Мирзиёев “сугатчылар” үчүн вице-премьерди жазалады

Өзбекстанда суугат сууну кечүүгө мажбурлангандардын социалдык медиада тараган сүрөтү.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев вице-премьер-министр Зоир Мирзяевди кызматтан четтетти. Өзбек президентинин бул чечими өлкөдө мурда кадимки көрүнүш болгон, бирок азыр адам укуктарын бузуу, бийлигинен кыянат пайдалануу катары саналган окуя менен байланыштуу.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, Өзбекстанда премьер-министрдин айыл жана суу чарбасы боюнча орун басары Зоир Мирзаев Ташкент облусунун Аккурган районундагы чуулгандуу окуяга байланыштуу кызматынан алынды.

Анткени Өзбекстандын дал ушул районунан алты адам пахта талаасындагы арыкта муздак сууну тизесинен кечип, башын шылкыйтып, ылдый карап турганы тартылган сүрөт Интернеттеги социалдык түйүндөрдө 27-октябрда тараган эле.

Кийин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы өз иликтөөлөрү аркылуу аныктагандай, ал алты адам премьер-министрдин орун басарынын жана Ташкент облусунун Аккурган районундагы аткаминерлердин катышуусунда күздүк эгин талаасында сугат суунун жетпегени үчүн жазаланган.

Бирок президент Шавкат Мирзиёев бийликтин жогорку тепкичиндегилер кол алдындагыларын тартипке чакырган бул көрүнүштү оң эмес, терс баалап, 29-октябрдагы буйругу менен вице-премьер-министр Зоир Мирзаевди кызматынан четтетти.Президенттин басма сөз кызматы тараткан буйрукта мажбурланган эмгектин кандай түрү болбосун ага жол бербөө жагынан мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдеги жетекчилеринин жоопкерчилигин көтөрүү зарылдыгы кеп болгон. Башкы прокуратурага айыл чарба жумуштарынын жүрүшүндөгү мыйзам бузулган учурларды текшерүү милдети да жүктөлгөн.

Кызматтан алынган Зоир Мирзаев.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын журналисти, кесиптешибиз Сиражидин Ислам расмий Ташкенттин Интернетте тараган сүрөткө карата “ачуулуу реакциясын” мындайча чечмеледи:

- Биринчиден, Шавкат Мирзиёевди акыркы кезде өзгөчө Батышта реформатор же маркум Ислам Каримов курган системаны бузуучу катары таанып жатышпайбы. Экинчиден, Шавкат Мирзиёев эл аралык колдоосуз, каржылык жардамсыз Өзбекстандын телчигиши оор экенин түшүнөт. Бул үчүн адам укуктары боюнча жакшы көрсөткүчтөр керек, Өзбекстан адамды мажбурлап иштетүү саясатынан баш тартышы абзел. Азыр Шавкат Мирзиёев үчүн реформаторлук аброй абдан маанилүү. Анын үстүнө Мирзиёев өзү былтыр селектордук жыйында сүйлөп жатып, мындан ары жетекчилер кол алдындагы кызматкерлерге орой мамиле кылып, алардын ар-намысын тебелеп, кордоосуна жол бербей турганын, бул доор эми артта калганын айткан жайы бар. Демек, бул көрүнүш Шавкат Мирзиёевге байланыштуу акыркы кезде пайда болгон стеротиптерди бузуп жатпайбы. Андыктан эгер ал азыр чара көрбөй койсо, Шавкат Мирзиёевдин аброюна чоң сокку урулмак.

Сиражидин Ислам кошумчалагандай, мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда, азыркы президент Шавкат Мирзиёев премьер-министр болуп иштеп турган кезде кызматы жогору адам кол алдындагыларын тилдеп, урушмак тургай кол көтөрүшү кадимки эле көрүнүш болчу:

Мурда муну президенттен тартып баары жасашчу да...

- Мурда муну президенттен тартып баары жасашчу да. Президент премьер-министрди жемелесе, өкмөт башчы министрлерди, министрлер облус акимдерин, облус акими район акимин, алар өз кезегинде колхоз, совхоз, айыл башчыларын кыйнашчу. “Айыл башчылар айылдык адистерди, адистер карапайым жумушчуларды, алар өз аялдардын, алар балдарын, балдар иттерди, иттер мышыктарды сабайт” деген күлкүлүү кеп да бар эле да. Сыртынан какшыктай сезилгени менен, Өзбекстанда XXI кылымда болуп жаткан андай көрүнүштөр чынында аянычтуу да болчу. Баары “чын-чынында бул элди кордоо” деп айтышчу.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы Ташкент облусунун Аккурган районундагы булактарынан алган маалыматка караганда, арыкта суу кечип турууга аргасыз болгон алты адамдын үчөө райондук акимчиликтин кызматкерлери, бирөө маале аксакалы, экөө жергиликтүү фермерлер болгон.

Сүрөт кызматтан алынган вице-премьер-министр Зоир Мирзаев Аккурган районуна 25-октябрда барганда тартылган.

Сүрөттөгү алты киши 40-45 мүнөтчө муздак сууну кечип турушкандай кийин аларды көчөдө автоунаа менен кубалап, чуркоого да мажбурлашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.