Өзбекстан: ооз ачарды "ооздуктоо"

Өзбекстанда көп эл тамактануучу жайларда ооз ачууга бүт өлкө боюнча тыюу салынган.

Орозо айында Өзбекстандагы кафе-ресторандар ишсиз калды. Президент Каримов “Рамазан айын шариятка ылайыктуу өткөрүү жөнүндө” буйрук чыгарган. Буга ылайык облустун акимдери тойкана, ресторандардын кожоюндарына иптар өткөрбөө тууралуу атайын көрсөтмөлөрдү беришти.

“Азаттыктын” өзбек кызматына маалым болгондой, бир нече күн мурда иптар өткөргөн Ташкенттеги ресторандардын биринин эшигине кара кулпу илинди. Баш калаанын Кушбек көчөсүндө жайгашкан “Султан” тойканасы бир нече күн мурда 250 киши катышкан иптар өткөргөн.

Өткөн апта соңунда Ташкент шаарынын мэриясы кафе, ресторан жана чайкана ээлерин чогултуп, Орозо айында элге ооз ачыруу боюнча заказдарды албоону дагы бир жолу эскерткен. Жыйынга катышкан Ташкенттеги чайканалардын биринин кожоюну “Азаттык” радиосуна “Султан” тойканасы мыйзамды бузганы үчүн шаар бийлиги маселени кайра көтөргөнүн бышыктады.

“Бүгүн Ташкент шаар мэриясынын соода департаментинин жетекчиси Равшан Мажидов баарыбызды чакырып, чогулуш жасады. “Султан” рестораны болсо иптар өткөзгөнү үчүн катуу эскертүү алды. Чайкананын кожоюну жакында алмашып, жаңы келген киши ооз ачырууга тыюу салынганынан кабардар эмес экен. Бул ирет түшүндүрмө кат жазып берди, биринчи жолу аны кечиришти”.

“Султандын” кызматкерлеринин бири болсо азыр ресторанда электр жарыгы өчүрүлгөнүн, бир нече күндөн кийин ачыларына үмүттөнүп турганын айтат. Жума күнкү жыйынга катышкан ташкенттик ресторан башчыларынын айтымында, жыйынга Ташкент шаар бийлигинин Диний алакалар боюнча департаментинин орунбасары Шухрат Турдукулов дагы катышты.

“Өзү Орозо башталгандан бери жыйналыш өткөрүлгөн эмес, бери дегенде 5-6 жылдан бери ооз ачырууга тыюу салынарын билебиз да. Андыктан алдын ала эле кызматчыларбызды үйлөрүнө жибергенбиз. Азыр ишсиз отурабыз. Жогорудан буйрук болгондон кийин ушул экен да. Ар жылы ушундай акыбал, бир ай чайканалар тып-тынч болуп калышат. Тойлор такыр жок, орозо учурунда ким той кылмак эле?”, - дейт биз менен маектешкен ресторан кызматери.

Өзбекстанда көп эл тамактануучу жайларда ооз ачууга бүт өлкө боюнча тыюу салынган. Орозого утурлай облустарда атайын жыйындар өткөрүлүп, эски эрежелер кайтадан эске салынат.

Президент Ислам Каримов жыл сайын “Орозо айын шариятка ылайыктуу өткөрүү боюнча” буйрук чыгарат, калкынын 95 пайызын мусулмандар түзгөн бул мамлекетте орозо айында диний жөрөлгөлөрдү жасоого чектөөлөр киргизилет.

- Дүйшөмбү күнү ушул эреже таркатылат. Ташкент шаары боюнча жыйналыш өттү. Ага Ташкент шаар башчысынын орун басары катышты. Президенттин буйругу боюнча ресторанда иптар өткөрүүгө тыюу салынган. Өзбектердин салтында тескерисинче динзарлар үйүндө ооз ачтырып, башкаларга үлгү болушу керек. Азыр биз тойду да үйдө өткөрбөй калганбыз. Ал тургай арак ичилген тойканаларда өлүк узатуу зыйнатын да өткөрүп жатабыз. Тескерисинче, мындай жөрөлгөлөрдүн баарын үйлөрүңөрдө пакиза жайларда өткөргүлө, башкаларга өрнөк көрсөткүлө. Үйдө баарын өзүбүздүн байыркы үрп-адатка ылайык эле өткөрсө болот. Үйдө бейкапар тынч оозун ачып, жай отурушат да, - деди Ташкент шаар башчылыгынын өзүн тааныштыруудан баш тарткан өкүлү.

Өзбекстандын Конститутциясы диний эркиндикке кепилдик берсе дагы, бийликтер орозо айында тойканаларда, ал гана эмес мечиттерде дагы көп элди топтоп, ибадат кылууга чектөө киргизет.

Коңшу өлкөдө 18 жашка толо электер эми мечитке кире алышпайт. Бул эрежени бузгандар бир жарым миллион сум айып пулга жыгылат. Өзбек кыз-келиндерге болсо хиджаб кийүүгө расмий тыюу салынган.