Сохтуктар бийликке алданып калдыбы?

Сохтон Ташкенге келген жумушчулар куруп жаткан имараттар

Өзбекстандын борбору Ташкентте курулушта иштеп жаткан Сохтун тургандары өлкөнүн өкмөт башчысына өздөрүнүн алданып калганын айтып, нааразылык билдиришти. Көйгөйдүн чоо-жайы эмнеде?

Ташкентте Сохтун 500 тургунунун бир катары премьер-министр Абдулла Ариповго өздөрүнүн "алданып калганын" айтып, жамаагаттык маалымат каражатына өз көйгөйлөрүн билдиришти. 31-майда кыргыз-өзбек чек арасына жакын айылдагы чырдан кийин А.Арипов Сох аймагына келип, аларга баш калаада жакшы маяналуу жумушка орноштурууну убада кылган эле.

Cохтук жумушчулар борбор калаадагы "Olmazor City" жана "Yunusobod Business City" курулуштарына келгенге чейин убада кылынган 4 миллион сум маяна эми 2 миллион сумга түшүп кеткенине нааразы. Өкмөт башчынын убадасына ишенип, борбор калаадагы "Olmazor City" имараттарынын курулушуна ишке орношкон сохтуктардын бири "390 доллар маяна берилет" деген убадалар жалган чыкканын билдирди.

"Бизге "кара жумушчуларга 2–2.5 миллион сумдан, ал эми усталарга 3-4 миллион сумдан маяна берилет. Ташкентке барарыңар менен колуңарга 1 миллион сумдан аванс беребиз" дешкен. Ушул убадага ишенип, Сохтон келдик. Келсек, бул жерде абал такыр башкача экен. Аванс тууралуу сөз да жок. "Биринчи айда баарыңар 2 миллион сум маянага иштейсиңер, кийин ишиңерге карап айлыкты көбөйтөбүз" дешти. Канчага көбөйтөрүн айтышкан жок. "Бул жерде адамдар 1.5 миллион сумга кыш кынап атышат. Силер 2 миллион сумга нааразысыңарбы?" деген сөздөрдү айта башташты".

Атын ачык айтууну каалабаган усталардын бири аларга келишимге кол койдурганын, бирок келишим менен толук таанышууга убакыт берилбегенин айтты.

"Келишимге кол койдурушту, окутуп отурган жок. Биз да окубадык. Бирок биз кара жумушчу эмеспиз. Устабыз. Колубузга берген жабдыктары эски. 10-15 кишиге бир перфоратор. Мындай шартта биз жакшы иштей албайбыз. Демек айлыгыбыз да начар болот. Келишимдин нускасын да бизге берген жок. Мындан сырткары иш жакшы аткарылбаса, кеткен материалдын акчасын да төлөйсүз дешти. Эгерде мындай шарттарды Сохто эле ачык айтышканда, биз бул жерге келмек эмеспиз".

Жакшы маянага ишенип, Ташкентке келип алган сохтуктар аларга бир да киши келип, өзүн тааныштырып, сүйлөбөгөнүн айтышат.

"Ушунча адам келип-кетип атат. Бири да атын айткан жок. Бизди кайсы фирма ишке жалдады? Маселе чыкса, кимге кайрылышыбыз керек? Мындай суроолорго жооп жок. Бүгүн эртең менен он жумушчу бир сом акчасыз чыгып кетишти. Айына 2 миллион сум Сохто да табылат. Эч болбосо Орусияга, Казакстанга кетишет. Карантин деп, жумушчуларды контейнерлерге тыгып койгон. Жатабыз ошентип...".

"Olmazor City" жана "Yunusobod Business City" курулуштарына жооптуу "Discover Invest" фирмасы сохтуктардын дооматы боюнча суроолорго электрондук кат аркылуу гана жооп берерин билдирген. Бирок "Азаттыктын" өзбек кызматынын кат аркылуу жиберген суроолоруна алигиче жооп берише элек.

"Азаттыктын" суроолоруна Өзбекстандын Сох районунун акими да жооп берген жок. Буга чейин Сох районунун акимияты 8-июнда Сохтун 500 тургуну Ташкенттеги курулуштарга жиберилгенин кабарлаган.

"Өкмөт башчы актив менен жолукканда Сохтон 500 жумушчуну өлкөбүздүн борбор шаары Ташкенттеги курулуштарга тартуу керектигин айткан. Бүгүн район борборунан жаш жумушчулардан куралган 230 адам автобустар менен Ферганага аттанды. Алар андан ары Ташкент шаарына -- "Tashkent City" курулушуна барышат".

Ташкенттеги курулуштардын негизги бөлүгүн "Discover Invest" фирмасы турмушка ашырып келатат. Фирманын Facebook'тагы баракчасында жарыяланган маалыматка караганда, ал көп кабаттуу турак үйлөр, соода борборлору, ишкерлик комплекстери сыяктуу 20 чакты жаңы долбоорлорду ишке ашырышы керек.

Бул долбоорлорго жумушчу сыпатында жалданган өзбекстандыктардан курулуштагы шарттардын оордугу, курулуш каражаттарынын сапатсыздыгы, маяналардын аздыгы, анысы да өз маалында төлөнбөй жатканы тууралуу даттануулар "Азаттыкка" бир нече жолу түшкөн болчу.

Буга чейин "Азаттык" менен байланышкан расмий өкүлдөр "Discover Invest" компаниясы "Akfa Group" холдингине караштуу экенин билдирген. OCCRP «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» иликтөөсүнө караганда "Akfa Group" холдингинин акцияларынын 70% Ташкент шаарынын мэри Жахангир Ортыкхожаевге (Артыккожоевге) караштуу.

Быйыл 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан улам чыр чыккан. Эки тарап бири-бирине таш ыргыткан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алган, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазган.