Өзбекстан: "Жаштык" түрмөсү - азаптын ордосу

Өзбекстандын түрмөлөрүнүн биринде 2002-жылдан бери жаткан орус-израил жарандыгы бар ишкер Валерий Парижерге дагы 5 жылдык жаза кошулуп, “Жаштык” түрмөсүнө жөнөтүлдү.

Өзбекстандагы “Жаштык” түрмөсү - өлкөдөгү шарты эң катаал абак жай деп эсептелет. Мындан улам бул түрмөнү “Азаптын ордосу” деп да атап коюшат.
Өзбекстандын “Жаштык” түрмөсүнө жатып чыккан адамдар үчүн андагы жүрөк титиреткен кыйноолор өмүр бою кара тактай эсинде калат. Кайнак сууга күйүп, токко тартылып, тырмактарын жулдуруп, а тургай сексуалдык зомбулук көргөн абактагылардын запкысын алардын денесиндеги ар кандай тырыктар далилдеп турат. Алардын бири өзбек акыны жана диссидент Жума Юсуф бул түрмөнү Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы немистердин концлагерине салыштырат.

Жума Юсуф 2007-жылы президент Каримовдун каарына калып, ушул абакка айдалган.

- Ар айдын 15 күнү мени жалгыз кишилик камерада кармашчу. Калган 15 күндө 500 километр аралыктагы Нукус шаарындагы түрмөгө алпарышчу. Мени ал жакка кичинекей темир кутудай машинеге салып жөнөтүшчү. Анын ичи ушунчалык кичинекей болгондуктан, толук отуруп же тура албайсың. Өңгүл-дөңгүл жолдо башым менен темирге бир тийчүмүн. Алтургай аба жоктугунан демим кысылчу, - дейт Жума Юсуф

“Жаштык” абагы 1999-жылы Совет маалындагы Каракалпакстан автоном республикасындагы химиялык куралдар текшерилчү аймакта курулган. Өзбекстандын түндүк-батышындагы бул автономдуу аймак каардуу кышы жана аптаптуу кургак жайы менен белгилүү.

Түрмөнүн пайдубалы 1999-жылы Ташкенттеги жардыруулардан кийин түптөлгөн. Ал жардыруулар үчүн өзбек бийлиги диний экстремисттерди айыптаган. Окуядан кийин “диний айыпкер” делген ондогон адамдар ушул абакка айдалган. "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун маалыматында, ушул тапта абакта 5000ден 7000ге чейин киши жазасын өтөп жатат.

Өзбек бийликтери жашыруун максатта түзсө дагы 2002-жылы абактагы эки соттолуучунун өлүмү медиа менен укук коргоочулардын көңүлүн бурган. Түрмөдө кыйноодон өлгөн эки киши: Музафар Авазов менен Хуснидин Алимов "Хьюман Райтс Уотч" уюму тарабынан “диний негиздеги айыпкер” деп аныкталган.

Укук коргоочулардын айтымында, Авазовдун денесинин 60-70 пайызы кайнак сууга күйүп калган. Сөөктү көргөн дарыгерлер да ушундай жыйынтыкка келишкен. Ошондой эле анын башында, чекесинде, мойнунда канжалаган жараттары көрүнүп, манжаларында тырмактары жок эле.

"Хьюман Райтс Уотчтун" өкүлү Стив Свердлоунун айтымында, Авазовдун окуясы Өзбекстандын бул абагындагы кыйноолорго коомчулуктун көңүлүн бурду:

- Бул окуядан кийин кыйноолор - Өзбекстандагы адам укугун коргоочулардын тынчсыздануусун туудурган. Эл аралык баяндамаларда дайыма “Жаштыкта” соңку он жыл ичинде диний айыпкерлер кыйноолорго туш болууда деп айтылып келет.

Ал эми өзбек бийлиги абакта абал жакшырып калганын айтып, “өлкөдөгү түрмөлөдө кыйноо жайылып баратат” деген сөздөрдү четке кагууда. Алар керек болсо, түрмөдөгүлөргө начар мамиле кылгандыгы үчүн бир нече укук коргоо кызматкерлери жазаланганын билдирип жатышат.

Ошол эле учурда Өзбекстан Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча баяндамачысы баштаган укук коргоочуларга «Жаштык» абагы менен кошо бир катар башка түрмөлөргө кирүүгө уруксат бербей жатат.

Өзбекстандын түрмөлөрүнүн биринде 2002-жылдан бери жатып, жаза мөөнөтү аяктап калган орус-израил жарандыгы бар бизнесмен Валерий Парижер жакында күтүүсүз жагдайга кабылды. Эми эркиндикке чыгам деп турган чет элдин жаранына дагы беш жылдык жаза кошулуп, “Жаштык” түрмөсүнө жөнөтүлдү.

Израиль бийлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине кат жазып, бизнесменди дароо башка түрмөгө которуп, бошотууга чакырды.

Ишкер Парижердин жубайы Ирина “Азаттыкка” күйөөсүнүн тырмактарынын алдына ийне сайылып, жайдын ысык күндөрүндө темир үкөктүн ичинде узак убакыт бою кармалып, адам чыдагыс кордук көрсөтүлгөнүн айтып берди. Ал күйөөсүнүн өмүрү үчүн кооптонуп, эми “Жаштыкта” дагы беш жылга чыдай албастыгын билдирүүдө.