23-июнда башталган саммитте аймактык коопсуздук жана Ооганстандагы учурдагы кырдаал талкууланары айтылган. Ошондой эле Индия менен Пакистандын 2017-жыл ичинде уюмга кошулуу ыктымалдыгы да талкууланат.
Президенттер иш-чаранын маданий бөлүгүндө, Ташкенттеги форумдар сарайында өзбек өнөрпоздорунун концертин көрүшүүдө.
Учурда уюмга Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ооганстан, Беларус, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан байкоочу статусунда.
Президенттер өзбекстандын өнөрпоздорунун концертин көрүп жатышат.
Ташкенттеги форумдар сарайында өтүп жаткан концертти пресс залга түз алып көрсөтүүдө.
Ушул күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент калаасында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат. Бул иш-чарага карата Ташкентте коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.