Салык саясаты: Матраимов, Месси, Снайпс

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жакында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) экс-бажычы Райымбек Матраимовго байланыштуу компаниялардан 24 млн. сомдой салык өндүрүлгөнүн кабарлады. Ага чейин ишкер Жалил Атамбаевге жана анын жакындарына таандык ишканалар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган. Деги эле эмне үчүн салык төлөө керек? Кыргызстанда жана дүйнө өлкөлөрүндө салыктан качкандарга кандай жаза каралган?