Тажикстанда өзбек маданий күндөрү өтпөйт

Бишкекте өткөрүлгөн Өзбекстандын маданият күндөрү. 20-февраль, 2015-жыл.

Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча Дүйшөмбүнүн расмий сунушун Ташкент жоопсуз калтырганы айтылууда. Тажик өкмөтү бул кабарды четке кагып жатат.

Тажик өкмөтү быйыл Дүйшөмбүдө Өзбекстандын маданият күндөрү өтпөй турганын жарыялады. Мурдараак “Азия плюс” агенттиги ишенимдүү булактарга таянып, Ташкент тажик бийлигинин бул жааттагы расмий сунушун жоопсуз калтырганын жазган. Суу, транзит жана башка себептерден улам көп жылдан бери тил табыша албай келаткан Өзбекстан менен Тажикстандын ымаласы былтыр бир аз жылыгандай болду эле.

Өзбекстан Дүйшөмбүдө өзбек маданий күндөрүн өткөрүү боюнча тажик өкмөтүнүн сунушун жоопсуз калтырганы тууралуу кабар кызуу талкууга түшкөн кезде Тажикстандын Маданият министрлигинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Абдугаффор Абдужабборов мындай иш-чара жылдык планга кирбегенин “Азаттык” радиосунун тажик кызматына билдирди:

Бишкекте өткөн Өзбекстандын маданият күндөрүндө тартылган сүрөт. 20-февраль, 2015-жыл.

- Быйылкы планыбызда Индиянын жана Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруу жазылган. Андан сырткары, Беларус менен Иранда Тажикстандын маданият күндөрү өтөт. Өзбекстанга байланыштуу маселе талкууланган да эмес.

Бул боюнча өзбек тарап эч кандай комментарий бере элек.

Тажикстанда Өзбекстандын маданият күндөрү акыркы жолу 1997-жылы уюштурулган. Ташкент менен Дүйшөмбү ортосундагы ымала сууй баштаган соң коңшулар бул маселеге баш оорутпай калган.

Абдугаффор Абдужабборовдун айтымында, былтыр ноябрда Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери жыйынга чогулушкан. Ага Тажикстандан министр Шамсиддин Орузбекзода баштаган делегация да катышкан.

- Эки мамлекет ортосундагы маданий мамилелер маселеси балким келечекте өтө турган эл аралык жыйындарда каралып калар,- дейт Абдугаффор Абдужабборов.

Быйыл 23-24-апрель күндөрү Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага тажик президенти Эмомали Рахмондун да катышуусу күтүлүүдө. Жогорку даражалуу жолугушуулардын алкагында эки мамлекеттин башчылары сүйлөшүү өткөрүшү ыктымал. Серепчилер бул жолугушууда маданий карым-катыш жаатындагы маселелер да талкууланарына үмүт артышат.

Шанхай кызматташтык уюмунун Душанбедеги саммити. Президенттер Каримов жана Рахмон. 2014-жыл.

Өзбекстан менен Тажикстан ортосундагы мамиле өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунда сууй баштаган. “Өзбекстан ислам кыймылы” экстремисттик тобунун согушкерлеринин кол салуусунан соң Ташкент чек араларга бир тараптуу мина орноткон. Ошол кезде киргизилген виза режими дагы эле алынган жок.

Эки мамлекет ортосундагы талаш 2010-жылы Дүйшөмбү өз күчү менен Рогун ГЭСин куруу чечимин кабыл алганда кайра күчөп кетти. Өзбек бийлиги бул ГЭС чөлкөмдө уруш чыгарарын эскертет.

Суу, транзит жана башка себептерге байланыштуу улам-улам тирешип келаткан Ташкент менен Дүйшөмбүнүн мамилеси 2015-жылы бир аз жылыгандай болгон. Былтыр декабрда Тажикстандын баш калаасында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери кеңешме да өткөрүп, келечектеги кызматташууну талкуулашкан эле.