Өзбекстанда кайрадан бензин каатчылыгы

Өзбекстан -- Бензинге кезек күткөндөр, Ташкент.

Өзбекстанда күйүүчү май тартыштыгы май куюучу жайларда узун кезекти пайда кылып, айрым аймактарда бензиндин баасы үч доллардан да ашып кеткени айтылууда.
Өзбекстанда кайрадан күйүүчү май тартыш болуп жатканын “Азаттыктын” өзбек кызматына өлкөнүн чар тарабынан кардарлар билдиришти. Бул тартыштыкка эмне себеп?

Мунай менен газга бай Өзбекстанда акыркы бир нече аптадан бери айдоочулар бензин таппай убара. Күйүүчү май куйган көпчүлүк жайлар жабык, иштеп тургандарынын алдындагы узун кезек өлкөнүн бензинге муктаждыгын бийликтер канааттандырбай калганынын көрсөткүчүнө айлангандай көрүнөт.

Самарканддык тургундардын бири май куюучу жайлардагы абалды мындайча сүрөттөдү:

- Биз бир жолу бензин алып, азыр кайра келдик. Кезекте тургандар беш чакырымга чейин жетет. Самаркандда такыр бензин жок, абалды карагыла. Мен азыр заправкага чейин видеого тартам, өзүңөр көрөсүңөр. Калк бензинсиз азап чегип жатат. Жашоо ушундай. Бул жашоо эмей эле эптеп күн кечирмей болуп калды, - деди самарканддык айдоочу.

Бирок бул киши башкаларга караганда жолдуу экен. Жумурият боюнча көптөгөн май куйуучу жайларда “бензин жок” деген жазуулар илинип турат. Айрымдар майды жеке колдордон, көмүскө базардан алышат. Ал жактагы баа кардардын канчалык бензинге муктаждыгына жараша өзгөрө берет.

Кокон шаарындагы айдоочулардын бири “Азаттыктын” өзбек редакциясына сүйлөп, бир литр бензинди 8000 сумга (3, 60 доллар) алганын айтты. Салыштыра кетсек, Бишкекте азыр бензиндин литри 1 долларга да жетпейт.

Өзбекстанда негизи күз айларындагы бензин тартыштыгы акыркы үч жылдан бери кайталанууда. Эксперттер муну жалпы өлкөнүн энергосистемасындагы системалуу кризис менен түшүндүрүшөт.

Ташкендик саясий аналитик Сергей Ежков муну өлкөдө газ менен мунайдын талап кылынгандан аз өндүрүлүп жатышы, ал жумурияттын экспорту өз калкынын муктаждыгын жаппай жатканы менен байланыштырды:

- Негизи “Узбекнефтегаз” улам эле газ жана мунай өндүрүүнүн көлөмүн кыскартып келатканы белгилүү. Бул жалпы эле “Узбекнефтегаз” компаниясы олуттуу реформага муктаж экенинин белгиси деп ойлойм.

Өзбекстанда газ менен мунайды өндүрүү кыскарганын аналитиктер Ташкендин СССР маалында курулган заводдорунун эскилиги жетип, технология жаңыртылбаганы менен байланыштырышат.

British Petroleum ишканасынын быйылкы жыл боюнча глобалдык изилдөөсүнө караганда, Өзбекстандын мунай өндүрүшү былтыр 12% кыскарган. Бул өлкөнүн ички керектөөсүн камсыз кылууга жетпейт.

Мунайдын аз өндүрүлүшүнүн кесепети өзгөчө Фергана менен Бухарадагы аны кайра иштетүүчү заводдоруна тийип жатат. UzGazOil ишканасынын “Азаттыктан” ысмын атабоону өтүнгөн өкүлү жогорудагы эки завод араң эле иштеп турганын билдирди.

Ал арада, Ферганадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун өкүлү бизге “бензин такыр эле чыгарылбай жатканын” тастыктады.

Эми кантип муктаждыкты жабыш керек деген суроодо эксперттер эки башка жолду айтышат: өлкө коңшулаш мамлекеттерден сатып алышы керек же энергосекторунда мамлекеттик монополияны жоюп, аны жеке менчик колдорго өткөрүүсү зарыл. Бирок бизге сүйлөгөн эксперттер азырынча өзбек өкмөтү эки жолду тең тандагысы жок дешет.

Өзбекстандын бийлиги өтө кирешелүү бул тармакты жеке колго өткөрүү бери турсун, мамлекеттин менчигинде деле президент Ислам Каримовдун гана эң жакын тобунун таасиринен чыгарууну каалабайт.