Өзбекстан: Каримовдун иниси паспортун ала албай жатат

Жамшид Каримов.

Өзбекстанда мурунку президент, маркум Ислам Каримовдун тууганы Жамшид Каримов психиатриялык ооруканадан чыккандан бери паспортун ала албай жатканын билдирди.

Ал "Азаттыктын" өзбек кызматына курган маегинде азыркы бийлик анын кайрылуусуна жооп кайтарбай жатканын айтты.

Жамшид Каримов психиатриялык ооруканада 10 жылдан ашык жаткан жана ушул жылдын март айында күтүүсүз эркиндикке чыккан. Бейтапканага сот чечими менен күчтөп жаткырылганга чейин бир катар эл аралык медиа менен кызматташып жүргөн жана агасы Ислам Каримовду, анын саясатын сындаган макалаларды жазган.

Ислам Каримовдун бир тууган агасы Арслан Каримовдун уулу, журналист, 49 жаштагы Жамшид Каримов ооруканадан чыкканына жарым жыл болсо да паспорт алуу аракетинен майнап чыкпай жатканын айтып берди. Тек-жайы боюнча документинин жоктугунан жумуш таппай, акча-тыйындан каржалганын кеп салды:

- Мен 2006-жылы Швецияга баруу үчүн сыртка чыгууга виза алайын деп документтеримди даярдап жатканда паспортумду алып коюшкан. Бул мени психиатриялык ооруканага күчтөп жаткырардын так алдында болгон. Менин кызым азыркы президенттин виртуалдуу кабылдамасына паспортумду кайтарып берүүгө көмөктөшүүсүн өтүнүп кат жазыптыр. Бирок ал жактан ошол бойдон жооп келген жок. Алар муну атайын кылып жатабы же бул кадимки эле өзбек бюрократиясыбы, айтор билбейм. Паспорту жок мен пенсия да ала албайм, ишке да орношо албайм. Азыр менин колумда кызым берген алты миң сум (70 цент) эле калды.

Жамшид Каримов азыр Жизак облусунда жашайт. Ал ооруканага жаткырылганга чейин, 2000-жылдан тарта бир катар эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташып жүргөн. Негизинен агасы Ислам Каримовдун саясатын ачык сындаган макалаларды жазган. Мындан улам куугунтукка кабылган жана биринчи жолу 2005-жылы камакка алынган. Сот аны Самарканддагы психиатриялык ооруканага күчтөп дарылоо тууралуу чечим чыгарган.

2011-жылы күзүндө Жамшид Каримов күтүүсүз бошотулган жана эки айдан кийин эле дайыны билинбей кеткен. Көп өтпөй анын кайра психиатриялык ооруканага зордоп жаткырылганы белгилүү болгон.

Бою кичирейип, бүкүрөйгөн Жамшид Каримов "Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде ооруканадагы оор күндөрү тууралуу да учкай кеп кылды. Оорукчан, экинчи топтогу майып болуп калса да кесибин таштабай турганын айтты:

- Эгер эки ай боштондукта болгонумду эске албаганда, мен 10 жыл 5 ай Самаркандда туткундай болуп зынданда, бир кишилик камерада жаттым. Мени эч кандай айыптаган өкүмү жок эле Самарканддын четиндеги Ички иштер министрлигине караштуу психиатриялык​ ооруканага зордоп жаткырып коюшту. Шизофрения деген мага коюлган жалгыз гана айып болду. Бирок муну айып деп атаганга болобу? Эгер адам психикалык жактан жабыркаса, анда аны зордоо керекпи? Мен психиатриялык ооруканага жаткырышканда "сага карата эч кандай айып жок, сени бул жакка жаткыруу боюнча буйрук жогору жактан келди" деп айтышкан. Чынын айтканда агам Ислам Каримовдун өлүмү мага күтүүсүз болду. Анын өлүмү менин зындандан чыгышыма өбөлгө болду. Агам өлгөндөн кийин келген бийлик интернетте жарандардын кайрылуусун кабыл алуу боюнча портал ачканда ал жакка менин кызым жазган экен. Мени ошол кайрылуудан 15 күн өткөндөн кийин чыгарышты. Ал жакта мен баары бир Ислам Каримовдун жакын тууганы болгондуктан мага астейдил, бирок ошол эле учурда катаал-катаң мамиле кылышчу. Ар дайым ачка коюшчу. Мына ушул себептен улам зынданда отурганда айыккыс панкреатит деген оору илешти. Мен сөзсүз журналисттик ишимди улантам. Мен үчүн журналистика ардактуу кесип.

Ислам Каримов былтыр сентябрь айында оорудан күтүүсүз көз жумган. Президенттин милдетин аткаруучу болуп ошол кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев дайындалган жана декабрдагы президенттик шайлоодо мамлекет башчы болуп шайланган.

Мирзиёев бийликке келгенде абактагы айрым саясий туткундар эркиндикке чыккан. Алардын арасында 18 жыл түрмөдө жаткан журналист, Ислам Каримовдун эң башкы оппоненти Салихтин иниси Мухаммад Бекжан да болгон.

Өзбек абактарында ушул тушта мурунку президент Ислам Каримовдун убагында камалган дагы бир катар журналисттер, укук коргоочулар жана саясатчылар отурат. Эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийликтерин саясий туткундарды бошотууга чакырып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.