Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайды. Буга глобалдык жылуулуктун эпкини тийүүдө дейт изилдөөчүлөр.
Мындай шартта илимпоздордун келечекке жасаган божомолдору көңүл жубатарлык эмес. Алар 2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен жок болуп, муз катмарынын аянты 50 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн деген божомолун айтууда. "Азаттык" география илимдеринин кандидаты, гляциолог (мөңгү изилдөөчү) Рыскул Усубалиевди кепке тартты.
- Рыскул мырза, Кыргызстан Борбор Азиядагы мөңгү жана суу запасы боюнча алдыңкы өлкө эмеспи. Жакында эле мөңгүлөрдүн жаңы каталогу кайра жаңыланган экен. Соңку абал кандай экен?
- Биздеги мөңгүлөр Кыргызстандын жалпы аянтынын 4% түзөт. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мөңгүлөрдүн 45% Кыргызстанга туура келет. Эгерде санын айтсак, бүгүнкү күндө 9 959 мөңгү бар. Алардын жалпы аянты 6 683 чарчы чакырымга жетет. Мөңгүлөрдүн көпчүлүгү Ысык-Көл жана Нарын облусунда жайгашкан. Ири муз катмарлары дагы ушул аймактарда. Мындан тышкары Алай тоо кыркасында да мөңгүлөр көп. Бул мөңгүлөрдүн Кыргызстандын сууларындагы үлүшү жай мезгилинде 50-70% чейин жетет. Бул сандар Кыргызстандагы муз катмарларынын Борбор Азиядагы ролунан даана кабар берет.
- Соңку жылдардагы глобалдык жылуулуктан улам дүйнө жүзүндө мөңгүлөр эрип, кээ бир жерлерде такыр эле жок болуп кеткенин билебиз. Абанын табынын көтөрүлүшү Кыргызстандагы мөңгүлөргө кандай таасир этүүдө?
- 1970-жылдары мөңгүлөрдүн каталогу түзүлүп, ага 1940-70-жылдардагы изилдөөлөр камтылган. Андагы маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпы аянты 8076 чарчы чакырымды түзгөн 8208 мөңгү бар экени катталган. Биз 2013-2015-жылдары ошол каталогду жаңыртып, андан ортодогу айырманы аныктадык. 1950-жылдан бери Кыргызстандагы мөңгүлөр 16% чейин кыскарып кетти. Мисалы, соңку 70 жылдын ичинде Ысык-Көлдөгү Батыш Сөөк мөңгүсүнүн аянты 0,7 чарчы чакырымга, Түштүк Борду бир чарчы чакырымга азайды.
Мындан тышкары Улуттук Илимдер Академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борбору изилдеген Кара-Баткак мөңгүсү 1946-жылдан бери 0,7 чарчы чакырымга азайып, этеги 700 метрге тартылып кетти. Талас облусундагы мөңгүлөр өзгөчө тездик менен эрип, аянты 50% чейин кыскара түштү. Ушундай эле көрүнүш Жалал-Абадда дагы байкалат. Бир гана Ысык-Көл менен Нарындагы мөңгүлөр жай эрип жатат. Анткени ал жердеги муз катмарлары деңиз деңгээлинен бийик жайгашкан.
- Сиз соңку 70 жылдагы кубулушту айтып өттүңүз, келечекте мөңгү системасы кандай өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн?
- Ушул тенденция сакталып кала турган болсо, анда алдыдагы 50-100 жыл ичинде көпчүлүк тоо кыркаларындагы мөңгүлөр кескин түрдө азаят. Кээ бир майда мөңгүлөр жок болуп кетиши толук ыктымал. Бул көрүнүш суунун тартыштыгына алып келет. Анын үстүнө бизде айдоо аянттары жылдан жылга көбөйүп жатат. Суунун тартыштыгы ички жана сырткы жаңжалдардын чыгышына түрткү болот. Кыргызстандын облус, райондоруна суу жетишпей калат. Жада калса, бир айыл өкмөтүндө суу талаш, пикир келишпестиктер азыр эле бар.
Мындан тышкары бизден суу ичкен кошуна мамлекеттер менен жаңжал чыгышы да мүмкүн. Жакында эле суудан улам Баткенде чек аралаш жерде чыр-чатак чыгып, эки мамлекетте тең адам өмүрү кыйылган жоготууларга жеткирди. Мөңгүлөрдүн эрип, агын суулардын азайышы күтүлгөн процесс. Биз ага алдын ала даяр болуп, маселени чечишибиз керек. Антпесе бир нече мамлекеттин ортосунда конфликтер чыгышы мүмкүн. Бул регион үчүн абдан коркунучтуу маселе.
- Технологиянын заманында мөңгүнүн эрип жатышын токтотуунун бир аргасы табылабы?
- Мөңгүлөрдүн эрип жатышына тоскоол болуунун бир эле жолу бар. Дүйнө дуушар болгон глобалдык жылуулукту азайтуу керек. Бул Кыргызстандын, же бир нече мамлекеттин колунан келе турган иш эмес. Буга жалпы дүйнөлүк аракет керек. Эң биринчиден, зыяндуу заттарды абагы чыгарууну токтотуп, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүшүбүз абзел. Мындай аракеттер өз жыйынтыгын бербей койбойт. Анын жыйынтыгы мөңгүлөргө жана жалпы эле экосистемага позитивдүү таасирин тийгизет.
Ал эми Кыргызстан сыяктуу тоолуу мамлекеттер мөңгүлөргө өзгөчө көңүл бурбасак болбойт. Анткени мөңгү дагы табигый байлык. Аларды биз сарамжалдуу пайдаланып, өз колубуз менен талкалабай, аярлап сакташыбыз зарыл. Ошондой эле, мөңгү системасын изилдегенге, мониторинг жасаганга каражатты аябай, жаш адистерди даярдоо бүгүнкү күндүн талабы. Биздин колубузда өзүбүздүн мөңгүлөр жөнүндө толук жана так маалыматыбыз болсо гана келечек үчүн мамлекеттик стратегияны түзүп, пландай алат.
- Сиз тизмектеген иштерге Кыргызстандагы мамиле кандай?
- Эң негизгиси илимий мекемелер сакталып калган. Мамлекет колунан келгенин кылып жатат десек болот. Бирок бул өтө жетишсиз. Институттарды түзүп эле токтоп калбаш керек. Илимий мекемелер ар дайым финансылык колдоого муктаж. Гляциология, гидрология, метеорология сыяктуу табигый илимдер терең билимди, жогорку адискөйлүктү жана кажыбас кайратты талап кылат.