана эркектердин эмгегин баалоодогу теңсиздикти токтотуу багытында буга чейин кабыл алган чечимдери ишке ашпаганын көрсөткөн. Андыктан, Свенссон айымдын оюнча, азыр жаңы мыйзам кабыл алынмайын, абал өзгөрбөйт:

- Ал үчүн айлык боюнча кемсинтүүнү улантууну токтотуу абзел. Биз көп иштерди жасашыбыз керек. Биз адамдарды айга жана башка жактарга жөнөтө албайбыз. Бизде чындап иштеген чечимдерди-директиваларды кабыл алганга мүмкүнчүлүгүбүз болуш керек.

Ева-Брит айымдын оюнча, обол реформаны ири фирмалардан баштоо зарыл. Азыр Европа Биримдигиндеги чоң компаниялардан жетекчилеринин 97 проценти эркектер. Бул иште Биримдик үчүн уюмга мүчө эмес Норвегия өрнөк боло алат.
Байыркы римдиктердей кийинген аялдар Римдин негизделгенин(21-апрель, 753-жыл, биздин заманга чейин) белгилеген майрамда.20-апрель 2006


“Spigel” (Германия) журналынын жазышынча, былтыр Норвегиядагы жек менчик эмес компаниялардын директорлор кеңешининде 1 миңдейи же 40 проценттен көбү аял болгон. 2003-жылы жетекчилик орундагы 40 проценттик квота тууралуу мыйзам кабыл алынган кезде өкмөттүк компаниялардын жетекчилинде 200дөй гана аял болгон. Норвегияда ушу тапта айтылган мыйзамдын субьекти болбогон компаниялардын жетекчилеринин ар бир үчүнчүсү аялдар. Ал эми Германиянын ири 200 компаниясында жетекчилердин 3, 2 проценти гана аялдар. Болбосо, немис университеттеринин бүтүрүүчүлөрдүн теңинен ашыгы ( 51 процентке жакыны) кыз-келиндер. Канцлер Ангела Меркелдин өкмөтүндөгү 14 министрдин бешөө аял. Үй-бүлө министри, 33 жаштагы Кристина Шрөдер азыр кош кат жана июлда көз жарат деп күтүлүүдө.

Европанын лидерлери Брюсселдеги жыйында сүрөткө түшүшүүдө. 16-декабрь 2010
Өткөн жылы Испания менен Нидерландия да аял жетекчилердин санын, тийиштүү түрдө, 40 жана 30 процентке жеткирүү боюнча мыйзам кабыл алды. Январда Франциянын Сенаты кабылган мыйзамга жараша өлкөдөгү компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн 40 проценти 2017-жылга аялдар болууга тийиш. Бул мыйзамды Улуттук Ассамблея чукул арада бекитет.

Бельгия, Германия, Швеция да ушундай кадамга барууга камданууда. Еврокомиссия болсо келерки жылы маселе кайра каралганга дейре европалык компаниялар жетекчи аялдардын санын өз ыктыяры менен көбөйтүүсүн каалайт. Анткекни, Матью Ньюмэндин айтышынча, бул жеңил аткарылчу иш эмес:

- Квота автоматтык түрдө жетишчү нерсе эмес. Бул эки баскычтуу жараян(жүрүм). Биз заттар кандай өзгөрүшү мүмкүн экенин көрөбүз жана эч кандай өзгөрүүнү көрбөсөк, аракет жасайбыз.
Германия. Төмөнкү Саксония жеринин(штатынын) Социалдык иштер боюнча министри Айгүл Өзкан немец тилин үйрөнүүнгө чакырган плакат-сүрөттө. 20-октябрь 2010


Мындай кыйынчылыктарга карабастан, Евробиримдик 2015-жылга уюмга кирген өлкөлөрдөгү компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ар бир үчүнчүсү аял болушуна жетишүүнү мерчем кылууда. Ал эми 2020-жылга Норвегиядагыдай 40 проценттик чекке жеткирилет деп болжолдонууда. Айтмакчы, ушундай эле квота Еврокомиссиянын өзүнө да керек. Азыр комиссиянын кеңсесинде иштеген кызматкерлердин теңинен көбү же 53 проценти аялдар. Бирок тармактар боюнча жооптуу 27 комиссардын тогузу гана аял.

Дүйнөнүн калган бөлүгүнө назар салсак, кадыр барктуу “Fortune” журналынын тизмесиндеги АКШнын эң ири 500 компаниясынын директорлор кеңешинде аялдар 15 процентти түзөт. Азия өлкөлөрүндө аялдардын үлүшү өтө төмөн. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, Кытайдын жана Индиянын компанияларында бул көрсөткүч 5 процентке жетип-жетпесе, Японияда 1,4 процентке гана барабар.