Украина: согуш кылмыштарына ким жооптуу?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын орус аскерлеринен бошотулган аймактарынан жүздөгөн жай тургундардын сөөгү табылып жатат. Эл аралык уюмдар ондогон аялдар жана балдар да зордукталганы тууралуу кабар таратууда. Киев Орусиянын Украинадагы аракетин “геноцидге” теңесе, Москва өз аскерлери карапайым тургундарга ок атпаганын кайталап келет. Украинадагы болжолдуу согуш кылмыштары, бейкүнөө адамдардын өлүмү үчүн ким жооп берет? Кылмыштар далилденсе, Орусиянын жетекчилигин келечекте эл аралык трибунал күтүп турабы? “Биз жана дүйнө” программасында талкууладык.