Жергиликтүүлөр базар баасында 100 миллион сумга барабар үйлөр үчүн 20 миллион сумга жетпеген акча төлөнгөнүн айтып жатышат. Фергана районунун акимчилиги үйү бузулгандарга мындан ашык каражат берилбей турганын билдирди.
Чек ара сызыгына жакын болгондуктан, Миндон айылындагы ондогон үйлөр бузулуп жатат. Айыл тургуну, 30 жаштагы Акрамжон Ахмадалиев өкмөт анын 18 сотых жердеги тамын буздуруп, башка жерден 6 сотыхтан турган үч участок бергенин билдирди:
- Чек ара биздин үйдөн 50 километр алыс. Чек ара сызыгына биздин үйлөр тоскоолдук кылып жатканын айтып, турак-жайыбызды бузуп жатышат. Үйдө үч түтүн жашайбыз. Агам жубайы жана үч баласы менен турушат. Менин аялым кош бойлуу. Ата-энем бар. Инимди жакында үйлөнтөбүз. 20-августка той белгилеп койгонбуз. Бизге 6 сотыхтан 3 участок берди. Биз 4 жерден участок беришин суранып жатабыз. Мурда үйү бузулгандарга арматура, цемент, шифер жана башка каражаттарды беришер эле. Бизге эч нерсе берилген жок. Участок гана берип койду.
Акрамжондун эсеби боюнча, 18 сотых жерге жайгашкан турак-жай базар баасында 100 миллион сум турат. Фергана районунун акимчилиги 19 миллион сум гана төлөй турганын айткан. Буга Акрамжон нааразы:
- Үйүңөрдү бузабыз дешүүдө. Макул, ага каршы эмеспиз. Бирок бизге үйдүн акчасын президентибиздин буйругу боюнча, базар баасы менен эсептеп беришин суранабыз. Там салганга жер берди, ал үчүн рахмат. Президентибиздин буйругу менен бюджеттен акча бөлүнгөн. Бирок акимчиликтегилер мамлекет башчынын чечимин аткарбай жатат.
Миндон айылынын дагы бир Акмалжон аттуу тургуну карындашы Мархамат Нажимованын бузулуп жаткан үйү үчүн төлөнгөн компенсация аз экенин белгилейт:
- Президенттин буйругу бар экен. Ошол буйрукка ылайык төлөп берсин. 18 миллион сум акчага канча цемент келет? Кайра эсептеп, бир үйгө жете турган акча беришсе, турак-жайды тикелеп алат элек. Дагы айта кетчү нерсе, үй салыш үчүн мөөнөт берилиши кажет. Булар болсо “5 күн ичинде көчүп кеткиле” дешүүдө. Шашылышта каякка көчөбүз? Цемент бербесе, шифер бербесе? Милицияны алып келип, мажбурлап жатышат. Кантип көчөбүз?
Миндон айылындагы үйү бузулган кишилерге талаалардагы шыйпаңдарда убактылуу жашап туруу сунушталган. Бирок жергиликтүү эл ал жакта жашаганга шарт жок экенин белгилешет. Берилген участокторго салына турган үйлөр кышка чейин бүтпөй турганын билдирген айыл тургундары “сууктан кантип чыгабыз”, - деп кабатыр.
Фергана районунун акими Содикжон Имомалиев “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, үйү бузулгандарга белгиленген тартипте акча жана жер бөлүнгөнүн айтып, арызданууга негиз жок экенин айтты:
- Бардык документтер жасалган. Акчалар да эсептелип бүттү. Айыл тургундары банктан акчаларын алып кетиши керек. Өздөрү суранган эң жакшы жерлерден участка бөлүп бердик. Лицензиясы бар баалоочулар эсеп-кысап иштерин жүргүзгөн. Үйү бузулгандарга бардык шарттарды жасап беребиз. Керек болсо, адамдарды алып барып, аларды көчүрүп, турак-жайын тикелеп бергенге да даярбыз.
Соңку кездери Өзбекстандын чек ара аймагында жүздөгөн үйлөр бузулду. Ал арада турак-жайынан ажырагандар тарабынан компенсацияга нааразы болгондор улам көбөйүп жатат.
Кээде арыздангандардын талабына жараша чара көрүлгөн учурлар да болду. Мисалы, өткөн жылы Наманган облусунда аткаминерлер 61 арыздануучуну компенсация алуу укугунан ажыраткан. Бирок кийинчерээк мындай чара колдонгон аткаминерлер административдик жазага тартылган.