Социалдык тармактарда мусулмандар менен христиандардын сөөгүнүн бир жерде коюлушун кызуу талкуулап жатышат. Ал ортодо өкмөт улуттук пантеондун курулушуна 1,7 миллиард теңге бөлүнөрүн маалымдады.
Улуттук пантеон - коомго белгилүү, кайсы бир тармакка эмгеги сиңгендерди сөөгү коюулуучу атайын жай Астанадан 17 чакырым алыстагы Канабай баатырдын күмбөзүнүн жанында жайгашат.
Бул жайга азырынча бир нече гектар жер бөлүнгөн. Ага Казакстандын көрүнүктүү ишмерлеринин сөөгүн коюу төрт жыл мурун башталган. Алгачкылардан болуп “мамлекетти түптөөгө чоң салым кошкон” деп казак парламентинин төмөнкү палатасынын мурунку спикери, маркум Орал Мухамеджановдун сөөгү коюлган. Анын жанында казак акыны Фариза Онгарсынова жана биринчи айым Сара Назарбаеванын кичүү иниси Саяхат Конакайдын бейити турат. 2015-жылы октябрь айында президент Назарбаевдин үзөңгүлөшү Максут Нарикбаевдин сөөгү дагы ушул жерге коюлган. Өткөн жылы бул жерге Акмола облусунун мурунку акими Сергей Дьяченконун мүрзөсү пайда болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча, пантеонду курууга беш миллион АКШ долларынан көп каражат кетет. Бул акча мамлекет казынасынан бөлүнүшү керек.
- Эгер мен унутуп калбасам эле документтеги долбоор боюнча баасы 1,7 миллиард теңге. Азырынча жер бөлүү иштери жүрүп жатат - деди Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов.
Айрым саясат талдоочулардын пикиринде, казак журтуна эмгеги сиңгендер үчүн атайын сөөк коюу жайын уюштуруу президент Нурсултан Назарбаевдин атын тарыхта калтырууга багытталган демилге. Саясат таануучу Талгат Мамырайымов мындай долбоордун көздөгөнү президенттин атын ыйык көргөзүү аракети дейт. Грек тилинен которгондо пантеон - ибадаткана же кудайларга багышталган жай дегенди түшүндүрөт.
- Илгери авторитардык, монархиялык өлкөлөрдө мындай пантеондор өзүн актачу. Эми азыр мындай тажрыйба өзүн актабайт. Анын үстүнө Баш мыйзамга ылайык Казакстан демократиялуу, светтик мамлекет. Бул аракет болсо диний көз карашка тиешелүү.
Ал эми казакстандык интернет колдонуучулар пантеондо христиандар менен мусулмандардын сөөгүнүн бир жерде коюлушун талкуулап жатышат. Бирок дин иштери боюнча министрлик башка дин өкүлдөрүнүн сөөгү өзүнчө коюларын билдирди. Казакстандын дин иштери боюнча министрлиги пантеонго жер бөлүү азырынча так бүтө электигин билдирет. Маалыматка ылайык атактуулардын сөөгү коюлуучу жайга кеңири жер бөлүнөт. Казак аткаминерлеринин пикиринде, улуттук пантеон көп улуттуу жана дин ишенимдерин сыйлаган казак элинин тарыхы, сыймыгы болуп калат.
Деген менен элге эмгеги сиңген инсандардын сөөгү коюлчу атайын жай салуу демилгесин сындагандар арбын. Алар коомчулукка чындап кызмат өтөгөн адам үчүн сөөгүнүн каерде коюлганы эмес, эмгегинин салмак, баасы маанилүү деп эсептешет. Ошондой эле улуттук пантеон куруу идеясын максатсыз каражат сарптоолордун бири деп сыпатташат.