Британиядагы Падышалык коллеждин окумуштуулары атайын аппараттын жардамы менен жаштардын менталдык же психикалык абалына байкоо салышкан.
Бул үчүн алар эки баскычтан турган изилдөө жүргүзүшкөн. Биринчисине 16дан 18 жашка чейинки 650дөй бала катышкан. Анын жыйынтыгына ылайык, смартфонго көз каранды болуу ар бир бешинчи өспүрүмдө аныкталган. Иликтөөчүлөр катышуучулар канча убакыт смартфондо өткөрө турганын аныкташкан. Маселен, смартфонго көз каранды өспүрүмдөр ТикТокто 22 мүнөт көбүрөөк өткөрө турганы байкалган.
“Смартфонго көз каранды болуу - бул аны колдонуу убактысын көзөмөлдөн чыгаруу, аппараттын жашоодо үстөмдүк кылуусу, уктоо же маанилүү иштерди аткаруу ордуна смартфондо убакыт өткөрүү. Ошондой эле алар смартфону жанында болбосо же аны карап турбаса өзүн ыңгайсыз сезет. Мунун баарын билип турушса да смартфонду колдонбой тура алышпайт”, - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, Лондондогу Падышалык коллеждин психиатрия боюнча улук окутуучусу, доктор Никола Калк.
Экинчи иликтөөдө окумуштуулар балдардын смартфондо канча убакыт өткөрө турганын аныктоого аракет кылган.
Никола Калктын пикиринде экранга керелден кечке тигилгендер уйкусуздуктан азап чегишет.
“Смартфонго көз каранды балдардын ою эки эсе уйгу-туйгу болуп, үч эсе көбүрөөк депрессиядан жабыркашары аныкталган. Бул экранда канча убакыт өткөргөнүнө байланыштуу эмес. Ал эми смартфонду көбүрөөк тиктегендер уйкусуздуктан жапа чегишери белгилүү болду. Эгер телефондо көп убакыт өткөрсөңөр, түнү жакшы уктай албай калышыңар мүмкүн. Бирок анын депрессия менен санааркоого тиешеси жок”.
Ошентсе да эки изилдөөнүн тең катышуучулары бул чыныгы көйгөй экенин түшүнөт. Алар буга чейин да смартфондорду колдонуу убактысын кыскартууга аракет кылып көрүшкөн. Маселен, айрымдары “тынчымды алба” режимин күйгүзүү натыйжа берерин айтышса, башкалары билдирүүлөрдү өчүрүү же смартфонду уктоочу бөлмөдөн алыс кармоого аракет кылган.
Иликтөөнүн авторлорунун дагы бири, философия илиминин доктору Никола Калктын айтымында, бул маселе ата-энелер жана балдардын же аларга көзөмөл кылган адамдардын ортосунда ачык талкууланышы зарыл.
“Смартфондордун пайдасын жана зыянын көрсөткөн бул жыйынтыктар ачык талкууланат деген ишеничтемин”, - дейт ал.
"Санаага баткан муундун" айланасындагы талаш
Буга чейин социалдык психолог Жонатан Хайдт “Санаага баткан муун” аттуу китебинде смарфтондор жана социалдык түйүндөр дүйнө жүзү боюнча өспүрүмдөрдү “азап толкунуна” дуушар кылды деген ишеничте.
Бестселлерде белгиленгендей, смартфондорго жана социалдык түйүндөргө көз каранды болгондон улам балдар таза абада ойнобой, дос-курбулары менен убакыт өткөрбөй, алтургай жакшы да уктай албайт.
Ал эми санарип дүйнө алардын көңүлүн алагды кылып, өзүн өзү баалоосун төмөндөтөт.
Хайдттын сөзүнө караганда, смартфондордон улам өспүрүмдөр арасында тынчсыздануу, депрессия жана өзүнө-өзү кол салуу көбөйгөн. Автордун аргументи көп ата-энелерге жагып, “Санаага баткан муун” New York Times басылмасынын бестселлерлер тизмесинин сап башына чыккан. Анткен менен анын китебин сындагандар да көп чыккан. Бир катар белгилүү психологдор Хайдты моралдык дүрбөлөңдү козутканы үчүн айыпташкан.
Алардын эсебинде “смартфондорду же социалдык түйүндөрдү колдонуу балдардын мээсине доо кетирип же психикалык оорулардын эпидемиясын жаратат деген эч кандай далил жок”.
Психологдор Хайдтын смартфондорго жана социалдык түйүндөргө каршылыгы фактыларга эмес, адамзаттын жаңы технологияларга каршы тынчсыздануусуна негизделгенин жүйө келтиришет.
Бул тема бир катар талаш-тартыштарды жаратып келген. Мындан улам Британиянын падышалык коллежинин окумуштуулары жүргүзгөндөй иликтөө жетишпей жаткан.