Каримованын мүлкүнө күйөө баланын көзү түштү

Гүлнара Каримова.

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын мүлкү азыркы президенттин күйөө баласы жетектеген Триатлон федерациясына берилиши мүмкүн. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Заңги-Атадагы аялдар абагында жазасын өтөп жаткан Гүлнара Каримованын соттун чечими менен конфискацияланган резиденциясы Ташкент облусундагы «Сижжак» эс алуу аймагында жайгашкан.

Сот Каримованы «салык төлөөдөн качкан», «акча уурдаган» жана «офшордук компаниялардын документтерин жок кылган» деп айыптап, кымбат комплексти мамлекетке өткөргөн. Маалыматка караганда резиденциянын аймагында бир нече мейманкана, үч бассейн жана амфитеатр бар.

24-июлда Өзбекстандын ченемдик укуктарын талкуулаган порталга өкмөттүн долбоору жарыяланды. Алардын арасында мурдагы президенттин тун кызынын мүлкүн Триатлон федерациясына өткөрүп берүү сунушу жазылган. Башкача айтканда, Дене тарбия жана спорт министрлиги, Улуттук олимпиада комитети жана Башкы прокуратуранын чечими менен Гүлнара Каримованын резиденциясын федерацияга акысыз колдонууга өткөрүп берүү жөнүндө сунуш берилет.

Өзбекстандын президенти үй-бүлөсү менен.

Ал эми Триатлон федерациясын азыркы президент Шавкат Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров жетектейт. Ал президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары. Жакында эле Ташкенттин борбордук көчөлөрүнүн биринде машинесин саатына 200 км ылдамдыкта айдап бараткан тасмасы Интернетке жарыяланган. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккан соң президенттин күйөө баласы айып төлөгөнү белгилүү болду. Ташкент шаардык МАИ кызматы Умаров бул жоругу үчүн 200 доллар айып төлөгөнүн билдирди.

Президент Мирзиёев узак жылдар бою мурдагы президент Ислам Каримовдун командасында иштеп, Жизак, Самарканд облустарын жетектеген. Ал 13 жыл премьер-министр болуп, 2016-жылы күзүндө Каримовдун көзү өткөндөн кийин коңшу өлкөнүн бийлик башына келген. Ошол эле жылдын декабрында президенттик шайлоодо Мирзиёев жеңишке жетип, эки чылбыр, бир тизгинди колуна алган.

Мирзиёев Каримовдун маалында иштеген бир катар чиновниктерди кызматтан бошоткон. Алардын айрымдарына коррупциялык иштер боюнча айып тагылып, соттун чечими менен камакка алынган. Мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров 10 жылга эркинен ажыратылган.

Дагы караңыз Каримова каткан акчасын кайтарат

46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Тергөөчүлөр Каримова Өзбекстанда ишкердик жүргүзгүсү келген чет элдик телекоммуникациялык компаниялардан 1 миллиард доллар пара алган деп эсептешет. Ал акча офшордук фирмалар аркылуу чет өлкөлөргө чыгарылган.

555 миллион долларга жакын акча Швейцарияда табылган. Өткөн айда ал өлкөнүн бийлиги жок дегенде ошол акчанын жарымын Ташкентке кайтарып берүүгө макул болгон. Мындан улам Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн болчу.

Үстүдөгү жылдын март айында Каримова үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы аялдар абагына которулган. Анын ден соолугу кескин начарлап кеткенин швейцариялык адвокаты менен кызы Иман Интернетке жазышкан. 18-июлда анын адвокаты Грегуар Манже Каримованы түрмөдөн «Тез жардам» машинеси алып кеткен болушу мүмкүн деп «Твиттердеги» баракчасына жазган. Бирок бул маалымат ырасталып да, жокко да чыгарылган жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.