Тунжураган Вашингтон

Вашингтон шаары жайгашкан Колумбия аймагына карантин март айынын соңунда киргизилген.
 

Кошмо Штаттардын баш калаасы Вашингтондун адатта туристтер жык толгон жайлары азыр ээнсиреп турат.

Америка бийлиги элди көчөгө ашыкча чыкпоого үндөп жатат. Бирок катаал чаралар көрүлгөн жок. Каалагандар тышта ээн-эркин эле жүрүшөт.
 

Күндө тыгын болгон көчөлөр азыр дээрлик бош.

Авраам Линкольндун мемориалынын алдында жергиликтүү тургундарды көрүүгө болот. Бир тобу үйдө отургандан жадап сейилдегени келишет.

Айрымдары бул жерден дене көнүгүүлөрүн жасашат.

Авраам Линкольндун мемориалы.

Коронавирус пандемиясына чейин метродо эл батпай турчу. Азыр да коомдук транспорт токтогон жок. Мурдагыдай эле жадыбал менен жүрүп жатат.

Ресторандарда отуруп тамактанууга болбойт. Тамакты өзүң менен гана алып кетүүгө уруксат берилген.

Вашингтон шаарынын калкы 600 миңден бир аз ашат. Коронавирус илдетине үч миңден көп киши кабылды. Жүздөн ашууну бул илдеттен көз жумду.
 

Баш калаанын мэри Мюриел Баузер карантинди 16-майга чейин узартты.

Кошмо Штаттар коронавирус жугузуп алгандардын жана бул илдеттен каза болгондордун саны боюнча да дүйнө өлкөлөрүнүн сап башында.

Кошмо Штаттар коронавирусту жуктуруп алгандар жана бул илдеттен каза тапкандардын саны боюнча алдыга чыкты. .