1938: Жусуп Кангелди уулу: Эстутумга кайтарылган бабабыз

Жусуп Кангелди уулу (Кангелдиев; 1900–1938).

Сталиндик жазалоолор маалында жазыксыз жерден өмүрү кыйылган Жусуп Кангелди уулу (Кангелдиев; 1900–1938) тууралуу тарыхчы Гүлзада Абдалиеванын блогу.

АЛГЫ СӨЗ

XX кылымдын башында сталиндик тоталитаризмдин катаал капшабына кабылып, коммунисттик бийликтердин бардык жакшы-жаман таасирин башынан кечирген инсандардын тагдыры кыргыз элинин жазмыштуу тарых барактарынын бөлүгү болуп калышкан. Арийне, тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, жүрүмдөрдү изилдөө жана аңдап түшүнүү аркылуу алардын элеси унуткарылуудан чыгарылып, түбөлүккө эстутумда калтырылууда.

Совет доорундагы саясий ишмердүүлүгү жана басып өткөн жолу өзгөчө сөз кылууга арзыган инсандардын бири –– Жусуп Кангелдив туралуу анын уулу Эрнест Юсуповичтин автобиографиялык эскерүүлөрү бул макаланы жазууда негизи булак катары колдонулду.

УРПАКТЫН ЭСКЕРҮҮСҮ

2017-жылы «Полис Азия» аналитикалык борбору «Өз тарыхыӊды кайрадан карап чыгуу. Эсимде» долбоорун ишке ашырууга киришкен. Бул долбоорго катышкан авторлордун бири болдум. Ошондо менин электрондук дарегиме сталиндик репрессия курмандыктарынын бири –– Жусуп Кангелдиев (анын ысымы даректерде Кангельдиев Усубакун, Кангельдинов Юсуп-Юсуф-Юсуб, Кангельдиев Усубакун, Кангельдиев Жусуп деген ар кыл түрлөрдө учурайт) деген бабабыздын Орусияда байырлап калган уулу, Москва шаарынын тургуну Эрнест Юсуповичтин Егошкин мырзанын өз атасы жөнүндө жазылган эссеси менен таанышууга мүмкүнчүлүк алдым.

Жусуптун баласы Эрнест Юсупович өз таятасынын тегатын алып, Егошкин болуп калган.

Эми Эрнест Егошкиндин эскерүүсүнө кайрылалы:

Чоӊ атам Кангелди (орусча ал Кангельди деп берет. – Г.А.) Ысык-Көлдөгү кадырлуу адамдардын бири болгон. Кангелди 1916-жылдагы Орусия империясына каршы көтөрүлүштүн жигердүү катышуучусу болгон. Кангелдинин баласы Жусуп Кашат айылында (Темировкада) 1900-жылы туулган.

Атам Ташкент шаарына окууга жиберилген. Түркстандагы саясий оор мезгилде Ташкент шаарында окуп, саясий көз карашы калыптана баштаган. Кыргыз жерине келип, совет бийлигин орнотууга өз салымын кошо баштаган. Каракол үйөздүк кантонунун төрагасы болуп шайланган, о.э үйөздүн ГПУ бөлүмүндө начальниктин милдетин аткаруучу, үйөздүн юстиция башкармасын жетектеген жана чек ара отрядынын командири кызматтарын аркалаган.

Ысык-Көлдө совет бийлигин орнотуу үчүн активдүү иш аракетин жүргүзгөн. Басмачыларга каршы күрөштө көрсөткөн каармандыгы үчүн «Юсупга – эрдиги үчүн» деп чегилип жазылган күмүш каңылтыр менен капталган жеке пистолет жана кылыч менен сыйланган».

(Булак: Эрнест Юсупович Егошкин. “Мезгил жана адамзат” эскерүүсү: Егошкин Э.Ю. Времена и люди – субъективный взгляд: История жизни представителей пяти поколений двух семей. –– М., 2012. –– С.5).

ЗИНАИДА АПА

Жусуп Кангелдиевдин өмүрлүк жубайы –– Зинаида Федоровна Егошкина. Ал 1907-жылы падышалык Орусиянын Пенза губерниясында Самодуровка кыштагында туулган. Зинаида Федоровнанын ата-энеси 1910-жылдары Кыргызстандын Жыргалаң өзөнүнүн оӊ жагындагы Отрадное кыштагына келип, отуракташат.

Бала кезинде Зинаида Отрадное кыштагында чиркөө мектебинен билим алып, 1924-жылы окуу жайга (училище) тапшырып, педагогдук билим алып чыгат. Алгач Ысык-Көлдөгү Григорьевкада, андан соӊ Челпекте мугалим болуп иштеп жүргөн мезгилинде Жусуп менен таанышып, алар акыры баш кошот.

Жусуп Кангелди уулу жубайы Зинаида Федоровна Егошкина менен.

КАЗЫБЕК КАЗАЛЧЫ ЖАНА ЖУСУП

Айтылуу Казыбек казалчы Мамбетимин уулу жана Акчубак көтөрүлүшү боюнча иликтөө материалдарын топтоп жүрүп, анын казалдарынан Кангелди уулу Жусупту ары акылман, билимдүү инсан катары сыпаттап жазган саптарын окуп, бул сырдуу инсан мени таӊ калтырды. Казыбек менен Жусуп Кангелдиевдин тагдырлары турмуштагы кандай жагдайдын негизинде бир жолдо кесилишти? деген суроо да туулбай койбойт.

Албетте, совет мамлекетинин сталиндик коллективдештирүү саясатынын негизинде инсанды кулакка тартуу, үй-мүлкүн тартып алуу жүрүмү көпчүлүк учурда – мындай инсандарды жок кылуу түшүнүгү менен байланышкан.

1929-жылдын 5-февралында “Советская Киргизия” гезитине Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин жана Элдик Комиссарлар Кеңешинин токтому басылып чыккан. Анда “советтик түзүлүшкө каршы турган бай-манаптардын карапайым калкка болгон таасирин жоготуу” максатында, Кыргыз АССРиндеги Нарын, Каракол, Талас кантонунда жана Ош округунда байырлаган ири бай-манаптарды кулакка тартып, алыскы аймактарга сүргүнгө айдоо маселеси каралган (Булак: КР Борбордук Мамлекеттик Архиви (кыскача: БМА). – ф.21. Оп.4. Д.16. – 19б.).

Аталган токтомдун негизинде Кыргызстандын аймагынан 44 бай-манаптын үй-бүлө мүчөлөрү менен 319 адам башка аймактарга айдалат. Алардын арасында Кангелдинин үй-бүлөсү да болгон. Казыбек казалчынын «Айдалган 44 манап жөнүндө» аттуу чыгармасында:

“Ичинде жүрөт бир бала

Илбериӊки баарыдан,

Кангелдинин Жусуп дейт,

Карылар айтат түзүк – дейт,

Тобокелчил эр экен,

Топко тийчү неме экен.

Кадырлашкан тууганга

Карааны катуу бел экен.

Кайгырып эч бир кейибейт,

Кандай да болсо – мейли дейт

Аман жүрсө бечера

Азаматтын бири экен”, – деген ыр саптары кездешет.

(Булак: Казыбек / түз. С.Мусаев. – Б., 2007. –– Б. 69.).

Казыбек казалчы жазгандай, Жусуп (Усубакун) Кангелди уулу Оренбургда жүргөндө бир нече ирет арыз менен Москвага чейин кайрылышкан. Ал арыздарды Жусуп (Усубакун) Кангелди уулу манаптарга жазып бергендигин Казыбек казалчы өз ырларында тастыктайт:

“Кат-калеми колунда,

Кайраты бары боюнда,

Кадырлап кызмат кылгандай

Карыптардын жолунда”.

(Булак: Казыбек / түз. С.Мусаев. – Б., 2007. – Б. 65.).

Чындыгында эле, КР Борбордук мамлекеттик архивиндеги 21-фондунун №4 каттоосунун (опись) № 16 ишинде 1929-жылдары манаптардын атынан жазылган арыздардын топтому сакталган.

Аталган фонддо Каракол кантонунун Темировка айылынан айдалган, Оренбург шаарынын Ленин көчөсүнүн № 107 үйүнүн жашоочусу Юсуп Каньгелдиновдун СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Михаил Иванович Калининге 1929-жылы 17-июнда жазылган өтүнүчү сакталып турат (Булак: КР БМА. – ф.21. – Оп.4. – Д.16. – 1-5б.).

Ал арызында Жусуп Кангелди уулу өзүнүн жазыксыз Оренбурга айдалганын жана 1918––1924-жылдардын аралыгында совет бийлигин орнотууда ар кандай кызматтарды өтөгөндүгүн жазып, 1924––1925-жылдары Ташкент шаарында Орто Азия элдерин өз алдынча мамлекеттерге бөлүү боюнча Улуттук комиссияда иш аркалагандыгын белгилейт. Демек, Жусуп Кангелди уулун (Каньгелдиновду) 1924-жылдагы Кара-Кыргыз автоном облусун түптөөчүлөрдүн катарына кошсок да, жаӊылышпасак керек деп ойлойм.

Андан башка аталган арыздардын ичинде Исабеков Байгазы, Байгазиев Чериктин, Ибрагим Токтогулов, Касымкул Токтогулович Канаев жана 30 манаптын, ошондой эле, жалпы 189 адамдын чогуу кол койгон (коллективдүү) арыздары кездешет. (Булак: КР БМА, ф.21; оп.4; Д.16, 25-59; ар кыл иш кагаздар).

Бул аталган арыздардын тексттерин орусча мыкты билген Жусуп Кангелдиев жазып бериши да ыктымал экендигин белгилеп кетмекчибиз. Анткени, жогоруда белгилегендей, каарманыбыз өз мезгилинин билимдүү инсандарынын бири болгон.

КАГАЗДАГЫ СТПнын АЗАБЫ

Архив кагаздарынан Жусуп Кангелдиев боюнча бир аз маалымат алган соң, анын кийинки тагдыры мени андан ары кызыктырбай койгон жок. Ошентип, Жусуп Кангелдиевдин саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтарды Ысык-Көл мамлекеттик архивинен издедим. Мындагы “Саясий репрессиянын курмандыктары” аттуу архивдик фонддун № 964 номурунда НКВДнын өкүлүнүн Жусуп Кангелди уулуна түзгөн карточкасы сакталган.

Бул карточкада Жусуп Кангелдиевге (Кангелди уулуна) тиешелүү документтердин, анын жасаган баяндамаларынын, токтомдордун көчүрмөсүнүн топтомдору жыйналган материалдар менен таанышкандыгымда (Булак: Ысык-Көл облусттук мамлекеттик архиви. – ф. 53. – Оп.2. – Д.4. – Лл. 56, 62, 106.), балким, Жусуп Кангелди уулу Оренбургдагы сүргүндөн Кыргызстанга аман-эсен кайтып келгенби, же жокпу? деген суроо туулду.

Анткени 1929-жылы Оренбургга айдалгандан тартып, андагы архив маалыматтарында Жусуп Кангелдиевге байланышкан документтерди жолуктура албадым.

Ошентип, Эрнест Юсуповичтин эскерүүлөрүнөн гана Жусуп Кангелдиевдин кийинки тагдыры белгилүү болду. Ал Оренбург шаарында жүргөндө Өзбек ССРинин Агартуу эл комиссариатынын бир кызматкери менен таанышып калып, андан соң Каракалпак АССРиндеги Төрткүл (Турткуль) шаарына чакырылат. Ал сунушту кабыл алып, үй-бүлөсү менен көчүп келип, Элдик агартуу комитетинин аппаратында иштеп калат.

Көп убакыт өтпөстөн, ал аталган комитеттин орун басары кызматына дайындалган. Жусуп Кангелди уулунун эмгеги бааланып, ал Каракалпак АССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты да болуп шайланган (№ 110 депутаттык мандаты бар). Тилекке каршы, бактылуу күндөр көпкө созулбастан, сталиндик жазалоолор күчөгөн маалда Жусуп Кангелди уулу кайрадан камакка алынат.

Жусуп Кангелдиевди Жусуп Абдырахманов жана Абдыкадыр Орозбеков башында турган «Социал-Туран партиясынын» курамында болгон жана Кеңеш бийлине каршы иш-аракет жүргүзгөн, деген жалаага негизденип айыпташкан. Расмий Маскөө Каракалпакстандагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн Жусуп Кангелдиевди камакка алуу тууралуу буйрукту жолдогон.

1938-жылы 14-январда кабыл алынган Жусуп Кангелдиевди камоо тууралуу токтомдо ага «СССРдин аймагында англиялык тыңчы катары үгүттү жана диверсиялык иш-аракеттерин жүргүзгөн», – деген эч далилсиз айып тагылган.

Ал эми 1938-жылы 17-январда Жусуп Кангелди уулунун камакка алынгандыгы тууралуу Маскөөгө маалымдама жиберилген (Булак: Егошкин Э.Ю. Времена и люди – субъективный взгляд: История жизни представителей пяти поколений двух семей. –– М., 2012. –– С. 5.).

Балким, Жусуп Кангелдиевдин Оренбург шаарындагы сүргүндөн убактылуу кайтуусуна жана андан кийин кайра камалышына анын СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы (сөз жүзүндө – мамлекеттин президенти) Михаил Иванович Калининге жазган өтүнүчү себепкер болгонбу? деген суроо туулбай койбойт.

Анткени бул арызында Жусуп Кангелдиев Кеңеш бийлигин орнотууда өзүнүн жеке салымдары жаатында Жусуп.Абдырахманов менен Иманалы Айдарбековдор тастыктап бере алышат, деп жазылган (Булак: КР БМА. – ф.21. – Оп.4. – Д.16. – 29б). Демек, өз колу менен мурдараак жазган арызы анын тагдырына балта чабылышына бирден-бир себепкер болушу ажеп эмес.

ҮЙ-БҮЛӨНҮН МҮШКҮЛҮ

Атасы камакка алынган, мезгилде 10 жашта болгон Эрнесттин эскерүүсүнө кайрылсак:

«1938-жылдын 14-январында эртеӊ менен ызы-чуудан ойгонуп кеттим. Биздин батирибиз астын-үстү болуп, жууркандын баары аӊтарылып, китептер, дептерлердин баары жерде чачылып жатыптыр. Ал эми апам болсо ыйлап жатты. НКВДнын кызматкерлери күбө болууга чакырып келген кошуналар апамды сооротуунун аракетин жасап жатышты. Атамдын сыйлыкка алган жеке куралдарын да НКВД өкүлдөрү алып кетишти. Атам камакка алынгандан кийин бизди жашап жаткан үйүбүздөн кууп чыгып, коммуналдык батирге жайгаштырышты. Ал эми эртеси мен олтурган партада «Эл душманынын баласы» деген жазуу пайда болду.

Апам Зинаида Федоровна атамдын камалышын чоӊ жаӊылыштык катары эсептеп, атама түрмөгө барып жүрдүк. Эки-үч айдан кийин “экинчи келбегиле, атаӊар Фрунзеге айдалып кетти” – деп жооп беришти». (Булак: Егошкин Э.Ю. Времена и люди...).

Айтмакчы, 1938––1939-жылдардын кыш айларында достору Зинаида Федоровнаны да чекисттер камакка алышы мүмкүн экендигин тымызын эскертишип, ага тезирээк из жашыр деп кеңеш беришет.

1939-жылы Зинаида Федоровна Башкыр АССРиндеги "Юматово" санаториясына билет алып, андан ары Кыргызстанга –– Ысык-Көлдөгү Отрадное кыштагына көчүп келишет.

Ошентип, «эл душманын жубайы» катары Зинаида Федоровна жана “эл душманын баласы” жарлыгы тагылган Эрнест канчалаган азап-тозокту башынан кечиришет.

Сталиндик жазалоочулардын мекемеси – НКВДнын узун укуругу алыскы Отрадное кыштагына да жеткен. Зинаида Федоровнаны эчен жолу РайОНОго чакырышып, «эл душманынын жубайына» мындан ары «келечектеги коммунизмди куруучу балдарыбызды тарбиялоого ишенич артпайбыз” деп, аны мектептеги жумуштан да чыгарылган.

Кийин Зинаида Федоровна Пржевальск (азыркы Каракол) шаарында билим берүү тармагында эмгектенген. Балдарга жакшы таалим-тарбия бергенине карабастан, ал берилүүчү сыйлыктардан куру жалак калтырылган жана куугунтуктоо, опузадан кутулган эмес.

Ошондуктан мындай катаал шартта Эрнест өз тегатын (фамилиясын) өзгөртүүгө мажбур болуп, энесинин тегатын алууга аргасыз болот. Бирок, мындай айла-амалга да карабастан, ага ВЛКСМга мүчө болуу өзгөчө кыйынчылык туудурган.

Орто мектепти алтын медаль менен аяктап, Эрнест Маскөөгө барып, Чыгыш таануу институтунун түрк факультетине тапшырат, бирок Эрнесттин «эл душманынын баласы» экендиги мында да аныкталып, документтерин ага кайтарып беришет.

Жусуп Кангелди уулунун баласы Эрнест Маскөө шаарындагы С.Орджоникидзе атындагы Геологиялык институтка кабыл алынып, аны ийгиликтүү аяктайт. Бул адистикте ал үзүрлүү эмгектенген.

“Эл душманынын урпагы” жарлыгына кириптер болгон Эрнест Юсупович Егошкин сыяктуу оор тагдыр миллиондогон таланттуу жаштардын кендирин кескен. Алардын арасында улуу жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов жана анын бир туугандары, акын Сооронбай Жусуев, драматург Мар Байжиев, экономист Эркин Арабаев, ж.б. инсандар бар.

АРХИВДЕР АЧЫЛСА ЭКЕН

Жыйынтыктап айтканда, сталиндик жазалоолор маалында жазыксыз запкы чеккен айрым бир үй-бүлөгө тагылган жарлык, бул бүлөнүн мүчөлөрүнүн руханий-психологиялык жаракаты алардын кийинки турмуш жолунда да нечен тоскоолдуктарды жараткан. Жусуп Кангелди уулунун жана анын үй-бүлөсүнүн азаптуу тагдыры – тоталитардык бийликтин адамзатка каршы мүнөзүн айгинелейт.

Гүлзада Абдалиева. 08.5.2016.

Буюрса, жакынкы келечекте КГБнын архиви ачылып калса, өз доорунун кулуну Жусуп Кангелди уулунун басып өткөн жолу жана анын үзөңгүлөштөрүнүн, замандаштарынын жана урпактарынын тагдыры жөнүндө маалымат улам жаӊы иликтөөлөр аркылуу толукталмакчы.

Гүлзада Абдалиева,

тарыхчы, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.