Бир кылым мурдагы Борбор Азия: сырдуу аймакка саякат

Париждеги музейде француз изилдөөчүлөрүнүн 1906-1908-жылдардагы Орусия жана Борбор Азиядагы саякатында тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү өттү.

Француз изилдөөчүсү Поль Пеллио 1906-жылы Орусияга жана Борбор Азияга көп жылдык экспедицияга чыкканда жолго дыкат даярдык көргөн. Кызыгы, мылтык, эт консервалары жана чатырдан тышкары 25 бөтөлкө Coste-Folcher шампанын жана 30 килограмм коньякты да куржунуна салып алган.

Поль Пеллио (1878–1945)

Француз экспедициясы Батыштын башка саякатчылары мурда басып өткөн багыттар боюнча Түркстанга барууга ниеттенген. Алар бул аймакты изилдөө үчүн жөнөп, дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү байыркы мамлекеттердин жана маданияттардын баа жеткис экспонаттарын Европага алып кетүүнү көздөгөн.

Фотограф Чарльз Нуеттин саякат учурунда тарткан ажайып сүрөттөрүндө чагылдырылган Пеллиоттун миссиясы уникалдуу болгон. Сүрөттөрдүн саны 1500дөн ашат.

Жакында эле Париждеги Чыгыш искусствосунун улуттук музейиндеги (Museum Guimet) көргөзмөгө коюлду.

Төмөндө бул саякаттын эң уникалдуу фотосүрөттөрү тиркелди. Алар Борбор Азия жана Орусия империясындагы доордук өзгөрүүлөрүн көрсөтөт.

Москвадагы бекетте жүргүнчү күткөн арабакечтер

Петербургдагы императордук өкмөттүн уруксаты менен 1906-жылы июлда Москвадан Самаркандга (азыркы Өзбекстан) француз экспедициясы жөнөгөн.

Манчжуриядан кайтып келген орус аскерлери. 1906-жыл, июнь.

Ошол убакта Орусия империясы 1905-жылдагы революциядан жана Жапония менен болгон согуштан кийинки саясий толкундоолорду баштан кечирип жаткан.

Ташкентте жергиликтүүлөр сууга түшүп жатышат. Француз экспедициясынын эки мүчөсү (оң жактагы шляпачан экөө) тургундарды карап отурушат.

Тонналаган жабдуулар жана материалдары бажыдан өткөнчө француз саякатчылары Өзбекстанды дээрлик бир ай изилдеп, андан ары чыгышты көздөй, азыркы Кыргызстандын аймагына сапар тарткан.

Самарканддын тарыхый борбору - Регистан аянты. Аянтта соодагерлер күркөлөрү менен турушат. Коргондун астындагы имарат - Шердор медресеси

Пеллио Борбор Азияны "Борбордук Африкадан кем эмес сырдуу аймак" деп мүнөздөгөн.

Экспедиция азыркы Өзбекстандын аймагына жеткенден кийин тартылган сүрөт. Астындагы "Карыган келесоо, Ташкент" деген жазуу саякатчылардын айрым жергиликтүү тургундарга аксым мамиле кылганынан кабар берет.

Ташкенттик кишинин портрети, аталышы - "Ала оорулуулар".

Пеллио бир канча тилди билгендиги үчүн экспедициянын жетекчиси болуп тандалган. Ал англис, орус, түрк жана кытай тилдерин билген.

Шердор медресесинин үстүнөн Самарканддын борбордук чөлкөмүнө караганда.

Пеллионун жетекчилиги астында экспедицияны бекитүү үчүн Париж менен Санкт-Петербург сүйлөшүүлөрдү жогорку деңгээлде өткөрүштү.

Экспедиция Оштогу лагерде жергиликтүү мансап ээлери менен жолугушту.

Орусиянын көзөмөлүндөгү аймакка кирүү үчүн, орус бийлиги Пеллиодон (оңдо отурган) Кытайдын карамагындагы аймактардан чалгындоо маалыматын чогултуу үчүн тыңчы катары ошол кезде орус армиясынын жаш полковниги Карл Густав Эмиль Маннергеймди (далысын салып отурган) ала кетүүнү талап кылган.

Самаркандда экспедицияны императорго кызмат кылган куралчан беш казак аскер коштоп жүргөн.

Пеллио император тарабынан берилген куралдуу күзөтчүлөрдүн болушун жактырган.

"Бул казак аскерлер ак ниети менен келишти", - деп жазган ал. Укмуш окуяларга кызыккан бирөө "экспедицияга кошулуу үчүн өз каражатын сарптаган" дептир.

Сулайман-Тоонун фонундагы Ош шаарындагы көчөлөрдүн бири.

Экспедиция алгачкы айларда эч кандай ийгиликке жетишкен эмес. Анткени изилдөөчүлөр эч кандай жаңы археологиялык ачылыштарды жасай элек болчу.

Пеллио кесиптешине мындай деп жазган: "Бул жерде өзгөчө ачылыштарды жасаган жокпуз. Бизге чейин эле көптөр келип кеткен: жапондор, немистер, орустар. Оңой табылып, оңой эле колго түшкөндүн баарын ээлеп коюшуптур".

Тою болуп жаткан колукту. Кыргызстандын тоолуу чөлкөмү.

Боз үйдүн жанында той болуп жатат.

Ошто ат такалап жаткан уста.

Азыркы Өзбекстан менен Кыргызстандын аймактарында бир нече ай болуп, экспедиция 1906-жылдын аягында Кытайга кеткен.

Экспедиция мүчөлөрү Кытайдын батыш тарабында, Кашкарда атчан баратышат.

Кытайдагы таш чиймелери. Жыныстык мүчөнүн сүрөтү менен чырым белги.

Экспедицияны Кытайда коштоп жүргөн казактардын бири Казак Ильязов (ортодо) күү чертип жатат.

Саякатчылар Кытайдагы үңкүр монастырында байыркы буддизм маданиятынын калдыктарын жана миңдеген кытай кол жазмаларын табышкан. Бул экспедициянын негизги ачылышы болду.

Будданын өмүр жолунан бир учурду чагылдырган рельеф. Бул жай Шинжаңда табылган.

Кайсы бир заманда бул айкелдер хан сарайга көрк берип турган.

Экспедиция Парижге алып келген табылгалар.

Экспедиция жалпысынан ийгиликтүү деп эсептелип, Пеллио Кытай жана Борбор Азия боюнча алдыңкы эксперттердин бири катары тааныла берди.

Экспедиция аяктагандан көп өтпөй фотограф Чарльз Нуэт 41 жашында кургак учуктан каза болгон.

Эймос ЧАППЛ