Доор ураганда: СССР кулаганына 20 жыл

1991-жылдын 26-декабрында Советтер Союзу расмий түрдө жоюлган. Эркин Европа/Азаттык радиосу “кызыл империянын” кыйрашынын 20 жылдыгына арналган атайын долбоорун сунуштайт.

1991-жылдын 8-декабрында Орусия, Украина жана Беларустун лидерлери Борис Ельцин, Леонид Кравчук жана Станислав Шушкевич үч тараптуу келишимге кол коюп, СССРди ыдыратууга жол ачышкан. Ошол жылы дүйнөлүк картада пайда болгон 15 жаңы эгемен өлкө андан бери саясий-экономикалык жактан, адам укуктары, сөз эркиндиги жаатында кандай ийгиликтерге жетишти? Бул тууралуу маалыматты жана Советтер Биримдигинин алгачкы жана акыркы президенти Михаил Горбачев, Чехиянын экс-президенти Вацлав Гавел жана башка көрүнүктүү коомдук ишмерлер, ал кездеги тарыхый окуяларга күбө болгон адамдардын эскерүүлөрүн биздин мултимедиалык долбоордон таба аласыз.

СССРдин кыйрашынын 20 жылдыгына арналган долбоордо Эркин Европа/Азаттык үналгысынын кабарчылары да ал күндөрү баштан кечирген окуялары менен бөлүшөт.

Бул тарыхый мааракеге арналган атайын радиоберүүлөрдү “Азаттык” үналгысы ар бейшембинин кечинде жана жума күнкү таңкы обосунда угууга чакырат.

Эски доорду эскерген долбоорду бул жердеги шилтемеден табасыз.