Мирзиёев берген убадасын аткардыбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзбекстанда Ислам Каримовдун диктатордук доору аяктап, анын ордун Шавкат Мирзиёев басканына беш жыл толду. Жаңы президент өзүн реформачыл саясатчы катары көрсөтүүгө аракет кылып, саясий туткундардын бир нечесин бошоткон, өлкөнү тышкы дүйнөгө ачууга умтулууда. Ошол эле маалда анын оппоненттери Мирзиёевдин көп тармакта реформа жасай албаганын айтып келишет.