МТСтин кардарлары чакчелекей түштү

Өзбекстанда эң ири уюлдук компаниялардын бири “МТС-Өзбекстандын” иши 10 күнгө убактылуу токтотулду. Орусия ээлик кылган бул компания бир топ “техникалык бузукулуктар” үчүн жооптуу экенин өзбек бийликтери расмий кабарлады.
Өзбекстанда 9 миллиондой абоненти бар "МТС-Өзбекстан" уюлдук компаниясынын иши токтоор замат көчөлөрдө, ар кандай уюлдук компаниялардын кеңселеринин алдында симкарта сатып алабыз деп кезекке тургандарга сан жетпейт.

Мындай кырдаалда "МТС-Өзбекстандын" биринчи кезектеги атаандашы саналган "Билайн" уюлдук компаниясы асмандан тилегенин жерден тапкандай эле болду. "Билайндын" кызматкерлери сыртка үстөл жая калып, түнкүсүн да иштеп, кардарларды тейлеп, үлгүрбөй жатышат.

Өткөн айда бийлик мобилдик байланышты камсыздаган Орусиядагы эң ири бул ишкананын жетекчилигин байланыштын сапатынын начардыгы, уруксат албай эле туш келди антенналарды орнотуп жатышканы үчүн айыпташкан.

Өзбекстандын байланыш жана маалымат агенттигинин башчысынын орун басары Шухрат Атамухамедов компания тарабынан олуттуу каталар кеткенинен улам ушундай чечим кабыл алынганын белгиледи.

Өлкөдө эң популярдуу саналган бул компаниянын иши тык токтоп калышын эч ким күткөн эмес.

Жергиликтүү телеканалдарда МТС аркылуу интернеттеги социалдык тармактарга оңой киресиңер деген жарнамалар тынымсыз берилип, жаштардын көпчүлүгүн кардар кылып алган.

Кызыктын баарын биз "Фейсбук" жана "Твиттер" сайтттарынан окудук. Ал сайттарда өзүнчө эле чоң акциялар жүрдү. МТСке нааразы болгон абоненттер "болду, кардар болбойбуз" деген таарынычтарын айтышса, компанияны жапкандарга таарынгандар “биз баары бир МТСтин кардары бойдон калабыз” деп эки тарап болуп чабышты.

Баарынан да МТСтен “алтын номер” сатып алгандардын ызасы күчтүү болду окшойт. Окшош сандар тизилген симкарттарды 500, 1000, ал тургай 2000 долларга сатып алган кардарлар болгон экен. Эми алардын баары он күндөн кийин кайра эле МТС ишин улантар деп үмүттөнүп жатышат.

Буга чейин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы МТСти 150 миллиард 779 миллион сумдан көбүрөөк салык төлөгөн эмес, 15,5 миллион доллар кирешесин жашырган деп айыптаган болчу.

Өзбекстанда МТСтин айрым жетекчилерине каршы "салык төлөөдөн качкан", "алдамчылыкка барган" деп кылмыш иши козголгону да айтылууда.

“МТС-Өзбекстандын” бул жумуриятта 9 миллиондой абоненти бар. Бирок кардарлардын баары МТСтин иштешин күтүп отурмак беле? Азыр Өзбекстанда башка уюлдук компаниялардын “багы ачылып” турган кези.