Гүлнара Каримованыкы делген видео
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бул видеотасма былтыр декабрь айында тартылып алган болушу мүмкүн. Себеби жыл сайын декабрда Гүлнара уулу Исламдын туулган күнүндө балдары менен гүл көтөрүп алып атасын куттуктаганы резиденцияга барчу. Жазында орусиялык НТВ телеканалына берген интервьюсунда анын уулу Ислам кышында таятасы менен көрүшкөнү барганда аларды кароол кызматы өткөрбөй коюшканын айтып берген болчу. Гүлнара Каримова кызы Иман менен ошондон кийин бир ай өтпөй үй камагына алынган. (BBC)