Акрамийлердин лидери абакта ажал тапканы ачыкка чыкты

Юлдашев тергөө учурунда түшкөн тасма

Өзбекстандын Анжиян шаарында 2005-жылдын 13-майында болгон окуяны түрмөдөн туруп башкарганы айтылган Акрам Юлдашев беш жыл мурда, 47 жашында абакта ажал тапканы эми ачыкка чыгып отурат. Террорчулукка айыпталган Юлдашев 1999-жылы 17 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн бир кишилик камерада өтөп жаткан эле.

“Акрамийлер” деп аталган диний топтун жетекчиси Акрам Юлдашев 2010-жылы абактан ажал тапканын “Азаттыктын” өзбек кызматына айткан жергиликтүү бийликтин өкүлү мындан башка маалымат берүүдөн карманган. Өзбекстандын тартип коргоо органынын бир кызматкери Юлдашев беш жыл мурда кургак учуктан каза тапканын ырастады.

Мындан сырткары атын айтпоону өтүнгөн бир өзбек укук коргоочусу беш жыл мурда ушундай кеп-сөздөрдү укканын билдирди. Ошентип Акрам Юлдашев абакта ажал тапканы беш жылдан кийин гана ачыкка чыгып отурат.

2006-жылы АКШдан саясий баш паанек алып, бирок кийин кайра Өзбекстанга кайтып келген анын бир тууган карындашы мекенине келери менен агасынын тагдырына кызыккан. Бирок ага “агаңды издеп убара болбо” деп айтышкан экен.

Юлдашевдин Анжияндагы жакындарына 2005-жылдан кийин аны менен учурашууга жана тамак-аш киргизип турушуна уруксат бербей коюшкан.

2005-жылдын октябрында Анжиян окуясы боюнча сотто айыпталуучулардын бири Мойдун Сабиров Акрам Юлдашев да сотко келип көрсөтмө беришин талап кылган. Бирок сот Юлдашев кургак учуктун ачык түрү менен ооругандыктан сотко алып келүүгө уруксат берилбегенин билдирген. Ушундан кийин айыптоочу тарап Юлдашев тергөө учурунда түшкөн тасманы көрсөткөн.

- Ушул болуп өткөн иштерге эң чоң айыпкер менмин. Чогулган балдарга жыйырмадан бир топ болуп, аларга курал алуусу керектигин да мен айткам, - деген Акрам Юлдашев бул тасмада өңүнөн азып кеткени көрүнүп турган. Андан ары ал Анжиянда жихад уюштурууга буйрук бергенин мойнуна алган:

- Мен аларга фатва бердим. Бул жерде эң чоң күнөөкөр, эң чоң кылмышкер менмин. Мен айыпкермин.

2005-жылдын 13-майында Анжияндын борбордук аянтына тынч митингге чыккан миңдеген демонстранттарга өкмөттүк күчтөр тарабынан ок атылган эле. Укук коргоо уюмдары бул тополоңдо миңдей адам мерт болгонун жана алардын колунда эч кандай курал болбогонун айтып келет. Расмий Ташкен бул башаламандыкта 187 адам өлгөнүн, алардын көбү “куралданган террорчулар” болгонун жарыялаган.

Анжияндык диниятчы ишкерлердин лидери катары таанылган Акрам Юлдашев өзү ушул аймакта туулуп өсүп, Советтик армияда кызмат өтөп келген соң кыска убакыт текстиль комбинатында иштейт. Кийин пахтачылык институтун аяктаган соң орто мектепте физика менен математикадан сабак берет. 1992-жылы “Хизб-ут Тахрир” диний уюмуна мүчө болуп, көп өтпөй андан чыгат да өзүнүн диний-философиялык көз карашын чагылдырган “Ыйманга жол” аттуу китебин чыгарат.

Бул китепте айтылган ойлорду колдогон анжияндык ишкерлер баш кошуп, ондогон ишканаларды ачат. Юлдашевдин жолун жолдогондор бул ишкердик “ислам адилеттигине” негизделген деп эсептешкен. Ошентип отуруп Анжиянда “Акрамий” деген диний кыймыл түптөлүп, анын таасири арта баштайт. Топтун лидери Акрам Юлдашев 1998-жылы милициянын көзүнө түшүп, камакка алынат. Бирок 1999-жылдын январында мунапыс менен бошоп, ошол жылдын 16-февралында болгон Ташкендеги террордук чабуулдардан кийин кайра камакка алынат. Террорчулукка айыпталган Юлдашев бул ирет 17 жылдык абакка кесилет.

2004-жылдын жайында Өзбекстанда “Акрамий” агымын жолдогондорго таандык ишканалар четинен жабылып, алардын жетекчилери камакка алына баштайт. Ушундан кийин Акрам Юлдашев абакта жатып алып, аларды бошотуу аракеттерин көрө баштаганы жана ал чараларды жетектегени айтылып жүрөт. Камакка алынган “акрамийлердин” жактоочулары 2005-жылдын 13-майында Анжияндын борбордук аянтына диний экстремист деп шектелген 23 ишкерди абактан бошотуу талабы менен чыгышат. Нааразылык акциясына дароо эле башка социалдык талаптар да кошулуп, ага катышкандардын катары калыңдап кетет. Акыры бийлик митингчилерге ок атып, күч менен таратат.

Бул окуя боюнча сотто көрсөтүлгөн видеодо Акрам Юлдашев Анжиянда 12-майдын түнүндө жана анын эртеси эмне болуп жатканынан кабардар болуп турганын мойнуна алган.