Жалгыз бой атанын сүрөтчүлүк өнөрү

Көчө сүрөтчүсү Анзор Салижановдун көз жоосун алган сүрөттөрү акыркы 10 жыл аралыгында өзбекстандыктардын жай турмушун чагылдырып келатат. Ал Өзбекстандагы саясий катаал режимдин кучагында турган учурда сүрөтчү болуп иштеп, уникалдуу сүрөттөрдү тарткан.

Эки кыздын атасы Анзор Салижанов эски Бухара шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан галереясында туристтер үчүн мунаралардын, эшектердин, төөлөрдүн же кербендердин кыл калем менен тартылган сүрөттөрүн сатчу.

2009-жылы сүрөтчү картиналарынын арасына фотоаппаратка тартылган сүрөттөрүн да кошуп, сата баштаган. Сүрөттөрүнүн бир канчасы алгачкы күнү эле сатылып кеткен.

Бузкаши (көкбөрү) оюну учурунда улак тартып бара жаткан чабандес. Бухара. 2019-жыл.

Көп өтпөй Салижанов кичинекей фото студияны ижарага алып иштей баштаган. Ал студиясында адамдарды паспортко сүрөткө тартып иштеп, күнүмдүк каражат тапса, бош убактысында шаар кыдырып, көчөдөгү кызыктуу көз ирмемдерди сүрөткө тарткан.

Эски Бухаранын көчөлөрүнүн биринде ойноп жаткан бала.

Кийинчерээк ал сүрөт тартуу менен олуттуу алектене баштаган. Жада калса өзүнө Бухаралык Анзор деген каймана ат койгон. Бирок Өзбекстанда көчө сүрөтчүсү болуу оңой-олтоң иш эмес эле.

Бухаранын мектептеринин биринде балдарга тамак берип жаткан аялдар. 2010-жыл.

Өлкөнү мурдагы президент Ислам Каримов башкарып турган учурда көчөгө чыгып шаар жашоочуларынын турмушун сүрөткө тартуу оңой болбогонун сүрөтчү мындайча эскерет:

«Сүрөтчүлөр көчөгө фотоаппарат кармап чыккандан коркчу. Анткени милиция кызматкерлери дароо кармап кетчү. Мени да кармап кетип, милиция кызматкерлерине «эмне үчүн аянтта же базарда сүрөткө тарткандыгым» жөнүндө көп жолу түшүнүк кат жазгам. Тыңчылыктын белгилери бар-жогу толук иликтенгенден кийин сүрөттөрүмдү өчүрүп, жок кылышкан».

Анзор Салижанов.

Анзор Салижанов «Leica» үлгүсүндөгү фотоаппаратка сүрөт тартчу. Азыр ал «Nikon» маркасындагы акыркы үлгүдөгү фотоаппаратты колдонот.

«Бул абдан жакшы фотоаппарат. Фотоаппарат канчалык чоң болсо, эл ичинде ошончолук урмат-сыйга ээ болосуң. Анткени Өзбекстанда ар бир нерсенин көлөмү чоң роль ойнойт» - дейт 52 жаштагы сүрөтчү.

Уйкудан ойгонуп жаткан бала. 2013-жыл.

Сүрөтчү коомдогу жагымсыз жагдайларды тартканды каалбайт. Тескерисинче, ал жашоодогу гармонияны издейт.

«Мен гармонияны - жарыктын, көлөкөнүн, түстүн, сызыктардын жана окуялардын шайкештигин издейм», - дейт фотожурналист.

Тандырдын үстүндө турган короз.

«Нью-Йорк Таймс» («New York Times») журналынын атактуу сүрөтчүсү Сергей Пономарев Бухаралык Анзордун эмгектерин жогору баалайт.

«Мен аны (Анзор Салижановду) чыныгы каарман катары көрөм. Мезгил-мезгили менен анын тексттерин окуганды жакшы көрөм. Мен Бухарадан чыккан башка өзбек сүрөтчүлөрүн тааныбайм. Ал эми бухаралык - өтө таланттуу сүрөтчү» - деди Сергей Пономарев «Азаттыктагы» маегинде.

Жаш келин үлпөт тою күнү ойлуу отурат. 2010-жыл.

2009-жылы Анзор Салижанов Венецияда өткөн Биеннале эл аралык көргөзмөсүнө чакырылган алгачкы өзбек сүрөтчүсү болот. Ошондон тартып ал бир канча эл аралык көргөзмөлөргө катыша баштайт. Бирок чет мамлекеттерге сапарга чыгуу фотожурналист үчүн оңой болгон эмес.

Мечиттин ичин шыбап жаткан жумушчу.

2015-жылы Анзор Салижанов Латвиядан кайтып келатканда өзбек чек арачысы анын сүрөттөрү сакталган дискти көрсөтүп: «Бул жерде эмне бар? Порнобу?» - деп сураган.

Сүрөтчү азыр андай видеолорду алып жүрүүнүн кажети жок экенин, анын баары түз эфирде көрсөтүлүп жатканын айткан. Бирок ошентсе да чек арачы фотокартиналар бар дискти иликтөө үчүн алып калган.

Бухарадагы мейманканалардын биринин кире бериши. 2010-жыл.

Сүрөтчү англис тилин билбегени да чет мамлекеттерге сапарга чыгууда көп кыйынчылыктарды жаратканын айтат.

Бузкаши (көкбөрү) оюну учурунда улак талашып жаткан чабандестер. Бухара, 2014-жыл.

Мектеп окуучулары сабак учурунда. 2010-жыл.

Бухаранын борборундагы базардан килем көтөрүп чыгып келе жаткан кишилер. 2017-жылы өзбек бийлиги туристтик жайларды өнүктүрүү максатында бул базарды жаап салган.

Калян мунарасынын жанында күндүн батышын карап турган ашыктар. Бухара. 2015-жыл.

Бухаранын жашоочулары өз шаарын жана калаага көрк берген мунараларды абдан жакшы көрүшөт. Сүрөтчү да алардын катарында.

Бухарага жакын жердеги лөлү айылында сыналгы көрүп жаткан кыз.

Анзор Салижанов көп жылдар бою Өзбекстанда жашаган лөлүлөрдүн жашоосун сүрөткө тартып келген.

Бухарага жакын жердеги лөлү айылында жыйналып турган төшөктөрдүн үстүндө уктап жаткан кыз. 2010-жыл.

Айылдык балдар оюн учурунда. 2010-жыл.

Терезеден карап турган чоң ата менен неберелери. Бухарага жакын жердеги цыган кыштагы.

Анзор Салижанов - жалгыз бой ата. Ал эки кызын жалгыз тарбиялап келет.

Сүрөтчү Бухарага жакын жердеги цыган айылдарында көп болгон. Анын цыган досу: «Сен үйдө отурсаң болот же көчөгө чыгып сүрөт тартсаң болот. Аялың болсо сени дайыма багат» деп анын карындашына үйлөнүп алууну сунуш кылган.

Анзор Салижановдун эки кызы пандемия учурунда Бухаранын көчөлөрүнүн биринде сүрөткө түшүп жатат. 2020-жыл.

Терезеде тамеки чегип отурган айым. Бухара, 2010-жыл.

Мунаралардын жанында сүрөт тартып жаткан милиция кызматкери. 2010-жыл.

Фотожурналист Салижанов Өзбекстан акыркы 10 жыл аралыгында Өзбекстан саясий катаал режимдин кучагында турган учурда тургундардын жай турмушун чагылдырган сүрөттөрдү тартып калуу «чоң жетишкендик» экенин айтат.

Палоо салынган тарелкаларды көтөрүп чыгып келе жаткан официант. 2016-жыл.

52 жаштагы сүрөтчү көп жылдан бери өзүнө үй сатып алууну кыялданып, акча чогулуп жүргөн. Ал кыялы быйыл гана ишке ашкан.

Үйлөнүү той учурунда. 2016-жыл.

Анзор Салижанов - дүйнөдөгү 100 мыкты сүрөтчүнүн бири.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​