Каримов акимдерди "ооздуктады"...

Өзбекстанды чейрек кылым ашуун башкарып келаткан президент Ислам Каримов.

Өзбекстанда жергиликтүү бийликтин түзүмү өзгөрүүдө. Президент Ислам Каримовдун соңку жардыктарынын бирине ылайык эми облустарда акимдерге түздөн-түз борбордук бийликке гана баш ийген орун басарлар дайындалат.

Өзбек президенти Ислам Каримов “Мамлекеттик башкаруунун аймактык органдарынын түзүмүн жакшыртуу жөнүндө” жардыкка өткөн айдын соңунда кол койгон.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, бул жардык аркылуу акимчиликтердин (хокимият) түзүмү кайрадан бекитилди. Ага ылайык эми облустарда акимдин адаттагыдай беш эмес, алтыдан орун басары болот. Бирок алтынчы орун басар түздөн-түз акимге баш ийбестен, ал өзү жана беш адамдан турган катчылыгы менен өз алдынча иштейт.

Президент жардыгынын тиркемесинде Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, салык жана бажы кызматтарынын аймактык бөлүмдөрү менен иштешүүчү аткаминердин кызматы акимдин айыл жана суу чарба боюнча орун басары катары көргөзүлгөн.

Өзбекстандын Айыл жана суу чарба министрлигинин ысымын атабоону өтүнгөн аткаминери “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы менен маегинде, дайындалуучу өз алдынча орун басарлары борбордук бийликтин жер-жерлердеги “кулагы жана көзү” болорун, бул акимдердин жеке басар бийлигине жана өзүмбилемдигине чек коюу максатында жасалып жатканын белгиледи.

Мындан улам өз алдынча орун басарларга премьер-министр менен түз байланышта болуу, аны менен акимди аттап өтүп эле сүйлөшө алуу укугу берилүүдө.

Өзбекстандын облустук бийлик түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу жаңылык президент Ислам Каримов акыркы айларда акимдерди дембе-дем сындашынын артынан келди. Ал өткөн айда эл менен жолугушууларынын биринде төмөнкүлөргө токтолгон болчу:

- Өзбектерде бир сөз бар. Адамдын кандай экенин билгиң келсе ага кызмат берип, сынап көр дейт. Өзүм да кыжаалат болуп турам. Себеби мен кайсы бир адамды кызматка сунуштасам, анын жоопкерчилигин жакшы сезем. Мага ишенип, жетекчилер үчүн силер добуш бересиңер, бирок жоопкерчилик баары бир менин моюнумда. Аны мен жакшы билем. Муну эң оор жоопкерчилик деп эсептейм.

Президент Ислам Каримов өткөн айдын башында Ташкент облустук кеңешинин сессиясында аким Ахмаджон Усмановду “элдин үмүтүн актабады”, “жумушчу орун түзгөн жок” деп сынга алгандан кийин ал кызматтан бошотулуп гана тим болбостон, парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын мүчөлүгүнөн да чыгарылган. Жакында ал атүгүл камакка алынды деген маалыматтар түшкөн.

Каримов таянган аткаминерлер ага жалган статистиканы беришет, ошол эле учурда кызматынан кыянат пайдалануу аркылуу киреше табуу боюнча өз иштерин ийгиликтүү жүргүзөт.
Алишер Таксанов

Генерал чини бар Ахмаджон Усманов Ташкентке чейин Анжиян облусун башкарган кезинде калк ага “Гитлер” деген каймана ат койгон эле.

Өзбекстандын башкаруу системасынан кабары бар талдоочулар мурда президент Ислам Каримовдун иш стилине майда-чүйдөгө чейин кийлигишүү мүнөздүү болгонун эске салышып, бирок мамлекет башчынын улгайуусу менен бул калып баратканын белгилешет.

Швейцарияда жашаган өзбекстандык мурдагы дипломат жана талдоочу Алишер Таксановдун пикиринде, жер-жерлерден туура маалымат алуу үчүн акимдерге автономдуу орун басар дайындоо деле башкаруунун натыйжалуулугун арттырбайт:

- Президент Каримов кырдаалга (жер-жерлердеги) көзөмөлдү анчалык деле жоготкон жок. Бирок окуп жаткан докладдарына караганда туура маалыматка ээ деп ойлобойм. Өзбекстандын өнүгүүсү боюнча фантастикалык окуяларды айтып жатат. Үч-төрт миллион өзбекстандык четте иштеп жүргөнүн, өзбек акчасы эркин конвертацияланбай турганын, Өзбекстандын экспорттук делген товарларына суроо-талап азайганын айтпайт же байкамаксанга салгандай. Каримов таянган аткаминерлер ага жалган статистиканы беришет, ошол эле учурда кызматынан кыянат пайдалануу аркылуу киреше табуу боюнча өз иштерин ийгиликтүү жүргүзүшөт. Эгер Ташкент облусунун акими камалганы чын болсо бул көрүнүштүн далили жана Өзбекстандын бийлик системасы үчүн табигый эле көрүнүш. Менимче, эми акимдерге өз алдынча орун басар дайындалышы деле жер-жерлерде көзөмөлдү, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жакшыртып, туура маалымат алууга жардам бербейт. Анткени, Өзбекстанда калыптанган бюрократиялык система кандайдыр бир демократиялаштырууну, башкаруунун эффективдүүлүгүн көтөрүүнү көздөбөйт. Өзбекстанда башкаруу экономикалык эмес, административдик механизмдерге таянат.

Калкы 28 миллиондуу Өзбекстанда он эки облус бар. Акыркы үч ай ичинде кеминде эки облустун башчысы алмашты.